ДҮЙНӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ АДАМДАР

ТҮКТҮҮ КЫЗ

Таиландда жашаган Супатра Сасупфан аттуу кыз сейрек кездешүүчү тукум куучулук – абрамса же гипертрихоза илдети менен жабыркайт. Анын жүзү, колу-буту түк менен капталган жана ал тез өсүп турат. Орто кылымдардан бери мындай коркунучтуу дарт менен 50 адам катталган. Супатранын айтымында, мурун мектепте окуп жүргөндө окуучулар аны шылдыңдашчу. Кыз 2010-жылы “Дүйнөдөгү эң түктүү кыз” катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргенден кийин айлана-чөйрөдөгүлөрдүн ага болгон мамилеси жакшы тарапка өзгөргөн. Супатра мындай оор сыноого кабылса да, өзүн көтөрүңкү маанайда алып жүрөт. Ал 2018-жылы турмушка чыккан. Супатра кичинекей кезинен тарта түрдүү лазердик жолдор менен дарыланып келген. Бирок эч кандай натыйжа болгон эмес.

РОЛЬФ БУХГОЛЬЦ – ПИРСИНГ АДАМ

Пирсинг – (тешилген) денени модификациялоо, жүзүн тештирип, ар кандай сөйкө, жалтыр-жултур темирлерди тагуу. Германияда дүйнөдөгү жүзүнө эң көп түрдүү сөйкөлөрдү тагып жүргөн киши жашайт. Анын денесинде, жүзүндө жана башында 453 пирсингдин элементи бар. Жашы 50дөн өтүп калган жаран "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Оозунун тегерегинде 94 сөйкө, кашында 25, мурдунда 8 иймек бар. Мынча көп пирсингди денесине кантип батырганы көпчүлүккө таң калычтуу. Бирок Рольф мырзалар арасында гана рекорд койгон. Ал эми аялдар арасында 7000 сөйкө менен – Элейн Дэвидсон турат.

МАРНИ ХАРВИ – КАНДУУ КӨЗ ЖАШ

Өзгөчө кыздын бүгүнкү абалына врачтар дагы жооп тапкан эмес. Бир күндө Марнинин кулагынан жана көзүнөн 5 ирет кан куюлат. Мунун баары 2013-жылы башталган. Ал уйкудан ойгонуп эле төшөктүн кан болгонун көрөт. Ал апасы менен дарыгерге кайрылат. Бирок эч кандай көйгөй табылган эмес. Күндөн күнгө Марнинин абалы начарлап, кан бир гана көздөн эмес, кулагынан, мурдунан да ага баштаган. Оорукана бул бейтаптын экинчи үйүнө айланган. Бирок изилдөөлөр эч кандай майнап берген эмес. Ал дартка байланыштуу окууну уланта албай келет.

ХИОМУНГ ШИН – ТАҢ КАЛЫЧТУУ ЖАШТЫК

Түштүк Кореяда жигит сыртынан 13 жаштагыдай көрүнгөнү менен, өспүрүмдүк курагы менен эчак эле кош айтышкан. Ал учурда 26 жашта. Жигит жапа чеккен дарттын аты “Горц синдрому” деп аталат. Шиндин эч жери оорубайт, болгону жаш көрүнөт. Чынында кыйыр түрдө жапа чегет. Аны клубдарга киргизишпейт, жеке жашоосу тууралуу айтуунун кереги жок. Көптөр бул жигиттин паспорту жасалма деп ойлошот. Экинчи жагынан карап көрсөк, бул жаран өз өлкөсүндө жылдыз. Аны ар кандай шоу-программаларга, тартуу иштерине чакырып турушат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан