КОЙ (21.03-20.04)
Жетекчилик менен чырдашуу башка иш караштырууга жеткирет. Убактылуу кыйынчылыкка кайышпаңыз, жакшы жакка өзгөрүү орун алат. Ден соолукка кам көрүңүз, оорулар олуттуу түргө өтүүсү ыктымал. Максаттарга жетүүнүн реалдуу жолдорун издеңиз. Жардамга кол сунгандарды пайдаланыңыз, сизге жеңил болот.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Каржылык абалды чыңдоого канчалык катуу киришсеңиз да, бюджеттеги жыртыкты жамап жетишпейсиз. Үй-бүлөдөгүлөр камыр-жумур мамиледе болуп, үйдө жагымдуу абал түзүлөт. Жалгыз бойлор өздөрүнө жуп болор адамды издөөлөрүн улантышат. Баамдабай керектүү кагаз, документтерди ыргытып жибербеңиз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ийгиликтер тилкеси менен коштолот. Иш, жеке жашоо ойдогудай болот. Ийгиликтериңизге чогуу иштегендер да суктанат. Бирок эскертүүчү нерсе: коомдук жайда, унаада мыйзамды сактап, социалдык тармактарга оюңузду жазууда ашыкча кетпеңиз. Болбосо башыңызга балээ үйөсүз. Кийим белекке алууңуз мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Түйшүк менен алышууну токтотуп, бир саамга тыным алыңыз. Иш бир калыпта жылгандыктан чоң нерсеге жетишүүгө мүмкүн болбойт. Энергияны өзүңүздү өстүрүүгө жумшаңыз. Жакын арада жеке жашооңузга өзгөрүүлөр кирмекчи, ошого ар тараптуу даяр туруңуз. Сырттагы жакыныңыздан акча келип, маселеңизди чечип аласыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Амбицияны ооздуктабасаңыз, зыян алып келет. Буга чейинки кетирген кемчиликтерди анализдеп, тийиштүү жыйынтык чыгаруу зарыл. Үйдөгүлөргө көп көңүл буруу керектелет. Ичиңизден жактырбаган адамдын жакын арада кереги тийип калышы мүмкүн. Балдарды ысык суюктуктан сактаңыз, кокустук чыгуу коркунучу бар.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизге жакшылык каалабагандардын бут тосууларына чалдыгасыз. Айрым бийкечтер кызмат ордунан көтөрүлүшөт. Күмөн санаткан иш-чарага аралашпаганыңыз оң. Жугуштуу оорулардан сактанып, витаминдүү тамактарга, спортко жакын болуңуз. Алыс жолго түнкүсүн чыкпоо сунушталат, күтүлбөгөн окуялар болушу мүмкүн.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке жашоодо сюрприздер күтүлөт. Жалгыз бойлор жүрөгүнө жакын адамды тандап, олуттуу мамилеге өтүшөт. Жумушуңузда айлык көтөрүлөт. Өзүндө кандайдыр бир оору белгиси билингендерге өз алдынча дары ичпөө сунушталат. Уккан жаңылыктарыңыздын арасында жакшысы да, кыжырды келтиргени да болот.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чөйрөдөгүлөгө жакшы мамиле кылбасаңыз, чырга, кабылып, нерв коротосуз. Жубайыңызга моралдык кысым көрсөтүүдөн да качууңуз керек. Байкоосуздан смартфон, акчаны уурдатып жиберүү коркунучу бар, этият болуңуз, өзгөчө көпчүлүк чогулган жерлерден. Алыста жүргөн жакыныңыз жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүшү мүмкүн.
Иш көп болуп, алсыроону сезесиз. Аз да болсо эс алып, энергияны калыпка келтириңиз. Китеп окуп же тасма көрүүдөн ырахат алыңыз. Карьерада жымжырттык өкүм сүрөт. Үнөмчүл болбосоңуз акчаңыз майда нерселерге чачылып, ордун таппай каласыз. Айрымдар үйгө керектүү буюмду буюртма менен жасатуулары ыктымал.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Болуп өткөн окуялар жашоого болгон көз караштарыңызды өзгөртөт. Ушундан улам иш же жашаган жериңизди алмаштырууңуз мүмкүн. Акча алып келчү жаңы өнөрдү, хоббини өздөштүрүүгө киришсеңиз утасыз. Эски досуңузга көңүлүн алуу үчүн белек камдап барасыз. Үйдөгүлөр жаңылык айтып келишет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өзүңүзгө таандык эмес эгоизм менен чөйрөдөгүлөрдү таң калтырасыз. Бул каржылык же иштеги ийгиликтен улам болушу мүмкүн. Балдарды жылуу кийим менен камсыз кылуу маселеси чыгат. Жамааттык же коңшулардын чогулушуна катышууңуз ыктымал. Тегерек-четти жыйнап, кышка камылга көрүүгө убакыт табууңуз керек.
Үй-бүлөлүү жуптар бир өңчөй жашоодон жана бири-биринен жадап, убактылуу алыстыкта болууну эңсешет. Жаңы дем, жаңы идея менен иштөөнү колго алгандар жетекчиликтен колдоо табышат. Айрымдар үй жылуулоого киришишет. Уккан кеңештериңизди талдап иш кылбасаңыз, жаңылыштык кетирип, өкүнөсүз.