СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошондуктан муну эч ким, эч нерсе өзгөртө албайт деп ойлойм.
– Жок, сен мени туура эмес түшүнүп алдың. Сен дүйнөдөгү эң сулуу, эң мээримдүү кызсың. Тескерисинче, сендей таза кызга Рустам тең эмес деп жатам. Билесиңби, ал... Ал деген...
Кубат кызарып, мукактанып кетти да, Айдананын билегин назик сылап жиберди.
– Куба, сен анын жакын досу эмессиңби?
– Досумун. Ошон үчүн мен аны сенден жакшыраак билем. Кеп анда деле эмес. Мен сага баары бир айтышым керек. Мен сени жакшы көрөм.
– Кубат, мен Рустамды сүйөм. Эч ким мени андан ажы­­­рата албайт. Мени кечир,- деп баса берген.
Ушул нерселер көз алдынан кайкып өттү.
– Келген мейманды босогого коюп койбой, өт десең боло...
Кубаттын коңур үнү аны ойготуп жибергендей болду.
– Кечирип кой, ойлонуп кетиптирмин. Кел, өйдө өт.
Айдана бажырайган роза гүлдөрүн вазага салып жатып, өзү да байкабай оор үшкүрүп алды.
– Кандай жашап жатасың?
– Жакшы. Баары жайында...
Канчалык аракет кылганы менен, экөөнүн ортосундагы оңтойсуздук кетпей койду. Чай ичип болуп ордунан турган Кубат кетүүгө камынды.
– Кой, мен жылайын. Сенин абалыңды билип коёюн деп эле киргем. Баса, кечээ Рустамды көрдүм. Кубанып жүрөт...
– Рустамды... Кубанып жүрөт дейсиңби? Эмнеге?
– Уулдуу болгонун уккан жок белең?
Айдананын денеси титирей түштү. “Кубанып жүрөт экен да. Уулдуу болуптур. Эми мени ойлогонго да чамасы келбей калса керек. Эмнеге мени ойлойт эле? Эми экөөбүз эки башка жээктин адамыбыз. Кызык, эгерде ал мени унутса, эмне үчүн мен аны унута албай жатам? Мага эмне үчүн ушунчалык оор болуп жатат?”- деп ойлоп турду.
– Бактылуу болсун!- деди бир аздан кийин. Бул Рустамга айтылдыбы же анын баласына айтылдыбы, өзү да аңдаган жок.
– Болуптур, баары жайында болсо мен кетейин…
– Жакшы бар.
Сыртка чыгып бара жаткан Кубат Айдананы ийинден ала өзүнө каратты. Кыздын көздөрү жардын кырында турган аркардыкындай жалдырап турганын көрүп аяп кетти.
– Чын эле баары жайындабы?
Буулугуп турган кыздын кө­зү­­­нөн жаштар куюлуп кетти. Кантип Кубатты кучактап, энтиге көз жаш төгүп жибергенин билбей калды.
– Жок, баары жайында эмес. Баары мен каалагандай эмес. Мен кыйналып жүрөм. Мен кимдир бирөөнүн тагдырын карызга алгандай кыйналып кеттим. Эч качан мындай кыйналган эмесмин. Эмне кыларымды билбей калдым. Канчалык анын элесин өзүмдөн кубалаган сайын, ошончолук ээрчичү болду. Чыдай албай калдым, мындан ары. Эмне кылайын? Айтчы, бул нерседен кантип кутулушум керек? Менин даңкым, жеттим деген бийиктиктеримдин баары анын жанында, анын бир көз карашынын алдында түккө турбаган нерсе.
Айдана айтып жатты, ыйлап жатты. Оо, дегеле көптөн бери мынчалык ачылып бир адамга сырын айта элек эле. Буулуп турган каптын оозу ачылып кеткендей, болгон ызасын, бугун, айласыздыгын Кубаттын алдында төгүп жатты. Кубат апкаарып калды. Кыздын дирилдеген назик денесин кучактап, оозуна сөз кирбей турду.
– Бардыгы өтөт. Бардыгы жайына келет. Ыйлабачы... Сага мурун эле айтпадым беле? Ал адам сенин теңиң беле?
Кучактап турган боюнча маңдайынан сүйүп алды.
– Каалайсыңбы? Азыр эле жетелешип кирип барып, атам менен апамды сүйүнтөбүз. Сен аларга жакшы келин болосуң. Мен сени коргой алам.
Көз жашы төгүлүп жаткан кыз селт эте түштү. Боюн жыйып, акырын оолактай берди.
– Ал эмне дегениң?
– Мен мурун эле сени жакшы көрчүмүн. Болгону, Рустамдан кийин жолуктук. Эх, кандай гана өкүндүм дейсиң?! Кандай гана жаным кыйнала кызгандым?! Бирок сенин көзүңө андан башка эч ким көрүнбөй койду. Сен азыр ойлоп жатасың, эркектин баары бирдей, куру убада менен тил эмизе беришет деп. Андай эмес. Рустамдын аркасынан жүгүргөн кыздар мурун эле көп болчу. Андай эркектер кимдин ким экенин билбей калышат. Туурабы? Азыр да кеч эмес. Мен эч качан мурунку жашооңду эстебейм. Сага да эстегенге мүмкүнчүлүк бербейм. Баарын жаңыдан баштайбыз. Макул деген гана бир сөзүң...
Айдана ойго туна түштү. Жалгыздык жанына батып турганда Кубаттын жалындуу сөздөрү, көздөрүндө калкыган махабаты жаралуу жүрөгүнө майдай жагып турду. Бирок ал таптакыр башка адам болчу. Дилине, жүрөгүнө жат адам эле. Көз ирмемге Кубат экөөнүн үй-бүлө болуп жашап жатканын көз алдына келтирди да, аста башын чайкады.
– Жок, Кубат, экөөбүз тең азыр жашообуздагы эң чоң катачылык кетиришибиз мүмкүн. Сени бактысыз кылып, кийин бармагымды кырча тиштегим келбейт.
Кубат Айдананын көзүн карап, анын артка кайтпай турганын сезди да, үн катпастан эшикке бет алды. Аркасынан үнсүз телмирген Айдана жалгыз кала берди.

ххх

Наристенин жыты кандай таттуу. Рустам уулунун жытын искеп алып жылмайып алды. Ымыркай атасынын демин сезгендей ал көзүн ачып-жуумп, эрдин чормойтуп жатты.
– Айдин, сен билесиңби, атаң сени жанындай көрөт. Кичине торолсоң, жөжөдөй кылып жанына ээрчитип алат. Анан экөөбүз көп жерге барабыз, көп жерди кыдырабыз.
– Кичине неме сенин айт­кан­дарыңды түшүнөт деп жатасыңбы?- деп алды ууртунан жылмайган Айнура.
– Түшүнөт. Уулум экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз.
– Баса, апам “бала торолгондо мага берип, жумушка чык” деп жатат. Сен кандай дейсиң?
Рустам аялын таң кала тиктеп алды.
– Сен эмне, макул болгон жа­тасыңбы?
– Сага айтуу жеңил. Күнү кечке бала менен алышып отурсам, кечинде келип же жылуу сөз айтпайсың.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mahabaha
2010-10-03 21:25:06
качан бутот?
0
sakunya
2010-10-04 13:17:41
дагы эми кутобус пу ? качан деле бутот киши оорутмай болдунар го
0
Demon
2010-10-04 17:31:25
oi, kachan butot devegilechi ...
0
meerime
2010-10-04 17:45:59
Aidindi da chonoitup uilondurushot ko.
0
Kiza
2010-10-04 19:53:52
Иииииииииииий, чыдабай баратам...........Аягы кандай болду экен.....
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан