Мезгил үнү
“Түштүк Кореяга кыздарды жөнөтөбүз. Түштүк Кореялык жигиттер сиздерди күтөт” деген жарнамаларды көзүңүз чалса керек. Байкаган нерсебизден кыя өтпөй турган журналисттик кызыгуубуз артып, борбордогу нике агенттиктерди издеп көрдүк. Албетте, корейлерге келин болуп жаткан кыздардын баары агенттиктер аркылуу кетишкен жок. Ошол жакка иштеп барып, анан табышып калгандар да бар.
СҮРӨТ, БАКТЫЛУУ ЖҮЗ... БАЛКИМ, ТУЗАКТЫР?
Ар кимден сураштырып, гезиттеги жарнамаларды тизмектеп отуруп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги квартирага келдик. Корей жигиттин жубайы болууну каалаган түр көрсөткөн үчөөбүздү сылык сүйлөгөн кыргыз кызы тосуп алды. Колубузга кыргыз кыздары менен корей жигиттердин үлпөт тоюнда тартылган сүрөттөр салынган альбомду карматты. Барактасак, сүрөттөгү баш кошкондор өтө бактылуу адамдардай сезилди. Жүздөрүнөн сүйүнүч, жүрөктөрүнөн сүйүү чачырап тургандай. Алардын эртеңки күнү кандай болорун, ал эми бүгүнкү күндө кандай турмуш менен күрөшүп жатканын туя албадык, чынында. Мүмкүн, бул жылуу жылмайган жүздөр кыздар үчүн тузактыр. Ушул сүрөттөр, балким, көп кызды “жакшы жашоо бизде” деп Кореяга жол тарттыргандыр, балким, келечегин бырчалагандыр...
Бир ирет барактап чыккандан кийин “ортомчу жеңе” минтип сөз баштады.
– Мен силерге кыскача түшүндүрөйүн. Биздин иштегенибизге 5 жыл болду. Үй-бүлө күткүсү келген корейлер ай сайын келишет. Мисалы, кечээ экөө үйлөнүп, Кореяга кетишти. Эртерээк келсеңер, силер дагы тандоого катышып калмаксыңар. Азыр жазылып койгула. Алар келген сайын силерди чакырып турабыз. Өзүңөр таанышып, сүйлөшөсүңөр.
– Тандоо укугу аларда эле болобу?
– Жок, силер деле тандайсыңар. Силер жактырып, бирок жигиттер башканы тандаса таарынбай эле койгула.
– “Жалаң картаңдар келишет” деген чынбы?
– Отуздан ашкандар келет. Анткени биздин кызмат кымбат. 25 жашка чейинкилер жаңы эле окуусун бүтүп, иштеп жаткан болушат. Алар ата-энеси эле бай болуп бул жакка кыз издеп келишпесе, келе алышпайт. Бул жакка келгендер үй-жайы, банктагы эсебинде акчасы барлар.
– Биринчи аялы эле болуп барабызбы?
– Ал жакта көп аялдуулук жок. Келгендердин арасында ажырашкандар, үйлөнө электер бар. Жагып калсаңар, дароо эле үй-бүлөлүк шартын түшүндүрүшөт. Мисалы, “карыган ата-энем менен турам, сен бакканга даярсыңбы?” же “балам бар” деп айтышат. Алардын көбүнүн ата-энеси карыган. Анткени алар көбүнчө кеч үйлөнүшөт.
– Кыргыздын каадасы кылып ата-энебизге калың беришеби?
– Айрым жигиттер дароо эле ата-энесин ээрчите келишет. Ээрчите келгени да, келбегени да издегенин тапкандан кийин кафеге кыздын 30-40 тууганын чакырып той өткөрөт. Ошондо калың катары ата-энесине 1000 долларга жакын акча берет.
– Силерден кеткен кыздар кандай жашап жатышат?
– Менин иштегениме бир жарым жыл болду. Бул убакыт ичинде 5 кызды узаттым. Бешөө тең жакшы жашоодо.
– Эки жигит үйлөнүп, кечээ кетти дедиңиз, алар кыздарды өздөрү менен кошо алып кетиштиби?
– Виза жок кантип алып кетишмек эле? Бул жактан кадимкидей ЗАГСка турушат, ошол күбөлүк менен Кореядан аялына бул жакка чакыруу жөнөтөт. Жигиттер кетерде кыздын тил үйрөнүшү үчүн курстарга акча төлөп беришет. Виза даяр болгонго чейинки аралыкта кыз корей тилин үйрөнүп алат.
– Корейлер эмне үчүн кыргыз кыздарына ашык болуп жатышат?
– Биринчиден, Кореяда кыз аз болгондуктан, алар жигиттерди тоготушпай, “мага карьера гана керек, төрөбөйм” деп чоёктоп калышкан. Мындай нерселер кыргыздын менталитетине көп жарашпайт эмеспи. Ошондуктан биздин кыздар чектен ашышпайт. Биздин агенттиктер Кыргызстандан сырткары 4-5 өлкөдө да бар.
Силердин Кореяга кетериңерди ата-энеңер билиши керек. Алардын уруксаты жок жибере албайбыз. Анда адам сатмай болуп калат.
– А биздин ата-энелерибиз билбейт эле да, ырас айтып койдуңуз. Корейлер кайсы динди тутушат?
– Буддизмди, христиан динин. Кыздарыбыз өз дининде эле калышат. Кээ биринин ата-энелери карыган деп айтпадымбы, “биз менен чиркөөгө барып койсун” деп айтышы мүмкүн. Барып койсо, буту-колу түшүп калбайт да, туурабы?
– Аларга кандай кыздар жагат экен?
– Ар түрдүү. Өтө толук кыздар жакпайт. Негизи, 30 жашка чейинкилерди алышат. Жактырып калса, балалууларды деле алып кете беришет. Бирок баласы бул жакта калат. Өткөндө бир кыз кетти. Анын кызы 7-класс болуп калыптыр, таенесинде катталуу экен. Жолдошу “барганда балам бар деп эч кимге ооз ачпа, кийин Кореядан окутуп алабыз” деди.
– Жигиттерди бул жакка ким жөнөтүп турат?
– Жетекчим. Кореяда чоң кеңсебиз бар. Жиберерде жигиттерди бардык жагынан текшерип туруп жөнөтүшөт.
Бул агенттикке жигиттер октябрь айынын башында келишет экен. Эки жумадан кийин келмей болуп сыртка чыктык.
“КЫЗДАР АЙНЫП КЕТИШСЕ, 3000 ДОЛЛАР АЙЫП ТӨЛӨШӨТ”
Андан кийинки барган “ортомчу жеңебиздин” түшүндүрмөсү мындай болду.
– Биздин агенттиктин жетекчисинин орун басары котормочу. Силерди күйөө балдар менен өзү сүйлөштүрөт. Алгач анкета толтурасыңар, анан сүрөтүңөрдү таштайсыңар.
– Төркүнүбүзгө келип турабызбы?
– Көбүнчө кыздар төркүнүнө бир жылда бир барышат го. Ошол сыяктуу эле жылына бир жолу келесиңер.
– Бизди Кореяга алып барып үй кызматчысы кылып же башка жумуштарга салып кыйнашпайбы?
– Эмнеге антишмек эле, өздөрү аялга араң жетип жатышса. Анткени ал жакта кыздар өтө аз. Аял үчүн, бала үчүн баарын кылууга даяр. Бизде үч кызга бир эркек болуп жатпайбы, ал эми Кореяда, тескерисинче, үч эркекке бир кыз туура келет.
– Биз анкета толтурсак эле болдубу?
– Анкета толтуруп, сүрөткө түшүп берип коюп жигиттерди күтөсүңөр. Жигиттер кыз таап берип жатканыбыз үчүн бизге акча төлөшөт. Кыскасы, кыз макул болуп, кийин айнып кетсе, моралдык зыян келтиргени үчүн 3000 доллар айып төлөйт. Мындан сырткары шакектин, тойдун акчасын кайрып берет.
– Турмушка чыккандан кийин турмуш-шартына көнө албай кыйналса, жардам бересиздерби?
– Алар тиги жакта, мен бул жакта болсом, кантип жардам берем? Апалары “дайын жок” деп ыйлап келишсе, байланыштырганга аракет кылам.
– Корейлер иттин этин жешет го, чын эле ошондой бекен?
– Мен да ошентип ойлоп, Кореяга барып кафесине киргенде эле тамактарын жыттай бергем, андай эмес. Иттин этин жегилери келсе, атайын кафе-ресторандарга заказ беришет экен.
– Үйлөнгөндөр арасында ажырашып кеткендер болобу?
– Эмнеге болбойт? Болот. Бул жактагылар деле ажырашып жатпайбы, ошондой эле да. Мен кыздарга айтам, жашап кетем десеңер 80 пайыз силерден көз каранды. Кыздар тиги жакка барып алгандан кийин күйөөсүнөн сулуураак эркектерди көрүп калышат же кыргыз жигиттерге кетип калышат. Анан байкуш тиги корей калат. Алар кыздарга кол көтөргөндөн коркушат. Кол көтөрсө, соттоп жиберет. Эгер кыз ажырашкысы келсе, кадимкидей эле сот аркылуу ажырашып алышат. Жолдун акчасын төлөп, кызды кайра салып жиберүүгө милдеттүү.
“КЫЗДАРДЫН КОРЕЯГА КЕТИШИНЕ КЫЗЫМ КАРШЫ”
Ушундай агенттиктердин бири аркылуу кызын Кореяга турмушка узаткан энени кепке тарттык.
– Кызым Бишкектеги агенттиктердин бирине барып корей жигит менен таанышып, 21 жашында турмушка чыккан. Негизи, бул жерге 50-60 жаштагы картаң эркектер келишет экен. Бирок кызымдын багына өзүнөн төрт жаш улуу жигит туш келген. Бир жыл көнө албай ыйлап жүрдү. Ал жактагылардын оюнун баары бир гана жумуш экен дейт. Моралдык жактан колдоо, эс алуу жокко эсе. Тууган-туушкан менен да катышышпайт.
Күйөөсү жактан бир аз маселе бар экен, кызым төрөй албай жүрөт. Учурда экөө тең дарыланып жатышат. Кызым барганда эле телевизор чыгарган ишканага кирген. Күйөө балам экөө ошол жерде иштешет. Мени үч айга конокко чакырышкан, буюрса, виза даяр болсо, барып келем.
Кореяга кеткен 50 кыздын бири гана бактылуу болот. Чет жерликтер менен тааныштырып, күйөөгө берип жаткан агенттиктер көп кыздын убалына калышууда. Кыздарыбыз ал жакка баргандан кийин көз каранды болуп калышат да. Үй кызматчысындай иштетип, карыган ата-энесин бактырып коюшат же төрөтүп туруп айдап жиберишет дейт. Кызымдын ал жерде жашаганына 6 жыл болгондуктан, кыргыз кыздардын жашоосу менен жакшы эле тааныш. Ошондуктан ал биздин кыздардын Кореяга барып корей жигиттерге турмушка чыгышына каршы.
Баласы менен сүрөткө түшүп салып жибергендерди да көрдүк. Баласы кудум эле атасы. “Кыздарыбыз ушундай темп менен башка улуттун санын өстүрүп, четинен кете берсе, кыргыздын эртеңкиси кандай болот? Башка улуттун санын өстүргүчө, өзүбүз көбөйсөк...” деген ой ар бир патриотко келери анык. Кыялындагы жомок жашоону эңсеп барган кыз-келиндер кыйын турмушка тушукканда, эл-жердин кымбаттыгын сезсе керек. Андыктан, акылман аялзаты, алдын ала ойлонолучу. Өз мекенибизде деле аракет кылсак, эңсеген жашообуздун пайдубалын тургузарыбыз анык эмеспи.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg