АМЕРИКАЛЫК ЖАРАН ЖЫРТКЫЧТАН АМАН КАЛДЫ

АКШнын Юта штатынын жашоочусу чуркоо үчүн чыгып, жырткыч пумага кабылды. Эркек киши бул жырткыч жаныбардан качып бара жатканын видеого тартууга үлгүргөн.

11-октябрда 26 жаштагы Кайл Барджесс шаардан алыс жаратылыш паркында чуркап жүргөндө кичинекей жандыктарды байкап калат. Кайл буларды сүлөөсүндүн балдары деп ойлоп, жакын келип телефонуна тарта баштайт. Бир нече убакыттан соң жолдон пума чыга калган. Ошол маалда Кайл бул анын балдары экенин жана аларды коргоп жатканын түшүнгөн.

Ал телефонундагы камераны өчүрбөстөн акырын артка жыла баштайт. Бирок жырткыч моюн бербей ыркырап, кол салуу максатында секирип, бир канча аралыкка чейин кубалап барган. Ошол учурда Кайл жерден таш алып жырткыч мышыкка ыргытып, анын агрессиясын күчөтпөө максатында акырын жылып, бирок видеого тартып жүрүп отурган. Жыйынтыгында ал аман калган.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baha.A
2020-10-19 09:34:46
Видиги жокпу?
+2
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан