“Honor” компаниясынын өкүлдөрү Орусияда “Watch GS Pro” жана “Watch ES” аттуу “акылдуу сааттардын” сатылып баштаганын билдиришти. Алар арзандатылган баада сатылууда.
Аталган сааттарды 8 миңден 20 миң рублга чейин сатып алууга болот. Наушниктер белек катары бекер таратылат. “Honor Watch GS Pro” саатынын колдонуучулары аны колуна тагып алып сууда сүзө алышат. Саат суу өткөрбөйт жана 454 х 454 пикселдик 1,39-дюймдук дисплейге ээ. Ал эми “Honor Watch ES” “акылдуу сааты” болсо жөнөкөй модель. 456х260 пикселдик 1,64-дюймдук экранга ээ.
Жибек Мурсакматова