Бул көз айнектин прототиби азырынча процессор менен туташып турат, бирок “Command Sight” компаниясынын иштеп чыгуучулары кийинки моделди зымы жок жасашат. Көз айнек аркылуу иттер визуалдык тапшырма алышат, ал эми камера аркылуу адамдар ит көргөндүн баарын көрүп тура алышат.
АКШ армиясынын изилдөө лабораториясынын долбоорунун алкагында Command Sight инженерлери тарабынан жаралган систем Майкрософттун HoloLens технологиясынын негизинде иштелип чыккан.
Бул системдин дагы бир артыкчылыгы – камера көз айнекке жайгаштырылгандыктан, ит көргөн нерселерди так көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ал аркылуу кинологдор иттин багытын туура жакка өзгөртүп тура алышат.
Аскер иттери баңгизаттарды, жарылуучу заттарды жана коркунучтуу материалдарды издөө, куткаруу иштерине жардам берүү жана согуштук аракеттерге катышуу үчүн колдонулат.
Гулийпа Маметосмон кызы