“SPACEX” БИР СААТТЫН ИЧИНДЕ ЖЕРДИН КААЛАГАН ЖЕРИНЕ ЖҮК ЖЕТКИРЕ ТУРГАН РАКЕТА ЖАСАЙТ

“SpaceX” компаниясы буга чейин эч ким ишенбеген дымактуу долбоорлорду ишке ашыра ала тургандыгын далилдегени жетет. Бул – АКШнын аскер күчтөрү үчүн бир сааттын ичинде Жердин каалаган жерине жүк жеткире турган ракета.

Маалым болгондой, “SpaceX” АКШнын Куралдуу күчтөрү менен биргеликте 60 мүнөттө дүйнөнүн каалаган жерине 80 тонна жүктү жеткирүүгө жөндөмдүү ракета жасайт. Бул үчүн ал саатына 12000 чакырым ылдамдыкта жүрүшү керек болот. Бул боюнча “SpaceX” компаниясы алдын ала келишим түздү, ага ылайык, долбоордун баасы, техникалык жүзөгө ашырылышы аныкталат. Алгачкы сыноолор кийинки жылы эле башталышы мүмкүн. Ошондой эле Exploration Architecture Corporation аэрокосмостук компаниясы изилдөө кампаниясынын бөлүгү болору белгилүү болду. Кантсе да мындай ракета жасоо аз эле убакытта жаралбайт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан