(Башы өткөн сандарда)
“Искендер өлдү!” Биринчи жолу аң-сезимине ушул сөз жетип жаткандай сезилди. Ичиркене берди. Дал мурункудай эле оюнда аны менен сүйлөшүп, кеңешип жүргөн эле. Балдарын жалгыз чоңойтуп жатканда деле ичинде Искендер менен сүйлөшүп жүрчү. Анын жашоосунда жок болгону менен, дүйнөнүн кайсы бир бурчунда бар экенине шүгүр кылып келген. Эми жок. Эми аны менен кайсы бир күнү жолугушуу мүмкүн эмес. Жүрөгү ооруп чыкты.
– Билем, жүрөгүң ооруп жатат. Бирок менден башка ким айтат сага? Сен эң сонун күндөрүңдү бердиң ал адамга. Эки баланы төрөп бердиң, сүйүү үчүн күрөшкөн аял сенчелик болор. Бирок тагдыр баары бир чогуу болууну жазбаптыр. Сен ал үчүн бул дүйнөдөн жалгыз өтөсүңбү? Айтчы?
– Мен ал үчүн жалгыз болбодум. Жалгыз болуу ар бир адамдын чечими. Мен турмушка чыгышым мүмкүн эле, бирок чыккым келген жок. Балдар үчүн деп да өзүмдү алдабашым кажет. Мен жөн эле каалабадым. Ансыз өткөн өмүрдү жүрөгүмө жакпаган бирөө үчүн эч эле арнагым келбеди.
– Мен сени түшүнгөн жокмун.
– Мени апам да, сен да түшүнбөйсүңөр. Атам түшүнмөк. Мен атамдын кызымын. Сен кичине элең, көп билбей калдың. Атам экөөбүз ушунчалык жакын элек. Кээде мага оор болгондо анын жыты мурдума келет. Тер аралашкан жыт эле. Мени көзүнүн карегиндей аздектеп бакты.
– Билем, сен ошол үчүн да апамды кечиргиң келбейт.
– Апамды аял катары түшүнөм. Ооба, алданды, туура эмес кадамга барды. Атам бир жыл бою сыртка чыкпай калды. Эл менен сүйлөшкөндөн качып калган. Сен эркек үчүн аялынын ойноп кеткени канчалык оор билбейсиң.
– Эми ошол себептен апамды кечирбей койгонуң туурабы?
– Ким айтты кечирбей койду деп? Кечирдим, чогуу жашайбыз. Бирок ортобуздагы дубалдарды эч эле жылдыра албай койдук.
– Мына сен ушул себептен Айтурганга барышың керек. Психологдун жардамы керек сага...
Аяна башын чайкады. Мүмкүн эместей туюлган ошол кезде. Бирок ага барышы керек экенин сезди. Болбосо көкүрөгүндөгү жара эч качан айыкпай турганын билди.
Жайдын күүгүм кечтеринин бири болчу. Айтурган эми сыртка чыгып сейилдей баштаган. Аны көндүргөн да Салима болду. Салима менен сыртка чыгып сейил бакта күндөлүгүнө бир нерселерди чиймелеп жаткан эле. Кимдир бирөө аны тиктеп турганын сезди. Башын көтөрө берип алдында бою узун сулуу аял тиктеп турганын көрдү. Аянаны дароо тааныды. Тиктешип туруп калышты. Мына, майыптыгына күнөөлүү, Искендердин өлүмүнө күнөөлүү адам! Азыр колунда курал болгондо же бычак болгондо өлтүрүүдөн кайра тартпайт болчу. Жек көрүү сезими ушунчалык күчтүү эле, азыр аны да өлтүрүп, өзү да өлүп калгысы келип турду. Аяна жакындай берди.
– Жогол!
– Бул жолу кетпейм. Сүйлөшөбүз.
– Сен адам эмессиң.
– Мени менен сүйлөшүүгө мажбурсуз. Чындыкты бир гана мен айта алам. Күндө кечинде “Искендер кантип мага ушундай кылды? Эмнеси менен кызыктырды, эмне үчүн балдары бар экенин да мага билдирген жок” деген ойлор менен жашап жатканыңды билем. Ал суроолорго менден башка эч ким жооп бере албайт, туурабы? Ошол үчүн болсо да мени менен сүйлөшкөнгө мажбурсуң.
– Жылан!- Айтурган титиреп кетти. Майыптардын арабасын колу менен айлантып жөнөп калды. Бир топко чейин барды да, кайра аркасына кайрылды. Чын эле баарын мындан башка ким айтып бере алат? Акыры күйөөсүнүн жашоосунда башка бир аял болгонун моюнуна алышы керек. Аяна кайра жанына келди.
– Ушул жерде кафе бар. Эч ким экөөбүзгө тоскоол болбойт,-деди да, майыптардын арабасын сүйрөп жөнөдү. Ысык кофе сурады Аяна.
– Сизгечи?
– Суу...
Экөө дымып калышты. Тагдырлары жаралгандан эле ажырагыс болуп байланып калган Бактыгүлдүн эки кызы маңдай-тескей отурушту. Аяна Айтурганды жакындан көргөндө гана өзүнө окшош экенин байкады. Мурун чачы узун эле, азыр кыска кылып кырктырып коюптур. Ошентсе да окшош эле.
– Сиз...
– Эмне мен?
– Бирөөгө окшоштурдум да.
– Искендер менен качантан бери байланышың болду? Сен ошону сүйлө.
– 11 жыл мурун.
Айтурган оозу ачылып калды. Мынчалык көп убакытты угам деп ойлогон эмес. Өзү менен жашаган 22 жылдын он бир жылында бул аял менен байланышы болгон тура. Ызасы кайра жанын кашайтып жиберди. Өзүн араң кармап турду. Бул аялдын жанында ыйлабашы керек.
– Мен Нарындан жаңы эле окууга тапшырганы келгем. Атам мен кеткенде катуу ооруп калыптыр. Бир эжебиз бар эле, ал борборго алып келди. Искендер атама операция жасады. Бирок сактап кала албады. Атамдын операция алдында жалгыз аманаты мен болгон экенмин. Балким, өзүн күнөөлүү сезгендир, балким, мага жардамы керек экенин билгендир, айтор, ал мени издеп келген.
Айтурган Искендерди элестетти. Туура, бул ага таандык мүнөз болчу. Колунан бирөөнү аман алып калуу келбей калганда ушинтип жанын коёрго жер таппай калчу. Жардам бергени барганы да туура болушу мүмкүн.
– Мен сүйдүм. Бир көргөндөн баштап акылымды жоготтум. Анын үй-бүлөлүү экенин деле билчүмүн. Бирок ал дагы токтото албады. Кыскасы... Кыскасы, биз бир ай чогуу жашадык.
– Бир ай?
– Ооба, сизди диссертациясын жактап чет өлкөдө жүрөт деди. Менин 29 жылдык өмүрүмдөгү эң бактылуу бир ай. Мага эч нерсе убада кылбады. Мен дагы эч нерсе сурабадым. Биз жөн гана бири-бирибизди сүйдүк.
– Искендер мени гана сүйгөн. А сендейлер менен жөн гана көңүл ачкан.
Аяна аны тиктеп турду.
– Сиз туура айтасыз, ал өз өмүрүндө сизди гана сүйдү.
Айтурган уккан кулагына ишене албай калды. Алдында турган сууну аптыга ууртап жиберди. Аяна өз сөзүн уланта берди.
– Мен да муну кеч түшүндүм. Мен болгону ал баш тарта албаган, аны таң калтырган, суктандырган бир аял болдум. Бирок жүрөгүнүн бардык илеби менен сизди сүйдү. Ошондой эле бардык илеби менен балдарын сүйдү.
Бактылуу бир айдан кийин биздин байланышыбыз үзүлдү. Келбесин билсем да аябай күттүм. Бул арада мен кош бойлуу болуп калганымды билдим. Алдымда эки чечим бар болчу. Бири – балдардын шылтоосу менен Искендерди өзүмө байлап алуу, экинчиси – кандай болсо да өз жолум менен кетүү. Кандай кыйын болсо да мен жолумдагы экинчи чечимди тандадым. Кандай кыйын болгонун сиз элестете да албайсыз. Бирок баарына чыдадым. Эки балам менен чет жерде бутума турганга аракет кылдым. Турдум дагы. Искендер ошол боюнча менин боюмда бар экенин билбей калмак. Бирок 8 жашында эгиз уулдарымдын биринин жүрөгүнө операция жасоо керек болду. Мен аны башка бир адамга тапшыра албайт элем. Искендерге аргасыз сырды ачтым.
– Искендер балдары тууралуу кийин билди, ошондойбу?
– Ооба. Өз уулуна операция жасады. Андан кийин да өз көзөмөлүндө болду. Экөөбүз тең уулубуз үчүн жашаган эки жыл өттү. Толук айыкты. Бирок ал балдарын колунан чыгара албай койду. Бирок меники деп да эч кимге айта албады. Тозок болду жашоосу. Биздин ортобузда чайналды.
– Балдар билишеби?
– Билишет. “Ата” деп күтүп жүрүшкөн. Азыр да оор болуп жатат аларга.
– Искендер менен сенин байланышың... Ал...
– Биздин ортобузда байланыш болгон жок. Бир гана балдарыбыз бар эле.
– Ошол күнү көрдүм мен силерди. Искендер эч качан мени антип кумарланып караган эмес. Өрттөнүп бараткандай өпкүлөбөгөн... Мени өзүмдөн чыгарган да ошол нерсе болду. Азыр да көз алдымда турат,- деди ый аралаш шыбыраган Айтурган. Аянанын да көзүнөн жаш агып турган экен.
– Ишениңиз, үч жылдын ичинде биринчи жолу мага колун тийгизгени ушул эле.
Эки аял тең ыйлап жатышты. Экөө тең жашоосунун маңызы болгон адамды чогуу жоктоп жатышты...
(Уландысы кийинки санда)