Ирландияда коронавирус жугузуп алып комага түшкөн аял эгиз кыз төрөдү. Ал кош бойлуу учурунда коронавирус жуктуруп, комага түшүп, оор абалда жаткан. Бирок аял вирусту жеңип, балдарын аман-эсен жарык дүйнөгө алып келгенин басылмалар жазып чыгышты.
32 жаштагы Даниэль Мартиндин дем алуусу начарлап жатканда анын тогуз айлык боюнда болгон. Анын абалы дароо начарлагандыктан, дарыгерлер аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушкан.
Аял он күн жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. Кийин анын абалы жакшы болуп калганда, врачтар аны кадимки палатага которушкан. Үй-бүлөнүн жаңы төрөлгөн эгиздери 3 уулдан кийинки кыздар. Эми үй-бүлө 5 балалуу.
Жолдубек Качкынбаев