Парламенттин жаңы спикери Канатбек Исаев келерки шайлоо күнү белгилүү болору менен азыркы Жогорку Кеңеш тарай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 14-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында журналисттерге айтты.
“Шайлоо күнү белгилүү болору менен парламент тарайт. Белгилүү болгондой, шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу баш аламандык болгон. Биз ошол шайлоодогу бардык каталарды эске алышыбыз керек жана аларды мындан ары болтурбоо аракетин көрүшүбүз зарыл”,- деди Исаев.
Исаев төрагалыкка шайланган соң кесиптештери аны калыс иштөөгө, мурдагы төраганын катачылыктарын кайталабоого чакырды. Парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев Канатбек Исаевди спикерликке колдоо анын мыктылыгынан эмес, учурдун аргасыздыгы экендиги деп түшүндүрдү.
"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Исаевди алдыдагы шайлоолорду таза өткөрүүгө жардамдашууну өтүндү. Ал алдыдагы шайлоодо Форма-2 деген эрежени жокко чыгаруу, шайлоо алдындагы 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллион сомго түшүрүү, шайлоо босогосун 7 баллдан 3 баллга түшүрүү зарыл экенин белгиледи. Бул боюнча атайын мыйзам долбоору сунушталарын айтып, кесиптештерин бул демилгени колдоп берүүгө чакырды. Азыркы мыйзамга ылайык, шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 7 пайыздан ашыгынын добушун алган партия гана парламентке өтүп мандат алат. Бул үчүн партиялар орточо 150 миңдин тегерегинде добуш алышы керек.
Айта кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы элдин талабынан соң БШК тарабынан жокко чыгарылган.
Жолдубек Качкынбаев