Күздүн символу болгон ашкабак учурда ар бир короодо, самандын арасында томолонуп жаткан учуру. Ашкабактан манты жасоодон башка оюңузга эч нерсе келбей жатса, анда төмөнкү рецепттер сиз үчүн.
АШКАБАК КУЙМАГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 400 грамм
Жумуртка – 2 даана
Ун – 6 аш кашык
Алма – 300 грамм
Бадам – 100 грамм
Ванилин – 1 чымчым
Туз, кумшекер – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Ашкабак менен алманын кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз. Эми үстүнө жумуртка, туз, кумшекер, ванилин, ун жана майдаланган бадамды салып, жакшылап аралаштырабыз.
2. Көмөч казанга 2 аш кашык өсүмдүк майын куябыз. Май ысыган кезде куймактан 1 аш кашыктан куюп, жай отто эки тарабын кызартып бышырып алабыз.
3. Куймак даяр! Бышкан куймакты коюулантылган сүт же каймак менен дасторконго берүүгө болот.
АШКАБАК СИННАБОНУ
Керектелүүчү азыктар:
Камыры үчүн:
Сүт – 400 миллилитр
Өсүмдүк майы – 125 миллилитр
Кумшекер – 80-100 грамм
Ачыткы – 6 грамм
Ашкабак – 250 грамм
Ун – 800 грамм
Бал – 1 чай кашык
Туз – 0,5 чай кашык
Толтурмасы үчүн:
Каймак май – 100 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Корица – 3 аш кашык
Глазуру үчүн:
Быштак – 150 грамм
Кумшекер күкүмү – 100 грамм
Каймак май – 2 аш кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Ашкабакты аарчып, манты казанга салып бууга бышырып алып, кашыктын же блендердин жардамы менен эзип алабыз.
2. Сүттү жылытып ага ачыткы, туз, 1 аш кашык кумшекер жана 3-4 аш кашык унду салып аралаштырып, жылуу жерге 15-20 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта аралашма көбүрүп чыгат.
3. Чарага эленген унду, ачыткыны, өсүмдүк майын, кумшекерди, балды, эзилген ашкабакты салып, камыр жууруйбуз. Камырды жакшылап ийлеп, жылуу ороп, 1-2 саатка көөп чыкканча тыныктырып коёбуз.
4. Ачыган камырды 2 бөлүккө бөлүп, ар бирин калыңдыгы 0,3-0,4 сантиметр кылып төрт бурчтук формада жаябыз.
5. Жайылган камырдын бетин каймак менен майлап, кумшекер менен корицанын аралашмасын тегиз себелейбиз. Андан соң камырды рулеттей кылып оройбуз.
6. Оролгон камырды узатасынан 3-4 сантиметр өлчөмүндө кесебиз.
7. Кесимдердин кесилген тарабын жогору каратып, ортосундагы аралыкты 2 сантиметрден калтырып электр мешинин табасына тизебиз да, бетин целлофан менен жаап, 20-30 мүнөт тыныктырабыз.
8. Оролгон кесимдер бул аралыкта көөп чыгат. Эми аны 175-180 градуста кызарганча бышырып алабыз.
9. Глазурь даярдайбыз: быштак менен каймак майды алгач аш кашык менен аралаштырабыз. Андан соң лимон ширесин, бир аздан кумшекер упасынан себелеп, миксер менен жакшылап аралаштырабыз.
10. Кызарып бышкан синнабондордун бетине глазурдан сүйкөп дасторконго сунабыз.
ДИЕТАЛЫК ТОРТ
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 200 грамм
Майсыз быштак – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Мейиз – 20 грамм
Ванилин – 1 чымчым
Даярдоо ыкмасы:
1. Ашкабакты аарчып, сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
2. Быштакка жумуртканы, мейизди кошуп жакшылап аралаштырабыз.
3. Торт жасоочу калыпка ашкабакты, андан соң быштак менен мейиздин аралашмасын ирети менен бир аз өлчөмдө кезектештирип салабыз.
4. Калыпты 200 градуста иштеп турган электр мешине 15 мүнөткө салып бышырып алабыз. Диеталык десерт даяр!
Дамира Арстанова