ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ АТАКТУУ ТЕАТРЛАР

Театр – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Бул ирет театр күйөрмандарына дүйнөдөгү эң атактуу театрлар жана опера театрлар тууралуу баяндап берели деп чечтик.

ВЕНА ОПЕРАСЫ. ВЕНА

Австрия – Гайдн, Моцарт, Бетховен сыяктуу көптөгөн музыка дүйнөсүнүн классиктеринин өлкөсү. Балким, дал ушул себептен дүйнөдөгү эң атактуу опера театры деп Венадагы театрды айтууга болоттур. Имарат 1869-жылдын 25-майында австриялык чыгаан композитор Амадей Моцартанын “Дон Жуан” аттуу операсы менен ачылган. Театр башка театрлардан өзүнүн архитектуралык кооздугу жана түрдүү репертуарлары менен айырмаланат. Бул театрга дүйнөлүк классиктердин чыгармалары коюлган. 1945-жылы имарат талкаланып, арадан 10 жыл өткөн соң кайра курулган. Саны боюнча Венадагы опера театрына коюлган концерттерге бир дагы театр тең келбейт. 285 күндө мекеменин ичинде 60ка жакын опера коюлат. 1500 көрүүчүгө ылайыкталган. Мамлекеттик опера театры жылына бир ирет дебютанттардын бийлөө аянтчасына айланат. Кечеге 100 жуптан куралган дебютанттар өткөн кылымдагы ак бийге түшүү үчүн келишет. Эскерте кетсек, бул салтанат ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктарынын тизмесине кирген.

ГРАНД-ОПЕРА. ПАРИЖ

Париждеги эң атактуу театр – Гранд-опера. 1669-жылы Людовик XIV опералык театрды негиздөөгө акын Пьер Перренге жана композитор Робер Камберге уруксат берилген. Бул кылымдар аралыгында театр бир нече ирет ордун жана атын өзгөрткөн. Кереметтүү сарайдан франциялыктар биринчилерден болуп Прокофьев жана Стравинскийдин өлбөс-өчпөс шедеврлерин угушкан. Эгер театрдын жасалгасына кайрыла турган болсок, декорациянын үстүнөн дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Пикассо иштеген. Улуттук опера театры 1970 кишиге ылайыкталган жана бир учурда 450 артистти батыра алат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан