Кыргызстандан Орусияда өткөн мелдешке барган спортчу Нургазы Акылбек уулу «Колизей ММА» мушташ уюмунун мелдешине катышып, чемпиондук курду жеңип алды. Кезектеги “Чемпиондор таймашы” турнири Москва шаарында 18-октябрда өткөн. Нургазы Акылбек уулу 57 килограмм салмак категориясында Colosseum Team титулу үчүн октагонго чыккан. Анын атаандашы орусиялык мушкер Селам Микаилов болду. Акылбек уулу биринчи раунддун экинчи мүнөтүндө эле атаандашын жеңип алды.Гүлжан Асанкожоева