КОРОНАВИРУС СМАРТФОНДОРДУН БЕТИНДЕ 1 АЙ ЖАШАЙТ

Австралиялык изилдөөчүлөр коронавирус илдети көпкө чейин жашаган буюмдарды изилдеп чыгышты. Алар: купюралар, дат баспас болоттор, айнектер жана мобилдик телефондор. Окумуштуулар COVID-19 биз көтөрүп жүргөн телефондордун экранында сасык тумоонун вирусуна караганда көпкө чейин жашаарын изилдеп чыгышты. Австралиялык илимий агенттиктин изилдөөчүлөрү вирус смартфондун бетинде дээрлик 28 күн жашаарын, ал эми сасык тумоонун вирусу 17 күн смартфондун бетинде турарын айтышты. Изилдөөчүлөр адамдардын коомдук жайларда вирус жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу максатында колдонулушу мүмкүн деп үмүттөнүшөт.

“Вирус смартфондордун бетинде көпкө жашаары аныкталган соң биз анын таралышын алдын алууга, адамдарга маалымат жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү” деп билдирет доктор Ларри Маршалл.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан