«Мен Тянь-Шань» тасмасында Кадичанын, «Ак кемеде» Бекейдин, «Курманжан датка» фильминде Курманжан датканын, деги койчу, бир топ тасмаларда, спектаклдерде ролун берилүү менен элди ишендире аткарган актриса, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Назира Мамбетова коногубуз болду. Актриса азыр да кыргыз театрынын келечеги үчүн салым кошсом экен деп талыкпай иштеп жүргөнүн айтат.
– Назира айым, саламатсызбы? Азыр эмне менен алексиз?
– Жакшы, рахмат. Азыр бошпуз, театрдын эшиги жабык. Пандемия деген неме дагы кандай жагдайга алып барат, белгисиз. Көрүүчүлөр үчүн 3 спектаклди даярдап койдук. Орус драматургу Николай Коляданын «Экөө» («Старая зайчиха»), Людмила Молдалиеванын «Жат эмесмин», Кайрат Иманалиевдин «Үмүт» деген пьесаларын сахналаштырдык. Акыркы жылдары Жаштар театрына спектаклдерге демөөрчүлөр өздөрү акчасы менен, драматургдар өздөрү пьесасы менен келип жатышат. Бул кубандырат.
Азыр аталган 3 спектаклди даярдап коюп, көрүүчүлөрүбүзгө тартуулай турган учурду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Азырынча театрдын эшиги качан ачылат, белгисиз.
– Театр демекчи. Жаштар театрынын мышык ыйлай турган абалы тууралуу буга чейин да айтып, коңгуроо кагып келгенсиздер. Жаңы театр курулат деп кубанып жаттыңыздар эле?
– Пандемия баштала электе мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов президент менен сүйлөшүп, жаңы театр курабыз деген чечимге келишкен экен. Бул генералдык планга кириптир. Азыркы каатчылык бизди чочутуп жатат. Бул демилге ишке ашабы, ашпайбы, бүдөмүк. Азыр сиз көрүп турган ээси кеткен эски сарайды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөбү, ал да белгисиз.
– Жашооңузда материалдык байлыкка умтулдуңузбу?
– Мен материалдык байлыкка умтулбайм. Менин байлыгым – көрүүчүлөр, ролдор, жан дүйнөм. 20-30 чыны үчүн кайгырганга караганда 20-30 адамдын тагдырына, ролдордун тагдырына кайгырышым керек.
– Сиздин үйүңүз жок экени көп айтылып калбадыбы. Буга чейин да курсташыңыз Марат Алышпаевден маек алганыбызда ал «Назира Мамбетовага наам бергенче үй берип койсо жакшы болбойт беле» деп кейиди. Сиз да ошентип ойлойсузбу?
– «Мен кыйратып жатам, эмнеге үй бербейсиңер?» деп кайсы эшикти тепкилээримди билбейм. Ошол эшикти билсем да өзүмдү сындыргым келбейт. «Жок» деп койсочу. Ошол жерден кантип туруп басып кетем? Театр босогосун аттаганыма 53 жыл болуптур. Ошто иштеп жүргөндө Оштон 2 бөлмөлүү батир беришкен эле. Аны сатып, ошол акчага Бишкектен үй алайын десем, сарай да келбейт экен. Ошондон бери батирде жашайм. Билесиңби, ошол кабат-кабат үйлөрдө жашап, түрдүү унааларды айдап жүргөндөрдүн ички дүйнөсү кандай экенин бир Кудай билет. Мен ички дүйнөмдү байытып, ички дүйнөмдө эл менен болгум келет. Бул дүйнөдөн таза өткүм келет. Бирөөнүн ырыскысын уурдагым келбейт. Азыр кабат-кабат үйлөрдү, чалкалап тебе турган унааларды айлыкка алыш татаал. Башкалар кантип ага жетип жатканын бешиктеги бала да билет.
– Ролдоруңуздун арасынан өзүңүзгө көбүрөөк жакканы, жакыны бар чыгар?
– Режиссёр, драматург же кесиптештер роль берип жатканда «ушул актёр же актриса аткара алат» деп ишенип беришет. Ишенимин аткара албай калсам, эртеңки күнү ролго жетиш кыйын болуп калат. Анан билет сатып алып келген көрүүчүлөрдү эмнеге алдашым керек? Сахнада ролумду чын жашоо сымал ойноп беришим керек да. Көрүүчүгө кейипкердин жашоосун көрсөтүп, «бул туура, бул туура эмес» деп көрсөтүп беришим керек.
– Сиз улуу инсандар – Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов сыяктуулар менен иштешип калбадыңызбы. Ошол адамдар тууралуу айтып бериңизчи. Алардын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Алар жөнөкөй, жанга жагымдуу адамдар болчу. Айтматов да, Чокморов да бир да кишинин алдында боюн да, оюн да көтөргөн эмес. Ар бири менен пикирлеш болгон, колун сунганга жараган. Эч качан сын айтышкан эмес. Алар жакшылыкка гана үндөгөн, ички дүйнөсү бийик адамдар.
– Жаш актёр-актрисалар кандай иштеп жатышат?
– Азыр бир роль ойносо чалкалап бой көтөрүп калган актёр-актрисалар бар. Себеби алар бул ролду аткаруу үчүн, ролго кирүү үчүн көп түйшүк тартышкан эмес. «Мен ойнодум, мен кыйраттым» дегендердин чыгармачылыгы кыска болот. Текстин жаттап чыгып гана үстүртөн аткарып койгондор гана чалкалап калышат. Ошончолук түйшүгүн салса, опол тоодой эмгек жасап образды чыгарса, кенедей болобу же чоң роль болобу өзүнө жакын, таттуу болот.
– Азыркы коммерциялык тасмаларды көрөсүзбү?
– Көрбөйм. Башталганда эле которуп салам. Ал тууралуу жаман же жакшы деп да эч кимге айтпайм.
– Жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшөлүчү...
– Жеке жашоомдо балдарым, неберелерим, чыны-казаным бар. Бул эч кимге кызык эмес деп ойлойм. Андай баарында эле бар да.
– Биз көбүнчө жаш өтүп калганда жанында чай ичип отурган адамдын болушу маанилүү дейбиз го...
– Мен чай ичип отура турган адам эмесмин. Мен чыгармачыл адаммын. Алымдын келишинче, күнүмдүн бүтүшүнчө жаштарга жардам бергим келет. Эртеңки күнү театр жок болуп калбашы үчүн жаштарды алдыга сүйрөгүм келет. Муну менен келечекти, өзүмдүн да, кесибимдин да, жаштардын да эртеңин ойлоп жатам. Менин бакытым – чыгармачылык.
– Жакында башыбыздан өткөн саясий окуялар тууралуу пикириңиз кандай?
– Мен саясатка аралашпайм, ал тууралуу сүйлөбөйм, кереги жок. Дооронбек Садырбаев маданият тууралуу, кыргыз эли тууралуу күйүп-бышып айтып жатып эмнени жеңди? СадыкШер-Нияз маданият тууралуу эмне деген сөздөрдү айтпады. Эмне утту? Эч нерсе. Ошондуктан ал менден көз каранды эмес. Ал бийик креслодо отурган адамдардан көз каранды. Исхак Раззаков айткандай, ошолор таза болсо, коом таза болот эле. Ошолор кир, заманыбыз да кир.
– Эмнеге адамдар бийликке умтулушат?
– Манчыркап май чайнагысы келет. Чалкалап креслодо отургусу келет. Бизге окшоп күнү-түнү маңдай тер төгүп иштегиси келбейт. Мен иштеп жатканда тер куюлат, алар иштесе май куюлат.
– 70 жаштан аштыңыз. Тыңсыз, жаш көрүнөсүз. Өзүңүзгө кандай кам көрөсүз?
– Спорт менен машыгам. Үйдө отуруп алып ар кандай көнүгүүлөрдү жасайм. Мен жасаган айрым көнүгүүлөрдү менин курагымдагы кемпирлер жасай алышпайт. Тамакты болсо тандабайм, жей берем. Бирок таттууга аллергиям бар, аны жебейм. Бетиме маскаларды жасап кам көрөм. Мен актрисамын. Эч качан актриса экенимди унутпайм.
– Кыялыңыз?
– Өмүрүм аз калды. Аз калган өмүрдү саз жашасам экен деп гана кыялданам. Демек, мындан ары да эмгектене берем.
– Азаматсыз! Өмүрүңүз узун болсун!
Перизат Музуратбекова