“ТИЗЕМ БҮГҮЛБӨЙ КАЛДЫ, КАНТЕМ?"

Суук түшкөнү өнөкөт муун жана сөөк оорулары кайра кармап, айрымдарында күч алып жаткан мезгил. Бул себептен окурмандардан редакциябызга келген суроолордун көпчүлүгүн ревматологго болгон суроолор түздү. Суроолорго Бишкектеги №1 клиникалык ооруканасынын ревматолог дарыгери
Динара Амиракулова жооп берет.

"СОЛ ТАМАНЫМ УЮП, ЧЫМЫРАП, КӨП БАСА АЛБАЙМ"

– Эки жылга жакындап калды, оң бутумдун таманы уюп, чымырап ооруйт. Көпкө баса албай, улам бир жерге токтойм, анткени чыдатпай ооруп кетет. Тааныштарым “мындай ооруну ревматологдор дарылайт” дешти. Менин оорумдун диагнозу кандай болушу мүмкүн? Таза айыгууга болобу?

Сыдык, 49 жашта, Жалал-Абад облусу

– Сиз ревматологго кайрылып, текшерилүүдөн өтүшүңүз керек. Сүрөттөп жазган баяндооңузга караганда сизде таман апоневрозити же согончок энтезити (шпора) дарты болушу мүмкүн. Маселе таманыңызда эле эмес, белиңизде да болушу ыктымал. Врач текшерүүдөн кийин дарылануу ыкмаларын сунуштайт.

"50 ЖАШТАН КИЙИН ОСТЕОПОРОЗ БОЛБОШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?"

– Менин теңтуштарым "врачтар элүү жаштан кийин дайыма кальций каражатын ичиш керек дешет, ошондуктан өз алдыбызча эле ичебиз" деп айтышат. Ушул туурабы? Өз алдынча кальций ичип, остеопороздун алдын алса болобу?

Арзыкан, 54 жашта, Таш-Көмүр шаары

– Негизи остеопороздун алдын алыш үчүн кам көрүү климакс башталардан 5-6 жыл мурун башталат. Мисалы, 45 жаштан баштап кальций каражатын сөзсүз ичиш керек. Суткасына 1500 миллиграммга чейин. Ага кошуп Д3 витамини ичилет. Ошондо кальцийдин сиңиши жакшырат. Д3 витаминин остеопороздун алдын алып, профилактика үчүн 18-50 жашка чейинкилерге 600-800 МЕ (эл аралык бирдик), 50 жаштан жогоркуларга 800-1000 МЕ күнүгө ичүү керек. Ал эми остеопороздо Д3 витамининин өлчөмү күнүгө 2000-4000 МЕ болот.

"КОЛУМ СУУГА САЛДЫРБАЙ КАКШАП ООРУЙТ"

– Менин 2 колум тең муздак сууга салсам эле какшап ооруйт. Колумдун манжаларынын муундарында дөмпөктөр бар. Колдун башы менен билегимдин кошулган жериндеги муундар да ооруйт. Бул эмне болгон оору? Кантип дарылайт? Бул нерсе муздак сууга колду көп салып иш кылып, кирди да суукта муздак сууга чайкагандан болдубу деп ойлоп жатам.

Айжамал, 57 жашта, Сокулук району

– Сиз ооруңуздун диагнозун билиш үчүн ревматологго кайрылууңуз кажет. Сиздин баяндооңузга караганда сыягы, артроз, остеопороз башталып жатат. Ревматолог дарыгерге текшерилип, ревмотест, кан анализин тапшырып, манжаларды рентген аппаратына тарттырышыңыз кажет. Анализдердин жыйынтыгына жараша врач дарыланууну сунуштайт. Мындан тышкары кальций каражаты менен Д3 витаминин иче баштооңуз керек. Алардын дозасын врач анализдин жыйынтыгына жана жашыңызга жараша тактап жазып берет.

"ТИЗЕМ БҮГҮЛБӨЙ КАЛДЫ"

– Былтыртан бери бир тизем бүгүлбөй калды. Басканда, өзгөчө тепкичтерге чыккандан кийин тизем шишип кетет. Бул эмнеси? Кимге текшерилип, дарыланам?

Жанара, 52 жашта, Ош облусу

– Сиз ооруңуздун диагнозун тактатуу үчүн ревматолог врачка кайрылууңуз керек. Диагноз үчүн ревмотест тапшырып, тизе муунун УЗИден өткөрүү керектелет. Алардын жыйынтыгына карап врач дарылануу ыкмаларын сунуштайт. Сиздин баяндооңузга караганда артроз оорусу башталып жатат. Врачка кайрылганга чейин эластикалык бинт менен таңып, сезгенүүнү кетирүүчү дары майлардын бирин сүйкөп турууну сунуштайм.

"ИЙИН АРТРОЗУН КАНТИП АЙЫКТЫРАТ?"

– Мага врачтар июнь айында "ийин муундарынын артрозу" деген диагноз коюшкан. Бирок ооруканага жатып дарылана элекмин. Өзгөчө түндө оорутат. Бул ооруга эмнелер жеткизет? Биротоло айыктырууга мүмкүнбү?

Сапар, 45 жашта, Бишкек шаары

– Ийин артрозу көп кездешчү оорулардын бири. Анткени ийинге көп күч түшөт. Сыягы, сиз ийинге көп күч келтирүү менен сезгентип алган окшойсуз. Ревматологго текшерилсеңиз, хондропротектор, сезгенүүгө каршы дары-дармек, анын ичинде дары май, физиодарылоо, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү, массаж жазып берет. Эми ал ооруган ийиндерди аяп, күч келтирбешиңиз керек.

"АПАМДЫН БУТУ КЫЙШАЙЫП БАШТАДЫ"

– Менин апам 51 жашта, ревматоиддүү артрит менен ооруйт. Учурда оорунун айынан тизе муундары кыйшайып баштады. Эми мындан ары кантип дарылоого болот?

Гүлнур, 30 жашта, Кант шаары

– Эгер апаңызда ревматоиддүү артрит болсо, анда ага кошулуп остеоартроз оорусу башталган. Остеоартроз бара-бара муундардын катып, кыймылдабай калышына алып келет. Эми сиз апаңыздын тизе муунун рентгенге тарттырышыңыз (кемирчектердин абалы кандай экенин билиш үчүн) керек. Ревматолог рентгендин жыйынтыгына карап дары-дармек жазып берет же ортопед, травматолог врачына кеңешүүгө жөнөтөт.

"ДАРЫ МАЙЛАРДЫ ӨЗ АЛДЫНЧА СҮЙКӨЙ БЕРСЕ БОЛОБУ?"

– Айылда апам, чоң апам да ар кимден укканы боюнча эле дары майларды алып сүйкөнө беришет. Анткени күн бүркөлгөндө, анан күн сууктап баштагандан тартып "кол, буттарыбыздын муздап, какшап ооруганы башталды" дешет. Ошентип алар уккандары боюнча эле төмөнкүлөрдүн бирин алдырып шыбана башташат: Кетонал дары майы же креми, диклофенак дары майы же креми, гелдерден фастум, быструм, вольтарен, кремден долгит, дары майлардан ортофен же аэрталды. Буларды текшерилбей туруп колдонуунун зыяны жокпу? Анын үстүнө аталгандар дарыканада рецептсиз эле сатылат. Негизи кайсынысы кайсы ооруда жардам берет?

Света, 36 жашта, Таш-Көмүр шаары

– Врач сунуштамыйынча дары май, дары кремдерди өз алдынча колдонбоо керек. Сиз жазган дары май, крем, гелдер сезгенүүгө каршы, ысытуучу жана оорутууну басуучу каражаттар. Көбүнчө артроз, артрит дартында колдонулат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-21 16:44:50
Менин таманым жайы кышы ыссып турат. Озгочо жайында саат сайын сууга бутту салбасам болбойт. Тундо муздак батареяны тееп жатпасам уктай албайм. Эмнеден бул?
0
admin_media
2020-10-22 10:04:59
TIMON_BERKOWITZ, Саламатсызбы? Сурооңузга кийинки сандарда адистен жооп алып берүүгө аракет кылабыз. Рахмат!
0
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан