(Башы өткөн сандарда)
Бир-экөөсү колумдагы кол капты тиштеп да алды. Суунун түбүнө кирип алтындарды чөнтөгүмө бөлүп салып, суунун түбү менен сүзүп үңкүрдүн төр жагынан чыктым. Асканын орчуктарына карманып карап турсам, көпчүлүгүн жарык кирип турган тарапта суу тартып кетип ошол бойдон жок, кайра чыкпай калып жатышты. Бир топ келемиш аскаларга тырмышып, мага секиришет, кол кабым калың булгаарыдан болгондуктан гана тирүү калдым. Тим эле жанкечтиленип кол салып жатышты. Секиргенин бычак менен сайып, бир колум менен үңкүрдүн ары жагына ыргытып жаттым. Суу кыпкызыл кан болуп калды. Жакындагандарын бутум менен сүрүп, айтор, жан талашып коргонуп жаттым. Көпчүлүгүн суу тартып кетип жатып эле аман калдым, эгер баары тең жабыла кол салса жеп коюшмак. Алтынга өтө эле өч болушат экен, суунун агымына каршы, мени көздөй чыйылдашып, жан талашып сүзүшүп, кээ бирлери аскага жармашып мага жетейин деп секирип да жатышты. Бирок чекелери тайгак болуп, айтор, баары агып, суу тартып кетти.
Тура берсем болбойт, мен да суунун түбүнө чумкуп жарыкка карай сүздүм, агым катуу экен, суу агып чыккан жер үч метрдей тереңдикте экен, суу өзү эле тартып кетти. Эни бир метрдей туннель сыяктуу жер менен, адашпасам, беш-алты метрдей бар, суу көз ачып-жумганча көлгө алып чыгып койду. Туннелдин чыга бериш жеринде дарактардын тамырлары, балыр сыяктуу чөптөр тосуп турат экен, араң чыктым. Асканын түбүнөн чыккан экенмин, жогоруну карасам асканын башында бир караан мен асылып түшкөн жипке карманып алып ылдыйды карап жатыптыр, колунда мылтык. Көрүп калбасын деп дароо суунун түбүнө чумкуп кирип кеттим. Асканын түбүн кармап кетип баратып колум боштукка урунду, оюк экен. Оозу суу менен жабылып, ичи эки адам баткыдай үңкүр сыяктуу жер экен. Ичине кирип бир аз дем алып жаттым. Алтындарды санасам отуз жети даана экен.
Жогорудагы мени аңдып жаткан адамды тааныдым, пансионаттын кароолчусу эле. Ал жашы кырктарда, арык, бою кичине, тырышкан чап жаак адам эле, аты Камчыке. Биринчи көргөндө Кытайдын кинолорундагы ач арбактай болгон адамдарга окшотком негедир. Көздөрү кичинекей болуп, кыскасы, мага бир көргөндө эле негедир жакпаган. Ал ар дайым кечинде келип, эртең менен саат тогуздарда кеткендиктен, көп деле мамилем жок болчу.
Мени кантип көрүп калды экен, Акимыч артымдан аңдып жүр деп койгон окшойт. Датчик менен таап алды дейин десең датчик жилетке тигилген, жилет Гулинин инисинде калса. Эми менин бул жакка келгеним, аскага түшкөнүм Акимычка жетип калса, мени тирүү койбойт.
Эми бир нерсе кылып бул адамды көндүрүш керек. Алтын берем десем макул болот баары бир. Буга деле акча керек да. Азыр Акимычка кабар бере албайт, телефон тартпайт бул жерде. Эптеп Акимычка жеткизбей кармаш керек. Асканын түбү менен элүү метрдей агып барганда суу чукул бурулат, жогорудагы адамга көрүнбөйт.
Абадан оозума толтуруп алып үңкүрдөн сүзүп чыгып, суунун түбү менен бурулушка чейин агып кете бердим.
Жээкке токойлуу жеринен чыктым. Эми кантип кармайм, артынан көрүнбөй чыгыш кыйын. Менин чыгып баратканымды көрсө качып кетиши мүмкүн.
Саатты карасам пляждан чыкканымдан бери бир сааттай убакыт болуп калыптыр. Камчыке эми качанга чейин отурат ал жерде?
Жогоруну карап бекинип отургандан башка айлам калбады. Көп өтпөй Камчыке негедир шашып эле атына минип ылдыйга түшө баштады, Акимычка барып айтайын деди окшойт. Өтөр жолуна жакын даракка чыгып бекинип отуруп калдым. Мылтыгы бар экен, алдына ээрге илип алып келатат. Тез эле түшүп келди, жаныма келгенде үстүнө секирип аттан оодарып түшүп, алдыма басып алдым. Аты качып кетти, мылтыгы да ат менен кетти. Көздөрү алайып калыптыр:
– Жан соога, баатыр, өлтүрбө, бала-чакамды ойло,- деп жалына баштады. Мени өлтүрөт деп ойлогон окшойт.
– Токто, Камчыке, мен сага жамандык кылбайм, коё бербегенде эмне кылмак элем, сүйлөшүп алалы.
Көзүмө карап турду да, колунан жамандык келбейт дедиби:
– Макул, макул, баатыр, сүйлөшөлү, сүйлөшөлү, айтканыңды кылам,- деп, ордунан туруп кагына баштады. Жөө качып кете албайт эле, мен да кийимдеримди кагынып калдым.
– Кана, баатыр, эми сүйлөчү,- дейт, карасам колуна тапанча кармап алыптыр, "Макаров" экен, учуна атылганда үн чыкпас уланган. Жанагы жалынып жаткан адам жок, тим эле көзү жайнап алган.
Унчукпай эле туруп бердим, тапанчанын сүрү жаман экен. Кинодогу тапанчаны ыргыта тепкендер жалган эле окшойт. Бутумдун астына эки жолу атып жиберди, эки колумду көтөрүп эле турам, шылдыңдап ар нерсени сүйлөп, жерге дагы бир жолу атты. Колумду ого бетер болушунча созуп, бийик көтөрүп алдым. Эмне, адамды шылдыңдап сүйлөгөндөн ырахат алабы, ар нерсени сүйлөдү. Сүйлөйүн десем, сүйлөтпөй койду, айлам куруду, эми эмне кылам? "Азыр Акимычка барабыз, ошого сүйлөйсүң" дейт.
Асканын түбү болгондуктан турган жерибиз шагыл эле, Камчыке менден алысыраак турайын дедиби, артка жылам деп жатып, чоңураак ташты тебелеп алып кулап кетип жатып мени атып жиберди, ок кулагымдын жанынан өтүп кетти, абаны жарып учкан үнү кадимкидей угулду. Эч нерсеге карабай, секирип басып калдым. Тапанчасы колунан чыгып кетип алысыраак түшүп калды. Таң калдым, жанагы Камчыке жок, дароо өзгөрдү, көздөрү алайып эле ыйлап жиберсе болобу?! Алаканым менен жаактан ары бир салдым. Кызарып кетти, ого бетер күчөп ыйлап жалына баштады.
– Токтот, болду токтот, мен сага эч нерсе кылбайм. Эмне, өлтүрмөк белем?- десем деле болбой ыйлап, бир маалда көздөрү аңтарылып эле титиреп жатып калса болобу, коркуп кеттим. Оюмда тарамыштары тартылып калды дедимби, шашканымдан колдоруна, буттарына массаж жасай баштаптырмын. Эки мүнөттөй титиреп, оозунан көбүк чыгып барып тынчып жатып калды. Маал-маал бир дирт деп титиреп коёт. Жанында отурам эмне кылышты билбей. Анан оюма бир нерсе келди, анткорлонуп жатпады бекен деп, бир колум менен буттарына массаж жасап, бир колум менен акырын ага байкатпай тапанчанын магазинин чыгарып, беш огу калган экен, баарын чыгарып чөнтөгүмө салдым да, магазинди кайра тапанчага салып ордуна таштап койдум. Анан суу жакка чуркап кеттим. Сууга барсам аты турат, чылбыры карагандарга илинип өрүлүп калыптыр. Колума суу кочуштап алып артымды карасам Камчыке тапанчасын кармап мени карап күлүп турат.
– Э-эй, акмак, бери кел, даана көк мээ турбайсыңбы!- деп жыргап күлөт. Унчукпай жанына бардым, төрт-беш кадам калганда:
– Токто, отур, отур ошол жерге!- деп колу менен жерди көрсөттү. Жерге отурдум.
– Камчыке, токто, сүйлөшөлү. Мен алтындарды таптым, экөөбүзгө тең жетет. Шашпасаң сүйлөшөлү,- десем,
– Жок, ал алтындар Акимычтыкы,- дейт, оозум ачылып калды, мен өзүнө алам деп жатат го деп ойлогон элем.
– Ой, Камчыке, Акимычты эмне кыласың, аныкы ансыз деле жетиштүү, ашыгы менен керек болсо. Эмне, сага акча керек эмеспи, бала-чакаң бар го?
– Жок, Акимыч алса алтындарды мага да берет.
Оозум ачылып калды, эмне ушунчалык эле Акимычты Кудайындай көрүп калганбы? Өзү деле алып кетсе болот го алтындарды, Акимычка бербей. Таң калдым.
– Ой, акыры экөөбүз бөлүп алсак сага көп тиет го, өмүрүңдүн акырына чейин жетип, бала-чакаң эмес, небере-чөбүрөлөрүңө да жетет го. Акимыч сага канча бермек эле?
– Жок, сен менин башымды айлантпа, Акимыч алыш керек,- дейт кайра эле.
Көк мээлигине жиним келип кетти, "Акимыч эле, Акимыч" деп, биротоло кул болуп калган окшойт го Акимычына, же коркокпу ушунчалык? Ордумдан шашпай туруп, жанына басып баратсам таң калып карап калды да, тапанчаны мага такап курокту баскылайт кайра-кайра. Акыры түшүндү окшойт, көздөрү коркконунан чанагынан чыгып кете жаздады, катып калыптыр ордунда, каршылык да кылганга жарабады...
(Уландысы кийинки санда)