АЙДАЙ

Жаңы сериал

(Башы өткөн саныбызда)

Ажар андай эмес өңдүү. Келген күндөн эле жылуу сүйлөп, көңүлүмдү алганга аракет жасады. Макул, канчага чейин урушпай-тытышпай жашаар экенбиз, көрөбүз.
Өзүмдүн жандан башкача сулуу экенимди 6-7-класстарга келгенде сезип-туя баштадым. “Мукайдын сулуу кызы, кайда баратасың? Кандайсың? Эмнеге кабагыңа кар жаап калган?” Кошунабыз Гүлүм апа ушинтип ары өтсөм да, бери өтсөм да сүйлөп, каш-кабагымды байкап турат. Неге экенин деле билбейм, бирок ушул аялга ылым санап, жакынымдай жан тартып турам. Сүйлөп эле жөн койбой, “Мукай, бул кызыңдын билегине көз мончок тагып койсоңор боло. Жаман көздүү, жаман сөздүү кишилер канча? Бечара Мээрим ушундай чүрөк кызды төрөп, чоңойгонун көрбөй кете берди” деп шыпшына атамдын да мазасын алат. “Сулуу” деп бир эле Гүлүм эже эмес, бүтүндөй мектеп, теңтуштарым, мен тааныган жана мени тааныгандар айтышат. Акырындап мындай сөздөргө кулагым бышып бүттү. Күн өткөн сайын сумкама байкатпай шоколад, кат салгандар көбөйдү. “Жетинчи класстын кызына мындай нерселерди билиш эрте эмес бекен?” деп таң каларсыздар. Ооба, эрте болсо керек эле. Бирок дал ошондой өткөөл кезде жанымда “бул жакшы, тиги жаман” деп акыл айтып, жол көрсөтөр жакыным болбоду. Ажар экөөбүз үн-сөзсүз “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген келишимге келип алганбыз. Атамдын болсо жаңжалдан кулагы тынч. Ал ошонусуна ыраазы.
– Силердикинде жүргөн узун бойлуу жигит ким?
Мектептен келе жатканыбызда курбум Асел сурап калды.
– Кайсы жигитти айтасың?
– Үйүңөрдө жүрөт го, көк футболкачан, бою узун, далылуу...
– Атама жумуштап келген бирөө чыгар.
– Чын эле билбейсиңби, кызык... Апамдар “Ажардын уулу бар экен. Буга чейин атасы менен жашачу тура. Эми Мукайлар алышыптыр” дешти го?
– Кайдагы жомокту айтып турасың? Үйгө жашай турган болуп бирөө келсе, ушуга чейин мен билет элем да. Балким, конокко келгендир.
Аселди, ага кошо өзүмдү жооткотконум менен, ичим муздай түштү. Баласы бар экенин, ал биз менен жашай турганын бир ооз айтып коюшса болор беле? Атам да айтпады го.
Асел калп айтпаптыр. Дарбазадан кирип келе жатып эле узун бойлуу жигитке көзүм түштү. Колуна беш-алты шабдалы көтөрүп, бак аралап кеткен арыкты көздөй келе жатыптыр.
– Салам, сен Айдайсыңбы? Мен Арстанмын.
Шаарда өскөн бала экени көрүнүп турат. Өткүр окшойт. Сулуу да экен.
– Шабдалы жейсиңби?
– Рахмат, кийимимди которушум керек...
– Макул, тезирээк чыга кал. Эки-үчөөнү сага калтырам.
Мына сага, апасы аз келгенсип, эми анын зоңкойгон уулу ээлейт экен да биздин үйдү! Жиним келип, тиштене үйдүн туткасын кармап туруп калдым.
– Айдай, кызым, келдиңби?
Атамдын үнүн угуп, бала кездегидей ызалана түштүм.
– Кызым, үйгө конок келди. Биз да күтпөгөн элек, атасы менен таарыныша кетип баса бериптир. “Макул, үйдө жашай бер” дедим. Апаң көзүн жалдыратып турса, башка эмне дээр элем?
– Ооба, башка эмне демексиз? Үй кенен, дагы бир нече баласы келсе да батабыз.
Канчалык өзүмдү кармайын десем болбой, үнүм ызалуу чыкты.
– Ал эмне дегениң? Өгөй энеси менен тил табыша албайт экен. Сени деле бөтөн эне көзүң менен тең айланып карап, багып жатпайбы, кызым. Пейилиңди кенен сал.
– Макул, өзүңөр билесиңер. Мен эмне демек элем?
Мындай сөздөр атамдын жанына катуу батарын билсем да айтпай коё албай, бөлмөмдүн эшигин тарс жаап кирип кеттим.
Көзүмө үйдүн төрүндө илинип турган апамдын сүрөтү илинди. Балбылдаган муңайым көздөр. “Кызым, алтыным, мен жок кыйналдың, ээ? Сабыр кыл. Саамайыңдан жыттап, башыңдан сылабасам да, дайыма жаныңдамын. Сабыр кыл...” Апамдын сүрөттөгү муңайым көздөрү мага ушул сөздөрдү айткансыды. Кадимкидей жеңилдей түштүм.

ххх

– Сулуу экен. Экөөң куюп койгондой окшош экенсиңер. Жок, сен андан сулуураак көрүнөсүң.
Артымдан чыккан үндөн улам “дирт” эте денем жыйрылды. Үйгө бастырып келип алганы аз келгенсип, эми менин бөлмөмө да каалагандай кирип-чыгабы? Деги бул жигит адеп дегенди билеби? Жагымсыз бир сөздү “балп” эткизип, биротоло мага сүйлөгүс кылгым келип кайрылып, жылмайган каректерди көрүп апкаарый токтоп калдым. Жана байкабагам, көздөрү сулуу экен. Күрөңбү, кара-күрөңбү, айтор, оттуу. Анан да ал көздөр ушунчалык бир күлүңдөп турган экен, жинденгенимди унутуп, мен да эрксизден жылмайып жибердим.
– Кирсем болобу?
– Баш баккан соң сурап эмне кыла­сың?
– Рахмат. Бөлмөң кенен,­ терезең бак-шактын көлөкөсүндө, өзүнчө эле романтика. Мага жакты. Сураныч, мени жаман көрбө. Бул жакка келейин деген оюм жок болчу. Аргаң жок калганда каалабаган ишиңди жасаганга туура келет экен.
– Шаардан айылды көздөй көчө качууга эмне аргасыз кылды?
– Качкан деле жокмун. Чынында өгөй энем менен такыр келише албадым. Өзүм жөн жерден уруш издеген адам деле эмесмин. Тигиге болсо айла жок. Тилиңди тишиңе катып жүрүп, бир күнү баары бир жарыласың. Бул жакка келе бергениме кубанып отурам.
– Кызык, эмне үчүн?
– Дагы бир аз жүрсөм, аны өлтүрүп тынмакмын. Анда менин да, атамдын да күнү бүтмөк. Кичинекей бөбөгүм жетим калмак. Ошого жеткирбей өзүмдү кармап, бул жакка келүүгө эрким жеткенине сүйүндүм.
– Бул жактан да тынчтык таппа­саңчы?
– Жок, апамдын турмушу ушундай тынч, бейпил экенин билсем, илгери эле “шаарыңа рахмат” деп кол шилтеп баса бермекмин. Силердин үйүңөргө киргенде эле башкача бир жагымдуу атмосфераны сездим. Эми үйүңдөн кубаласаң да чыкпайм.
Тамашалай мага кол кезеген Арстандын жүзү заматта олуттуу боло калды.
– Сендей сулуу кызга жан сакчы да керек чыгар. Үйүңөрдө бекер жашабайм, сага жан сакчы болом. Келиштикпи?
– Келиштик!
Мына сага, Ажардын уулу менен жылуу мамиле түзүп кетем деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Жарым саат мурун эле узун бойлуу, кең далылуу, сулуу жигитти колум менен мыжып салгым келсе, эми сөзүнө жылмая күлүп отурдум. Тагдырдан дагы кандай кызыктарды күтсө болот?
Арстан менден үч жашка улуу экен. Эртеси атам экөөбүздү ээрчитип мектепке барды. Кечинде “тогуздун базасы менен окуу болсо, Бишкекке эмес, башка шаарга, мүмкүн, Казакстан, Орусияга окусам” деген Арстандын кебине атам менен Ажар макул болбой коюшкан. “Ырас, ушунча окудуң, эми бир жылына деле чыда. 11-классты бул жактан оку, аттестат ал. Анан тандаган окуу жайыңа окуталы”,- дешти.
Ошентип, мектепке үчөөбүз жетелеше чогуу келдик. Арстан менен атам мектеп директоруна, мен болсо классташтарымды көздөй жөнөдүм. Айыл жергеси кызык да. Биздин үйгө бир жигиттин келгенин мен айта электен мурун баары угуп-билип бүтүшүптүр. Чыдамы жок айрым кыздарыбыз Арстанды көргөнгө да үлгүрүшүптүр.
– О-оо, Айдайга подход жасаш керек тура.
– Өзүнө жагып калып жүрбөсүн?
– Кайдагыны айтпачы, “өзүнө жагып калып” деп. Ал Ажар эженин уулу экен, түшүнүктүүбү?
– Түшүнүктүү дечи, бирок экөө бир тууган эмес да.
– Ооба, экөөбүз бир тууган эмеспиз. Анын апасы, атасы башка, меники таптакыр башка. Бирок эми бир үйдө бир туугандай жашайбыз. Жиниме тийбесеңер, Арстан менен тааныштырам. Болбосо, жок.
– Биринчи мен таанышам!
Аселдин мүнөзү абдан ачык, шайыр. Ал тура калып моюнума асыла кетти.
– Шаардык жигит менен Айдай биринчи мени тааныштырат.
Биздин ызы-чууну агай келип токтотту. Алгебраны абдан ынтаа менен окучу элем, бүгүн сабакка көңүл бөлө албадым. Ойлорум алда кайда учат. Көз алдымдан Арстан кетпей жатты.
Үйүбүзгө Арстан келгенден тартып, мен өзүмдөн бир өзгөрүүнү байкадым. Мурун атама да, Ажарга да көп сүйлөчү эмесмин. Дегеле, курбум Асел жана Гүлүм ападан башкаларга ачылып кенен сүйлөчү эмесмин. Эми эртең менен көзүмдү ачкандан тартып эле жылмайып алмай адат таптым. Анткени дайыма көзүмдү ушалай бөлмөмдөн чыкканымда оозу кулагына жете жалжайып күлүп турган жүздү көрөм.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aminali
2010-10-03 02:18:06
Surotun korgum kelip ketti uwul kizdin.
0
Aiko
2010-10-03 17:12:33
А ме Арстандын суротун коргум келип кетти
0
Аygerim
2010-10-04 16:52:13
суротторун да илип койгулачы......плииииииз
0
diko
2010-10-04 17:31:33
ЧЫн эле сулуу кыз менен баланын суротун илип койгулачы, элестетип окуйлу :)
0
meerime
2010-10-04 17:37:33
ekoonun suiuusu bashtalat turbaiby ee
0
айжылдыз
2010-10-04 20:07:39
Ушул сериалды аягына чейин окуйм го, аябай кызык экен...........
0
Kiza
2010-10-04 21:27:15
Супер, силер СУПЕРСИНЕР!!! Сооонун сериал экен.
0
swan
2010-10-05 00:56:52
Korkom chigarma da oto suluu bolboso kerek. Oto suluular seirek torolot. Adamdin ubaktisin alip okuuga majbur kilgan nerselerdin biri

0
milli
2010-10-06 21:27:59
Iiy Ayday tochno suyup kaldy, emne boloor eken emi?
0
deer
2010-10-07 10:46:37
maga da jakti,obi4no sandan sanga kuup okubaym.Ayudaydi buturot okwoym ayagina 4eyin
0
kyrgyzmyn-94
2013-05-10 18:40:36
Менин да атым АЙДАЙ:)
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан