«АК ЖОЛ» БАСКАН КАРА ЖОЛ

Тарых барактарынан

Үч жыл мурун Жогорку Кеңештин 71 отургучун ээлеген “Ак жол” партиясынын депутаттары тууралуу кандай гана сөздөр айтылбады... Парламентте көпчүлүктү түзгөн “ак жолчулардын” бир уучу ишин билген жана өз тармагынын адиси деп аталса, айрымдары “кнопка баскыч” деген атка конушту. Ошол “Ак жол” партиясы кантип жаралган жана Кыргызстан үчүн кандай маселелерди чечти? Жооп издеп көрөлү.

“АЛГАНЫН” КЛОНУ
Кыргызстан башынан эки төңкөрүш өткөрүп, эки ажону тактан алып түштү. Экинчиси биринчисинин катасын оңдоонун ордуна дал ошол жолду улантып, саясий ишмердигине чоң кара чекит койду. Бир адамдын бийлигине толук баш ийген, кыңк дебеген күчтүү партия түзүү идеясын Аскар Акаевдин технологдору алып чыккан эле. Эске салсак, “Алга, Кыргызстан!” партиясынын депутаттары шайлоодо административдик басым менен утуп чыгып, бирок ЖКда иштөө мүмкүнчүлүгүнө жетпей арманда калышкан. Ал эми экс-президент Курманбек Бакиевдин “Ак жолу” байкалбай 3 жылдай депутаттык бийликтин доорун сүрүүгө жетишти.
“Алга!” да, “Ак жол” да, тез жана ка­­пысынан пайда болду. Экөөнүн тең автору маркум Медет Садыркулов экендиги эл арасында айтылып жү­рөт. 2007-жылы күзүндө ЖКнын 3-чакырылышы таркатылганда, 3 айдан кийин ал мезгилде аты-жыты жок бир партиянын утуп чыгары биздин элдин түшүнө да кирген эмес. Курманбек Бакиев “Американы ачам” деп кыйналган жок. Себеби Кыргызстандагы түрдүү тармактын аттуу-баштуу адамдарынан турган партияны түздү.
2007-жылдын 15-октябрь күнү “Ак жол” партиясынын курултайы болуп, курултай, болгону, жарым саатка созулду. 30 мүнөттүн ичинде делегаттар экс-президент Курманбек Бакиевди мыйзамды одоно бузганына карабастан (өлкө башчы партияга төрага болбошу керек эле), партиянын төрагасы кылып шайлашкан. Партия экс-президенттин кыргыз жубайынан төрөлгөн уулу Акжолдун атынан аталганы калың калкка 7-апрелден кийин белгилүү болду.

КАН МЕНЕН КЕТЕРИ БЕЛГИЛҮҮ БЕЛЕ?
“Ак жолдун” ушунчалык тездик менен уюшулганын анын эмблемасында кеткен катачылыктан да билсе болот. “Кызыл фондун алдындагы сызыктар ак жол болушу керек”,- деп курултайда экс-президент Курманбек Бакиев айткан. Себеби уюштуруучулар шашыла ак фонго кызыл жолдун сүрөтүн тартып чыгарып алышкан болчу. Сырдуу кубулуштарга ишенгендер “ушул жерде эле ээрден кыйшайып, кандуу жол болуп калды” дешкен. Балким, бекеринен “Ак жолдун” депутаттары аянттагы 80дей жигиттин төгүлгөн каны менен кетпеген чыгар...

“АК ЖОЛЧУЛАРДЫН” АБИЙИРИНДЕ КАЛЧУ МЫЙЗАМДАР
ЖКнын акыркы чакырылышындагы депутаттар кабыл алган мыйзамдардын дээрлик бардыгы “Ак жол” партиясынын абийиринде. Анткени алар көпчүлүктү түзүп, калган эки партиянын 19 депутаты чыркырай каршы чыккан күндө да, алардын добушу чечүүчү мааниге ээ эмес эле.
Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жана чек арадагы айрым тилкелер, анын ичинен айтылуу Каркыра жайлоосунун Казакстанга өткөрүлүп берилиши ушул партиянын депутаттарынын абийиринде кала берет. 2008-жылы 11-апрелде ЖК көпчүлүк добуш менен кыргыз-казак мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин долбоорун ратификациялаган. Ушул эле күнү Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Казакстанга “тартуу” кылган. Аны 59 депутат колдосо, 17си каршы добуш берген. Аскар Акаевдин командасы Кытайга кеткен Үзөңгү-Кууштун айынан кызматынан кол жууса, Бакиев да анын кейпин кийди. Эсибизге жара чыкпаса, пансионаттар чыркырап казактарга кеткенде, анын артынан коңшу өзбектердин ажосу Ислам акебиз дагы көл жээгиндеги пансионаттарын биротоло өткөрүп алмай болгон.
2009-жыл электр энергиясы менен жылуулук баасынын заматта 5-10 эселеп көтөрүлүшү, ар бир уюлдук байланышка салынган “60 тыйындык салык” менен да эсте калды. Жок, эсте калды десек жеңил болуп калат. Бакиевдин, “Ак жолдун” бийлигинин ыргышына дал ушул чектен чыккан чечимдер себепчи болду. Ушул эле жылдын март айында Нарын облусундагы Ак-Сай жана Арпа жайлоолорунун айрым бөлүгү Кытайга өткөрүлүп берилери тууралуу имиштер тарады. Нааразы болуп чыккан элдин айбаты күчтүү болдубу, же кытайлар менен соодалашуу жакшы натыйжа бербедиби, кудай жалгап, бул жерлерибиз өзүбүздө калды.

КАНДУУ ОКУЯЛАР
2008-жылы сентябрь айында КСДПнын депутаты Жусупжан Жээн­бековдун уулу Бахтияр Амиражанов дайынсыз жоголуп, туугандары издей башташты. Анын сөөгү 2009-жылы июль айында Чоң-Кеминден табылды. Аны менен удаа эле 2008-жылы 3-октябрда КСДПнын депутаты Руслан Шабатоев дайынсыз жоголду. Туура бир жылдан кийин анын да өзү эмес, сөөгү Бишкекке жакын Байтик айылынан табылып, тапанчанын огунан каза тапкандыгы белгилүү болду.
Ал эми 2009-жылы 13-мартта президенттик администрациянын жетекчилигинен жылдын башында четтетилген Медет Садыркулов "жол кырсыгынан" каза тапты. Ушул эле жылдын 14-апрелинде “Ак жолдун” депутаты Санжарбек Кадыралиев үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлдү.
Бул кырсыктарды “Ак жолго” та­ңуу­лагандан алыспыз, болгону, “ак жол­чулар” бийлеп турган кездеги кандуу окуяларды эске салдык. Ошентип, кечээ эле Бакиевдин ырын ырдагандар бүгүн түрдүү партиянын курамында эл аралап, убадаларды берип жүрүшкөн кези. Анткени алардын арасында кайрадан депутаттык креслодо чалкалап, кнопка басып отургусу келгендер толтура.

АРАКЕТ БОЛГОН, БИРОК АЯГЫНА ЧЫККАН ЭМЕС
Адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек, 2008-жылы пансионаттар Казакстанга "ура-ура" болуп берилип жатканда, бийликчил партиянын курамында болгонуна карабастан, "Ак жолдун" экс-депутаты Ибрагим Жунусов каршы чыккан. Добуш берүүдө да "каршы" деп добуш бергени байкалбай кеткен. Өзү бул ызы-чуулуу мыйзам тууралуу: "Ооба, ал мезгилде “Ак жолдо” экениме карабай бийликке каршы чыкканмын. Парламенттеги сүйлөгөн сөзүм интернет баракчаларында бүгүн да популярдуу. Мен ошол пансионаттардын Казакстанга 49 эмес, 9 жылга берилишине да каршы чыкканмын. “Эмне үчүн Акаевдин учурунда берилбегенди биз беришибиз керек?” деп айткам",- дейт.
Ал эми "Ак жолдун" отличницасы" деген лакап атка конгон экс-депутат Динара Молдошева дагы Каркыранын тагдыры Кыргызстанга эмес, Казакстандын пайдасына чечилип жатканда, мындай чечимди колдобогон. Анын айтымында, "Ак жол" партиясынын ичинде "бийликтин мыйзамын колдойсуңар" деген көрсөтмө болгон. "Ошого карабастан, чек ара маселесинде 11 депутат өз ара сүйлөшүп алып, колдогон эмеспиз. Анын дээрлик баары көлдүктөр болчу. Айта кете турган жагдай, Кубанычбек Исабеков дал ушул маселе боюнча добуш берилер күнү келбей койгон. Ачыгын айтканда, качып кеткен. Мен ачык эле “макулдугумду бере албайм” дегенмин",- деп Динара Молдошева өткөн күндү эске салат.
Каркыра менен пансионаттардан кийинки Бакиевдин бийлигинин чоң катачылыгы электр энергия жана жылуулуктун баасын көтөрүү болгону белгилүү. "Ак жолчулардын" анча-мынчасы каршы чыгымыш болгону менен, мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөнов депутаттардын оозун жапкан.
Баасын көтөрүп жатканда унчукпай, кийин бюджетти талкуулоо учуру келип, эл асмандаган бааны 3 ай бою төлөгөн соң карт бөрү "ак жолчуларга" салыштырмалуу жаш депутат Максат Кунакунов алгачкы жолу тарифтер боюнча өкмөткө каршы сүйлөгөн. Бул окуя бийликтин кулашынын алдына төп келип калган. "Бийлик кулайт дебей эле ушул чечимге каршы чыккам. Анткени жаштар тарифтин кымбаттаганын калктын 70 пайызы колдобой турганын билдиришти. Ошондо Данияр Үсөнов “митингге каалаганча чыккыла” деген. Каршы чыкканым үчүн депутаттык мандатымды алуу маселеси козголуп, ал 7-апрель күнү каралмак болгон. Бирок төңкөрүш болуп кетти. “Ак жолдун” ичинде деле жашыруун оппозициялык күчтөр бар болчу",- дейт Максат Кунакунов.
Өзүңүз байкагандай, 3 жылдык доорунда "ак жолчулар" калкка каршы чечимдер боюнча бийликке сес көрсөтө алган жок. Карапайым калк "ак жолчуларды" азыр эмне үчүн жактырбайт? Себеби алар өлкөнүн кызыкчылыгына төп келбеген мыйзамдарды кабыл алууда саясий эрк көрсөтүп, элдин үнүн, үмүтүн бийликке жеткизип, таламын талаша албады. "Ак жолчулардын" ичинен бирөө дагы депутаттык мандатын көтөрө чаап, залдан чыгып кетүүгө батынышпады. Ушул жагдайлардын баары аларды "кара жол" деп аталууга түрттү.


КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП

Исхак Масалиев,
Коммунисттер партиясынын экс-депутаты:
– Сиз жетектеген партия Казакстанга берилген 4 пансионат жана жер тилкелер боюнча кандай добуш беришкен?
– Өзүм пансионаттардын казактарга берилишине “каршы”, ал эми чек арадагы талаш-тартыш жер тилкелери боюнча “макул” деген добушумду бергем. Анткени чек ара татаал маселе жана макулдукту берүүгө аргасыз элек. Менин оюмча, парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жолдун” жоруктары келерки чакырылышта деле кайталанат. Басымдуулук кылчулар дагы деле чыгат. Себеби биздин саясатчылар ушуга үйрөнүп алышкан.

Дамира Ниязалиева,
КСДПнын экс-депутаты:

– ЖКда КСДПнын 11 депутаты бар болчу. Орчундуу маселелердин талкуусу учурун­да партиянын реакциясы эсиңиз­де­би?
– Албетте. Биздин партиянын эл өкүлдөрү Каркыра менен пансионаттарды Казакстанга өткөрүп берүүгө каршы болуп, жыйынтыгында добуш берүүдөн баш тартып, залдан чыгып кеткенбиз. Аны тастыктаган документтер азыр да бар.


“АК ЖОЛДУН” ӨКҮЛДӨРҮ АЗЫР КАЙДА?

Бир кездеги “Ак жол” партиясынын депутаттары экс-президент Курманбек Бакиевдин шарапаты менен чогуу иштеп келсе, азыркы учурда “Манас” эпосунда “бири кетти күнгөйгө, бири кетти Каңгайга” деп айтылгандай, туш тарапка чачырашты.

1. Чолпон Абдуллаева – “Акыйкат” партиясында.
2. Бейшенбек Абдырасаков – Кыргызстандын үй куруучуларынын партиясында.
3. Нургазы Айдаров – “Ата Журтта”.
4. Эрнаст Акрамов – “Содружестводо”.
5. Азамат Арапбаев – “Ата Журтта”.
6. Гүлнара Дербишева – “Акшумкарда”.
7. Ибрагим Жунусов – “Ата Журтта”.
8. Зиядин Жамалдинов – “Ата Журтта”.
9. Турдукан Жумабекова – Кыргызстандын үй куруучуларынын партиясында.
10. Кубанычбек Исабеков – Кыргызстандын үй куруучуларынын партиясында.
11. Динара Исаева – “Ата Журтта”.
12. Мария Исанова – “Бүтүн Кыргызстанда”.
13. Ажибай Калмаматов – “Ата Журтта”.
14. Жаныш Кудайбергенов – “Ата Журтта”.
15. Абдирейим Кулбаев – “Бүтүн Кыргызстанда”.
16. Максат Кунакунов – Либерал-прогрессивдүү партиясында.
17. Зайнидин Курманов – “Содружестводо”.
18. Адахан Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстанда”.
19. Нарынбек Молдобаев – “Ата Журтта”.
20. Мелис Мырзакматов – Ош шаарынын мэри.
21. Орзубек Назаров – “Содружестводо”.
22. Бегалы Наргозуев – “Содружестводо”.
23. Улугбек Ормонов – “Бүтүн Кыргызстанда”.
24. Шарипа Садыбакасова 2007-жылга чейин лидери болуп келген “Кыргыз жери” партиясы жаңыланып, учурда ошол партиянын курамында.
25. Алтынбек Сулайманов – “Республикада”.
26. Лейла Сыдыкова – “Содружестводо”.
27. Рашид Тагаев – “Бүтүн Кыргызстанда”.
28. Арапбай Төлөнов – “Бүтүн Кыргызстанда”.
29. Бакыт Төрөбаев – “Республикада”.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
sak
2010-10-03 14:54:49
Алик байке Чолпон айымды Акыйкат партиясына кошпой эле койсонор болмок. Ушул гана бир кемчилик болуп калды!
0
Baku
2010-10-03 17:59:48
Элибизде качан бийи бир, баатыры 1000 болот болду экен. Азыркы партиялардын баары элди ойлоп дагы койгон жок. Мен чыныгы шайлоо болушуна ишенбейм.
0
mirbekm
2010-10-04 09:21:37
ata jurtjana respublika butun kyrghyzstan sodrujestvo betiner jokpu ..
ata jurttu tushunso bolot...alar bet tirmagandar...87 baldar sheyit ketti ...OShol Akjoldun ayinan ..Eldin baari bilet oshol maalda ATA MEKEN partiysi 1 orundu alganini alar oz deputat emes ele alar tilemchi bolup BAKIEVDIN artinan erchip jurgondor jo degende 87 balani oyloboysunarbi?je akcha ele kerekpi..men AKIYKAT partiyasina breyin degem birok bunu korup men ATA MEKEN partiyasina dobush berem.Kriminalga sogus
0
elite
2010-10-04 18:52:35
А эмнеге СДПК,Ата-Мекендин курамындагы Алгачы же АК-Жолчу депутаттар корсотулгон эмес, эмнеге СуперИнфо 1-2 айдан бери оппозицияда болгон Ата-Журт, Бутун Кыргызстан партияларына жабышып кара пиар колдонуп каралоонун аракетинде,айтканым калп болсо комментчилер айтышсын
0
elite
2010-10-04 18:56:56
апрелде шейит кеткендерге Бакиевдин да,убактылуу Окмот мучолорунун да тиешеси бар деп айтылып келет, ал эми бул окуяга Ата-Журт жана Бутун Кыргызстандын б.а. Камчы Ташиев менен Адахан Мадумаровдун кандай тиешеси болду экен булар ошол убакта жооптуу кызматта турушпаса
0
elite
2010-10-04 18:59:30
Ал эми июнь окуясынын эсебин ким сурайт, канчалаган кыргыз шейит кетти, буга ошол учурдагы Убактылуу Окмот мучолору жооп береби деги... Силер мактап жактаган Текебаев, Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров ж.б. Алардын июнь окуясына катышы баарын баары билет!!!
0
Гулжигит
2010-10-05 12:26:03
Супер Инфо силер да бир жактуу маалымат берип жатасынар. Эл силердин гезитке гана ишенчу акыркы убактарда. Эми минтип силер да ишеничтен кеткени турасынар!
0
adalsvards
2010-10-05 13:09:26
elite, сиз айткан Ата-Мекен менен КСДПнын тизмесинде Ак жолчу жок! Ошондуктан жазылган эместир...
0
adalsvards
2010-10-05 13:10:35
elite, мен сизге кошулам, июнь окуясынын жоопкерлери балким азыркы бийлик кулагандан кийин айтылып калар күн да келер... :)
0
adalsvards
2010-10-05 13:11:54
Гулжигит, гезит кээ бир маалыматтар боюнча бир жактуу болуп жатышы ыктымал, бирок бул макала боюнча 3-фракциянын тең өкүлдөрү өз ойлорун билдириптир, демек бир жактуу деп айтууга болбойт го...
0
Nura
2010-10-05 13:20:29
Азыр партиялар колунан келбегендердин баарын айтып аны антем, муну минтем дейт Электро энергиядан баштап, Ипотекага, ж.б. га чейин, коробуз го 01.06.2011- ж. светтин арзандаарын.
0
Мика
2010-10-06 11:18:46
Менин коркконум, булардын деле бир куну сасыткылары чыкпаса. Бир куну дал ушундай "кара жол" болуп калбаса. Себеби ишеничтен кеткен. баары бийликке келиш учун кандай гана нерселерди кылып жатат. Окунгонум эч ким патриот эмес, патриоттор колунда жок, бийлик жок отурат
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан