Марат Алышпаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ТАСМА ТАЛААСЫНДА МЕНИ УШУЛ ДЕҢГЭЭЛГЕ ГЕННАДИЙ БАЗАРОВ ЖЕТКИРДИ»

Улуу адамдын жөнөкөйлүгү суктандырат. Мындай жөнөкөйлүктү Кыргыз Эл артисти, театрда 100дөн ашык, кинодо 30дан ашык ролдорду жараткан актёр Марат Алышпаевден да көрдүм. Эл артисти менен өлкөдөгү акыркы окуялардан тартып кыргыздын залкарлары, тарыхы, театрдын абалына чейин сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, агай? «Репетицияга баратам» деп калдыңыз. Кайсы спектаклге даярданып жатасыздар?

– Саламатчылык. Ушул жылы 25-октябрда Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы болот. Бул датага карата Султан Раевдин «Исхак Раззаков» чыгармасынын негизинде спектакль койгону жатабыз. Исхак Раззаковду билесиңер, 1945-1961-жылдары азыркыча айтканда кыргыздын президенти болгон. Ал кыргызга эбегейсиз зор эмгек өтөгөн. Бул инсанды кыргыз эли жакшы баалай алган жок. Мындай таза, эл үчүн күйгөн инсандар 100 жылда бир келет.

– Кепти улай азыр өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалга карата оюңуз кандай?

– Азыркы абалды мен байлар менен кедейлердин ортосундагы кагылышуу катары көрүп жатам. Бул эмне менен аяктайт, белгисиз. Менимче, убакыт келди, жаштарга орун бериш керек, жаштар иштешсин. Мен «эгемендикти алгандан бери эмнеге оңоло албай жатабыз?» деп көп ой жүгүрттүм. Тарыхты карадым. Чыңгыз хан кыргыздарды басып алганда кыргыздар улам көтөрүлүш чыгара бериптир. Ошондо Чыңгыз хан кыргыздын ак сөөк, илимдүү- билимдүүлөрүн кырган экен. Ошондо жалаң кул-култандын балдары калган. Кыргызда «теги жаман оңолбойт» деген сөз бар. Тектүү, акылдуу, күчтүү Манас өңдүүлөр өз элин, жерин коргоп жүрүп кырылып кеткен. Азыр бийликке келгендер элдин эмес, дүнүйөнүн кулу болуп жатышат. Канчага чейин ушундай болот? Кээде жакшы келечекти көрбөй өтүп кетемби деп ойлойм.

– Мурунку окуяларга салыштырмалуу бул ирет митингдерге маданият, шоу-бизнесте жүргөн жаштар да катышып, өз позицияларын билдиришти. Буга кандай карайсыз?

– Чыгармачыл адамдарды эл багып жатат. Азыр театрда иштеген жаш балдарга боорум ооруйт. 8 миң сом айлык алышат. Ал эмнесине жетет? Алар өнөрдү сүйгөнү үчүн иштеп жүрүшөт. Анан кор болгон жаштар унчукпай жата беришеби? Оюн айтышы керек, туура карайм.

Өнөр адамдарына мамлекет орден, сыйлык берет. Бирок иш жүзүндө өнөр адамдарын сыйлык бергенчелик сыйлашпайт. Үйү жок жүргөн адамга сыйлыктын эмне кереги бар? Казакстандын бизге окшогон артисттери ханга салам беришпейт. Аларды мамлекет улуттун сыймыгы катары баалап, көтөрөт. Директор болуп турганда «Түрксойдун» жыйналыштарына барып калдым. Бакуга барганыбызда Азербайжандын улуттук театрын көрүп алып, келгенден кийин депрессия болуп жүрдүм. 7 миллион еврого оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн экен. Залына кирип баскандан уяласың. Шарттары укмуш, айлыктарынын көптүгүнө таң каласың. Түркмөнстандан келген театрдын жетекчиси «түркмөнбашы бизге «чет жакка чыкканда уят болбой жүргүлө, кем болбогула» деп чөнтөгүбүзгө миң доллардан салып берет» деди. Казанга барып, ал жактагы театрды көрүп келип да көп убакыт депрессиядан чыга албай жүргөм. Кийин чет жакка баргым келбей калды. Барган сайын өзүңдү кем сезесиң.

– Буюрса, бизде да ошондой шарттар болуп калат деп ишенели. Азыр, билишимче, Кыргыз драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

– Ооба, мартта башталган. 20 миллион берилиптир. Азыр акча жетпей, кайра токтоп калды. Ага карабай иштеп жатабыз. Кыш келе жатат, театрдын ичи суук. Ошондуктан күн бир аз жылуу кезде Раззаковго арналган спектаклди бүтүрүп, аны камерага тарттырып, 25-октябрда онлайн көрсөтөлү деп жатабыз.

– Чыгармачылыгыңызга кайтсак. Роль тандайсызбы?

– Биз актёрлор дайыма режиссёрдон көз карандыбыз. Театрда иштегениме 48 жыл болду. Бул аралыкта театрда 100дөн ашык роль аткардым, көбүнчө башкы каармандарды ойнодум. Баары адамдын тилегинен. Тилек кылып жанталашсаң Кудай берет. Шекспирдин «Гамлетинде» Гамлетти, «Ричард III» чыгармасында Ричард III’нү, Гоголдун «Текшерүүчүсүндө» Хлестаковду жана башкаларды ойносом деп кыялданчумун. Иштесең болот экен, ошонун баарын ойнодум. Кинодо ичкичтин, жиндинин, сутенёрдун, президенттин, деги койчу, ар кандай образдарды жараттым. Жакында Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» тасмасы чыгат. Анда башкы каарман жазуучунун ролун аткардым. Айрым артисттер «ушул ролду аткарбай калдым» деп арман кылышат. Менде андай арман жок, Кудай мени бул тараптан кем кылган жок.

– Бул кесипти аркалоо үчүн талант жетиштүүбү?

– Талант жетиштүү. 4 класстык билим менен эле Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеевалардан кандай гана кыйын актёр-актрисалар чыккан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун да эч кандай актёрлук же режиссёрлук билими жок. Бирок тасмалары жакшы чыгып жатат. «Атанын керээзи» бир канча эл аралык фестивалдардан баш байге алды. Монреалда өткөн кинофестивалда А класстан Гран-при алган алгачкы кыргыз тасмасы болду.

– «Мени тасма талаасына Геннадий Базаров алып келген» деп жүрөсүз...

– Ооба, эң алгач Геннадий Базаров тарткан «Первый» деген тасмада жаш обкомдун 3-катчысынын ролун ойногом. Базаровдун көп тасмаларында башкы каармандын ролун аткардым. Геннадий Базаровго кезигип калганым үчүн тагдырыма ыраазымын. Мени тасма талаасында ушул деңгээлге жеткирген Базаров болду. Геннадий Садырович таза киши, интеллектуалдык деңгээли бийик, руханий дүйнөсү бай, адамгерчиликтүү, жөнөкөй адам. Мындай адамдар чанда жаралат. Азыр бир кино тартса жылдыз болуп кеткендер бар. Өкүнгөнүм – «Кыргызфильм» Геннадий Садыровичке арнап кино тартпаганы. Залкар режиссёрлордон жалгыз ушул киши калды. Болот Шамшиев каза болгондо «тирүүсүндө баалай албай калдык, кино тартпай калдык» дешти. Биздикилер жөн эле сүйлөй беришет. Өлгөндөн кийин ушунчалык макташат, көмгөндөн кийин унутуп коюшат. Көзү тирүүсүндө баркташыбыз керек.

– Агай, 70 жаштан аштыңыз. Өз жашыңыздан жаш көрүнөсүз, тыңсыз, өзүңүздү тыкан алып жүрөсүз. Бул үчүн атайын аракет кыласызбы?

– Адамдын руханий дүйнөсү таза болушу керек. Менин жан дүйнөмдө кызганыч, көрө албастык, ушак, интрига жашабайт. Ишим болсо, аны таза аткарсам, эл эмгегин жебесем, берген ролдун майын чыгарып жеткире ойносом, эл алдында жүзүм жарык болсо деп гана тилек кылам. Андан башка каалоом жок. Муну менен катар тамеки чеккен жокмун, аракка көп берилген жокмун, туура тамактанам, өзүмдү карайм.

– Сонун экен. Маегиңизге рахмат! Жашооңузда баары жакшы болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sara1993
2020-10-25 12:36:47
Залкарлардын залкары, агай эч качан оорубаныз!
0
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан