БАЙСАРИЕВ БАКЫТ

Чыгыш бийин мыкты бийлегендигинин артында кыздардын кумирине айланууга мүмкүнчүлүк алган Бакыт Байсариевдин жеке жашоосу, чыгармачылыгы, хоббиси сизди кызыктырса, Бакыт менен болгон чакан маегибиз назарыңыздарда.
Байсариев Бакыт 1985-жылы 30-июнда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Шаарыбыздагы “Амбасадор”, “Гарем” түнкү клубдардын директору. Бийден сырткары сууда сүзүүгө кызыгат.

– Бакыт, канча жашыңдан бери бийлеп келесиң?
– Кичинекей кезимде ата-энемдин каалоосу менен бий ийримине бара баштагам. Башында бийди хоббим катары эле кабыл алсам, кийин мектепти бүткөндө ойлонуп, келечектеги кесибимди бий өнөрү менен гана байланыштырууну чечкем. Бий менен алектенгениме 15 жылдын жүзү болуп калды. Бий боюнча Египетте, Москвада сабак алып келгем. Ошондой эле Казакстанда, Египетте, Турцияда жыл сайын өтүүчү бий фестивалдарына катышып келем.
– Эмнеге бийдин чыгыш түрүн тандагансың?
– Эки жыл мурун Египетте бий фестивалы өткөн. Ошол фестивалда чоң эле киши чыгыш бийин бийлеп чыккан. Ошондогу элдин ал кишиге чапкан дүркүрөгөн кол чабуулары мени таңкалтырган. Элдин чыгыш бийин мындай деңгээлде кабыл алганы мага түрткү болдубу, айтор, эки жылдан бери чыгыш бийин бийлеп келем.
– Кыргызстанда профессионал бийчилер бар деп ойлойсуңбу?
– Бар, бирок, аз. Жакын арада мени расмий түрдө маданият министрлиги Кыргызстандагы бий тармагы боюнча президенттикке көрсөткөнү турат. Буюрса, Кыргызстан боюнча бий президенти болуп калсам, профессионалдык деңгээлдеги бийчилерди чыгарайын деген тилектерим бар.
– Атайын бий өнөрү боюнча сабак берээриңди угуп калабыз.
– Ооба. Шаарыбыздагы “Прадо”, “Сан клуб”, “Карвен клуб”, “Баттер Флей” спорт клубдарында бий боюнча сабак өтөм. Ошондой эле бийге кызыккан, бирок, акчасы жок жаш таланттуу балдар-кыздар болсо, алардан акча албай сабак берем.
– Эки түнкү клубдун директору болсоң, төрт спорт клубунда иштесең бош убактың болобу?
– Бир күндө эки-үч саат эле уктайм. Түнкүсүн клубда иштесем, күндүзү бийден сабак бергендигимден, бош убактым абдан аз. Ошондуктан, бир аз бошосом эле жаздыкты кучактап уктаганга кирем.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Жакшы көргөн адамым бар. Чогуу жүргөнүбүзгө бир жарым жыл болуп калды.
– Сүйлөшкөн кызың сени күйөрман кыздарыңдан кызганбайбы?
– Жок, кызганбайт. Менин жумушумду түшүнүү менен карайт.
– Спортко кандай карайсың?
– Спортко көп деле кызыкпайм. Бирок, сууда сүзгөндү жакшы көрөм.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан