«EXO’нун» эң мыкты лидери СУХО

Бүгүн ким жөнүндө сөз болорун байкасаңыз керек? Канча жылдан бери k-pop сахнасында ийгилик жаратып келе жаткан популярдуу «EXO» тобунун лидери Сухо менен жакындан таанышалы деп чечтик.

Аты-жөнү – Ким Жун Мён

Псевдоними – Сухо

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы – 1991-жыл, 22-май

Бою – 173 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, агасы бар

Кесиби – «EXO» тобунун лидери, ырчы, актёр

Лейбл – SM

ҮЛГҮЛҮҮ ОКУУЧУ

Ал кичинесинен эле лидер болду. Атасы университетте мугалим, апасы мектепте мугалим. Адатта мугалимдердин баласынан көптү күтүшөт эмеспи. Баскан-турганы, окуусунан бери башкаларга үлгү болушу керек. Ким Жун Мён мугалимдердин баласы кандай болушу керек деген талаптардын баарына туура келчү. Мектепте жакшы окуду, алгач классынын президенти болсо, кийин жогорку класстарга өткөндө вице-президент болуп жүрдү. Иш-чараларга активдүү катышкан, мектеби баалаган, сыймыктанган окуучу болду. Баласынын ийгилиги ата-энеси үчүн сыймык эмеспи. Жун Мён мектепти артыкчылык менен аяктаганда ата-энеси ага синтезатор белек кылышкан.

Корей улуттук искусство университетинде билим алган Жун Мён кайрадан мыктылыгын көрсөттү. Анын фамилиясы эң кыйын делген 50 студенттин катарынан орун алды. Эгер ырчы актёрлук кесипти тандабаганда, ал дагы ата-энеси сыяктуу мугалим болмок. Бирок азыр Жун Мён дүйнөгө белгилүү адамдардын катарында келе жатат.

ИЙГИЛИКТҮҮ МУЗЫКАНТ ЖАНА АКТЁР

Чыгармачылыкка да жөндөн жөн келип калган жок. Кичинесинен музыкага, өзгөчө фанк-рок жанрындагы ырларга жакын болчу. Баласынын кызыгуусун байкаган ата-энеси да бекеринен синтезатор берген эмес да. Келишимдүү, таланттуу жигит “SM” агенттигинин көз жаздымында калбай, Жун Мёнду стажёрлукка чакырышат. 2006-жылы компания менен келишим түзгөн ал 6 жыл стажёр катары даярданып жүргөн. «EXO» тобунун куралышы менен ага эң биринчи мүчө болуп алынган да, топ 2012-жылы дебют жасаган.

Андан бери топтун канчалык жогорку деңгээлге жеткенинен кабарыңыз бардыр. Сухо болсо топтон сырткары жеке ырчы катары да талантын такшалтты. Чет жердик кесиптештери менен ырларды жаздырды, өзү да ар кайсы тасма, сериалдарга саундтректерди жазып, музыкант катары таанылды. Анын биринчи музыкалык альбому “Self-Portrait” аталышында ушул жылдын 30-мартында жарык көрдү.

Сухонун актёрдук чеберчилиги тууралуу сөз кылбай кетсек болбостур. Ал катышкан тасма-сериалдардын саны ондон ашат. Алардын айрымдарын мисал кылсак, “Бир тараптуу сапар”, «Менин кошуналарым «EXO», “Бай эркек”, “Нан, кандай жашап жатасың?” жана башка.

«2020-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ K-POP ЛИДЕРИ»

Мындай наамды «EXO’ну» 2012-жылдан бери жетектеп келе жаткан топтун лидери Сухо алды. King Choice платформасында “Кайсы k-pop лидер эң мыкты?” деген сурамжылоо жүргүзүлүп, ага дүйнө жүзү боюнча 29 миллиондон ашуун адам катышкан. Сурамжылоонун жыйынтыгында 6 миллион 744 миң 780 добуш менен «EXO’нун» лидери биринчиликке чыкса, экинчи орунга 6 миллион 718 миң 154 добуш алып “BTS” тобунун лидери RM, ал эми үчүнчү орунга “TWICE” тобунун башчысы Жихё 815 миң 248 добушу менен ээ болгон.

«EXO’нун» ырчылары Сухону мыкты лидер экенин башынан эле айтып келишет. “Чарчап, маанайыбыз жок болуп турган учурда Сухо позитивдүү, тамашакөй адамга айланып, баарыбызга стимул берет. Кээде күтүлбөгөн маселелер жаралып калганда ал эмоцияга алдырбай, токтоо, баарын ойлонуп, туура чечим чыгарганга аракет кылат. Топтун ар бир баласы менен өзүнчө сүйлөшүп, кимди эмне кубантып же капалантып турганынан дайыма кабардар”,- дешет мемберлер. Сухонун лидерлик сапаттарын бир гана «EXO’нун» жигиттери эмес, миллиондогон күйөрмандар баалаары жогорудагы сурамжылоодо анык болду окшойт.

«АЛ КАЙДА БОЛБОСУН ЛИДЕР!»

Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Сухо үстүбүздөгү жылдын 14-майында аскердик кызматын өтөөгө кеткен. Интернеттеги баракчасы аркылуу күйөрмандары менен коштошуп, аларга ден соолук каалап, "жакын арада көрүшкөнчө" деп коштошуп кеткен ырчы мырза көп өтпөй кайрадан күйөрмандарынын мактоосуна арзыды. Аскердик-машыгуу борборунун сайтына сүрөт жүктөлүп, анда взводдун командиринин формасын кийип турган Сухо да бар болчу. “Ал кайда болбосун лидер!” Мына ушундай пикирлер айтылган лидерди күткөндөр көп.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан