"APPLE" КОМПАНИЯСЫ ЖАҢЫ IPHONE 12 СМАРТФОНДОРУНУН БЕТ АЧАРЫН ӨТКӨРДҮ

13-октябрда "Apple" компаниясы жаңы смартфондордун бет ачарын өткөрдү. Бул жылы демейдегиден кеч өттү, бирок көпчүлүк iPhone'дун кулактандыруусун сентябрь айында эле күтүшкөн болчу. АКШда өткөн презентацияда "Apple" iPhone смартфонунун жаңы моделдерин сунуштады. Алардын катарына iPhone 12, iPhone 12 mini, iPhone 12 Pro жана iPhone 12 Pro Max бар.

Жаңы смартфондордун негизги өзгөчөлүгү - 5G технологиясын колдоо. 5G смартфондогу интернет байланышын түзгөн технологиянын бешинчи мууну болуп саналат.

Гаджет OLED дисплейи менен жабдылган жана анын айнеги жаңы бышык Ceramic Shield технологиясы менен корголгон. Смартфон мурункусуна салыштырмалуу 11 пайызга ичкерип, 15 пайызга жеңилдеген. Тегерек кырлары дизайнынын айырмалоочу өзгөчөлүгүнө айланып, гаджеттер iPhone 4 жана iPhone 5 телефондорун эске салат. Дисплейдин диагоналдары iPhone 12 mini үчүн 5,4 дюйм, 12 жана 12 Pro үчүн 6,1 дюйм, ал эми Pro Max үчүн 6,7 дюйм.

IPhone 12 мурунку үлгүдөгү кош камераны алган. Ал эми iPhone 12 Pro Max телефону үчүнчү камерага ээ. Ошондой эле, камерада жаңы Smart HDR 3 функциясы бар. Ал ар түрдүү жарыкка каршы сүрөткө тарта алат. Мындан сырткары iPhone түнкүсүн сүрөткө тартуу мүмкүнчүлүктөрүн да жакшырткан. Адистер кесипкөй сүрөттөдү редакциялоо үчүн, "Apple" ProRAW жаңы режимин түзүп чыгышты. Бул сүрөттөрдү түзөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Жаңы iPhone 12 жана iPhone 12 mini моделдери беш түстө чыгары белгилүү болду. Алар кара, ак, кызыл, жашыл жана көк, IPhone 12 Pro Max та болсо, күмүш, кара, алтын жана көк түстөрдө сатыкка коюлат. Бул жолу, iPhone дун сатууну ишке киргизүү боюнча схемасы кыйла татаалыраак көрүнөт. Анткени iPhone 12 жана iPhone 12 Pro 23-октябрда сатыкка чыгат, ал эми алдын ала буюртма 21-октябрда башталат. iPhone 12 mini жана iPhone 12 Pro Max бир айдан кийин чыгат, алдын ала буюртма 6-ноябрда башталат. Ал эми сатуу 13-ноябрда башталары айтылган.

IPhone 12 Pro'нун базалык версиясы 1000 долларга, Pro Max 1100 долларга бааланып, ал эми сомго болжол менен 110 миңден башталат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан