«5 ЖЫЛДАН БЕРИ БАЛАЛУУ БОЛО ЭЛЕКПИЗ. ҮЙ-БҮЛӨМДҮ САКТАП КАЛГЫМ КЕЛЕТ»

Ар бир үй-бүлө балалуу болууну самайт. Тилекке каршы, ар кандай себептерден улам акыркы жылдары бала жытын искей албаган үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Тукумсуздук боюнча 20 жылдан ашуун эмгектенип келе жаткан, Бишкек шаарындагы «Анкалайф» айымдардын саламаттыгын сактоо жана ЭКО борборунун негиздөөчүсү, профессор Жихангир Чакыжы окурмандардын суроолоруна жооп берет.

– Турмушка чыкканыма 5 жыл болду. Бирок балалуу боло элекпиз. Буга жолдошумдун уруктугунун аз болушу себеп болууда. Азыр эми экөөбүз эки ажырым жолдо турабыз. Үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн эмне кылуум керек?

Айзада, 33 жашта, Ош шаары


– Саламатсызбы? Сиздикиндей көй­гөй менен кайрылгандар абдан көп. Бирок балалуу болуу үчүн экөөңүздөр тең аракет кылууңуздар керек. Эркектин урук чыгаруучу түтүк­төрүнүн бүтөлүш жана урук суюктугунда урук клеткаларынын жоктугу медицинада азооспермия деп аталат. Оорунун себебине жараша уруктарды алууга, башкача айтканда, аспирациялоо жасоого болот. Анын бир нече ыкмасы бар. Алгач уруксуз эркектерге TESA ыкмасы колдонулат. Эгер бул ыкма натыйжасыз болсо, урук алуунун башка ыкмалары пайдаланылат. Андыктан балалуу болуу үмүтүңүздү өчүрбөңүз.

«ДОНОР КЫЗМАТЫН ПАЙДАЛАНСАК БОЛОБУ?»

– Кызым 18 жашта. Дагы балалуу бололу десек, менден урук клеткасы бөлүнүп чыкпай калыптыр. Курбум “азыр репродуктивдүү клиникаларда аялдардын да донорлору болот, пайдаланбайсыңарбы” деп сунуштап калды. Жолдошумдун ден соолугу жакшы. “Анкалайфта” донор кызматы барбы?

Фатима, 45 жашта, Бишкек шаары

– Ооба, биздин клиникада эркектердин да, аялдардын да донорлору бар. Алар менен келишимдик негизде иш алып барабыз. Донор болчу адамда генетикалык оорулардын бар же жок экендиги, ден соолугу толук текшерилет. Жашы, бою, салмагы, билими, эмнеге жөндөмдүү, жадакалса чачынын, көзүнүн түсүнө чейин белгиленет. Мындан сырткары тааныштарыңызды донор катары алып келсеңиздер да болот. Алар толук медициналык текшерүүдөн өткөн соң гана донор катары пайдаланылат.

«АЛМАТЫДАН ЭКИ ЖОЛУ ЭКО ЖАСАТЫП, ЖЫЙЫНТЫК БОЛБОДУ»

– Мен ЭКОну эки жолу Алма­­тыдан жасаткам. Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок. Анализдеримдин баары жакшы чыкты. Себеби эмнеден болушу мүмкүн?

Салтанат, 32 жашта, Ош шаары


–­ ЭКОнун ийгиликсиз болушуна ички жана сырткы факторлор таасир берет. Алсак:

Сапатсыз эмбриондор;

  • Жатын түтүктөрүнүн патологиясы;
  • Ата менен эненин антигендери аябай окшош болсо;
  • Гормоналдык бузулуулар;
  • Жаш өзгөчөлүк;
  • Ашыкча салмак;
  • Терс адаттар – ичимдик ичүү, тамеки тартуу;
  • Өнөкөт оорулар, жыныс системиндеги жана өпкө, ашказан, боор, бөйрөк оорулары жана башкалар.


«ИНСЕМИНАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН БОЙГО БҮТҮРҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

– 8 жылдан бери дарыланып балалуу боло албай жүрөбүз. Акыркы жолу дарыгерге барганыбызда “инсеминация ыкмасын пайдаланып көргүлө” деди. Бул кандай ыкма? Кандай учурда жасалат?

Жазгүл, 25 жашта, Нарын шаары


– Инсеминация ыкмасы – бул эркектин алдын ала тандалып алынган уругун аялдын жатын көңдөйүнө катетердин жардамы менен салуу. Негизи тукумсуздук дайым репродуктивдүү тармактын ишиндеги оор бузулуулар менен байланышпайт. Кээде аялдын ден соолугу жакшы болуп, эркектерде уруктардын кыймылдоосу жай болушу мүмкүн. Тескерисинче, эркектин ден соолугу жайында, ал эми аялдын жатын түтүктөрүндө уруктарга каршы антителолордун бар экени аныкталышы мүмкүн. Мындай учурларда инсеминация ыкмасы колдонулат. Бул ыкманын баасы ЭКОго караганда арзан.


«УРУК КЛЕТКАЛА­­РЫМДЫ ТОҢДУРСАМ БОЛОБУ?»

– Жоро-жолдоштор чогулуп отурганыбызда урук клеткаларын тоңдуруп сактап коюу тууралуу сөз болду. Бир досум “анын бетин ары кылсын, эгер каза болуп калсаң ошону пайдаланып, аялың балалуу боло алат” дейт. Мунун канчалык чындыгы бар?

Мурат, 28 жашта, Кадамжай району


– Мурат, бул нерсе чындык, медицинанын жетишкендиги деп билсеңиз болот. Урук клеткаларын тоңдуруу медицинада криоконсервация деп аталат. Мында эркектин урук суюктугунан активдүү, мыкты жумуртка клеткалары тандалып алынат да, -196 градуста, суюк азотто тоңдурулат. Аларды чектелбеген убакытка чейин сактоого болот. Эркектер гана эмес, аялдар да бул кызматты пайдалана алышат.


«ЭКО ЖАСОО КАНЧА УБАКЫТКА СОЗУЛАТ?»

– Бир уулубуз бар, 14 жашта. Дагы балалуу болсокпу дедик эле, тилекке каршы, аракетибизден майнап чыкпай жатат. Эми ЭКО жолу менен балалуу болууну ойлоп жатабыз. Бул ыкма канча убакытка созулат?

Бактыгүл, 35 жашта, Токмок шаары


– ЭКО жасатуу убактысы гормоналдык фонго, жумуртка клеткалардын сапатына, жашка, салмакка карата белгиленет. Эгер булардын баары жайында болсо, анда болжол менен 1-1,5 ай убакыт кетет. Бул аралыкта жубайлар психологиялык даярдыктан өтүшөт, керектүү анализдерди тапшырышат. Андан соң жубайлардын урук клеткалары алынып, пробиркада өстүрүлүп, аялдын жатынына салынат. Клиниканын дарыгерлери болочок эне менен 9 ай бою тыгыз байланышта болушат.


«ГИСТЕРОСКОПИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

– Гинекологго көрүнсөм “сизге гистероскопия жасоо керек” дейт. Бул кандай процедура? Сиздердин клиникада бул кызмат көрсөтүлөбү?

Айдана, 23 жашта, Бишкек шаары


– Гистероскопия – жатындын патологиясында жатын көңдөйүнө атайын гистероскоптун (учуна камера орнотулган түтүк сыяктуу жабдык) жардамы менен диагноз коюлуп, аны менен хирургиялык манипуляция жүргүзүүгө, полип, спайканы алып салууга боло турган процедура. Жабдыкта эки түтүк (шланга) орнотулган. Бир түтүктөн суюктук киргизилип, жатындагы ашыкча кандын уюгандары, былжырлар экинчи түтүк аркылуу айдалып чыгарылат. Гистероскоптун щётка, бычак, кайчы жана башкаларды киргизүүчү каналы да бар. Ошол аркылуу хирургиялык манипуляция жасалат. Процедурадан кийин оорулуу стационарда бир нече саат жатып, андан соң үйүнө жиберилет. Бул процедура жасалгандан кийин 1-3 айдан соң балалуу болууну пландоого болот.


«КАРЫН ЭНЕ КЫЗМАТЫН ПАЙДАЛАНСАК БОЛОБУ?»

– Ден соолугума байланыштуу карын эненин (суррогатная мать) кызматын пайдалансамбы дедим эле. Жолдошум бул чечимге макул. Сиздердин клиникада бул кызмат көрсөтүлөбү?

Алина, 27 жашта, Бишкек шаары


– Ооба, клиникада кардарларга карын эне кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар. Карын энелер ата­йын медициналык текшерүүлөрдөн өткөн, ичпеген, чекпеген, терс адаттары жок 25-35 жаштагы келиндер. Алар клиника менен атайын келишим түзүшкөн.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан