АЛЫСТАГЫ ЖАРЫК

– Бирин-бири издеген адамдар көп. Кээде “жаңылыш эле табышып калыптырбыз” деп “аттиң” кылгандар андан да көп. Жүрөктөгүңдү таап алып, жаныңды кыйнаган азап менен жашагандар да бар. Ошолордун ичине мен да кирем. Мен сени бул дүйнөдө кезиктирбей калсам жакшы болмок беле деп ойлойм. Жок дегенде анда жашоомду улантуу үчүн бир себеп болмок. Же жок дегенде “мен издегенимди тапкан жокмун” деген өзүмдү-өзүм актоо болмок. Бирок тагдыр сага жолуктурду. Оо, сен анда жер баспай турган учуруң эле. Фанаттарың укмуш болчу. Супсулуу, ийгиликтүү болчусуң. Биздин курстагы кыздардын алдыңкы окуганы сен элең. Сени өзүмө каратып алыш үчүн эмнелерди гана кылбадым. Башында сен мага суз гана саламыма баш ийкеп өтүп кетчүсүң. Ансайын туталанып, мага маани бербей койгонуңа түтөп түрдүү жиндиликтерди кылчумун. Айлам кеткенде мага көңүлүңдү буруш үчүн жинди немедей бети-башымды бырыштырып маскарапоз болуп өтчүмүн. Ошол боюнча көңүл бурбай койсоң эмне? Азыр бычактай сайылып турган уятымдан көрө “мени карабай койгон” деген бир арман калса жакшы болмокпу дейм. Андай болбоду. Жарым жылдан кийин эмнегедир сен да мени көздөрүң менен издей баштадың. Кыздарың менен кетип баратып мени бир тиктеп өтчүсүң.

– Койчу, ай, сени карабайт!

– Убара болбочу...

– Тима, ал кыздын каалаганы такыр башка.

Досторум ушинтип айтышчу. Бирок бир керемет болду. Сен да мени сүйүп калдың. Мени! Эмнеге? Баш-аягы жок баскан мени, колунда 5 тыйыны жок мени, ата-энеси ажырашып кетип ар кимдин колунда өскөн мени сүйүп калдың. Азыркыга чейин таң калам. Аябай жакшы келечеги бар жигиттер артыңдан чуркап жүргөндө менден эмне таптың, байкушум?

– Сүйүү жок дешет көбү. Бирок анда сени көргөндө ичимден жыргап кеткендеги сезим эмне?- дедиң бир жолу.

– Жыргап кетесиңби?

– Ии, университетке киргенде сени издейм. Бир жерде турганыңды көргөндө ичимди калтыраткан бир сезим болот.

Калтыраган колдорум менен чачыңды сылайм. Сен меники экениңе дагы деле ишене албай, өөп жаткан кучагымдагы сен азыр эрип кетчүдөй ичим титиреп коркчумун. Кийин ишене баштадым. Андан кийин сен менден эч кайда кете албайт деген эрдемсиген сезим ойгонду. Биз акыркы курста кош бойлуу болуп калганыңды билдик.

Мен сени кайда алып барам? Апам менен атам ажырашып кетип, апам Орусияда эле. Ал жактан турмушка чыгып өзү менен өзү, атам бул жакта үй-бүлөсү менен. Мени таятам менен таенем баккан эле, алардын да көзү өтүп кеткен. Өз күчүм менен окууга өтүп, окуп жүргөн кезим болчу. Акыл сурай турган адамым жок эле.

– Үйлөнөбүз...- дедим оозум бош.

Ата-энеңдин каршылыгына карабай мага турмушка чыктың. Ата-эне биздин аркабыздагы чоң күч экен. Биз экөөбүз тең ал күчсүз калдык. Меники го башынан жок эле, сеники жөн эле чийип коюшту. Кайын энем менин түрүмдү бир карап эле жүзүн буруп кетти. Бир жолу үйгө келип кызын күңкүлдөп урушуп жатканын уктум.

– Жылтыраган сулуу жүзүнөн башка эч нерсе көрө алган жокмун мунуңдун. Сени кантип багат?

– Биз бирге бутубузга турабыз, апа.

– Сенин
акылың, жүрөгүң бар, кызым. Бирок менде тажрыйба бар. Ишеничиң акталса экен. Бирок “көрбөгөндүн көргөнү жаман” деген сөз бар.

Ушул сөздү мен азыр ичимден көп айтам. “Көрбөгөндүн көргөнү жаман”. Демек, сен туруктуу тарбия албасаң, рухуң ачка болсо, келген дөөлөттү көтөрө албайт экенсиң.

Ооба, мен кайындарыма аябай намыстандым. Эмне иш менен алек болгон жокмун. Эми уялбай эле айта берейин. Мен “Орто-Сай” базарында араба түрткөндөн иш баштагам. Бир ай болсо да түрттүм. Анан сооданын көзүн үйрөнүп орун алдым. Анан базардан эки орун алдым. Кудай оң көзү менен тиктеп турганбы, тез бутума турдум. 5 жылдын ичинде үй алдым, машина алдым, килейген мамлекеттик кызмат да сатып алдым.

Табият мага акыл жана жөн­дөм берген экен. Башында прес­тиждүү университетке өз күчүм менен кирип окуп кеткенимди айтпадым беле. Ошол жерден сени жолуктургам. Ошол кезде мен эң бактылуу көз ирмемдерди башымдан өткөргөн экем.

Кайненем айткандай, “көрбө­гөндүн көргөнү жаман” мен болдум. Ачыгын айтыш керек, көөп кеттим. Ырыскымды көтөрө албадым. Сени такыр эле көрбөй калдым. Мен муну азыр сезип жатам. Менин музам, менин сулуу жарым, кол жеткис жылдызым азыр жөн эле үй кожойкеси болчу. Иштетпей койдум. “Кызымды кара, жетет ошо” дедим. Экинчи наристелүү болууга да караманча каршы чыктым. Жаман акылымда “кызымдын келечегин куралы, быжыратып төрөп алгандай биз эски кишилер белек?” дедим. Ий, арым жок да. А сен балалуу болгуң келди. Сурандың. Жалындың. Азыр гана сага эмнеге экинчи бала керек болгонун түшүнүп жатам. Сен, көрсө, мен сенден алыстап баратканымды сезип, бала аркылуу бизге экинчи мүмкүнчүлүк болсун деген экенсиң. Мени эсиме келтире турган бир нерсени өз алдыңча издепсиң.

А мен ачык эле сенин көзүң­чө кыздар менен жазышып, жасанып чыгып кетип, каалаган күнү келбей баштадым. Ага да көз жумдуң. Мен ичкиликке, кыздарга, кумарга бериле баштадым. Иштерим жүрүшпөй калды. Аркамдан текшерүүлөр жүрө баштады, жыйынтыгында жумуштан алындым. Анда да эсиме келбедим. Ого бетер кыжырландым. Сага колум тийип, ооруканада өмүр менен күрөшүп калганга жеткирдим. Сен бир күнү жөн гана сотко барып ажырашуу тууралуу арыз жаздың.

– Мээң иштебейт сенин. 5 тыйыны жок студентке тий­генсиң. Азыр баары бар ийгиликтүү адамдан эмнеге ажырашып жатасың?- дедим жиним келип.

Сен мени бир таң каларлык көз караш менен карадың. Ал көздөр “ай, байкуш, ушунча жыл жашап мени билбеген экенсиң. Эми кайдан билесиң?” деп айтып жатты. Оозуң болсо араң кыбырады.

– Бир гана суранам. Кызыңа ата бол. Мага эбак эле күйөө болбой калгансың.

Өкүрдүм, бакырдым, кызымды алып качтым. Ажырашпаш үчүн эмнелерди кылдым? Баягы эң башындагы маскарапоз кейпиме түштүм. Бирок бул жолу жүрөгүңдү жылыта албадым. Биротоло жаап салыптырсың. Илмийген студент кезимде оңой эле жүрөгүңдү ачсам, бакыйган бизнесмен болуп, алдыңа дүйнөнү төшөп жатсам да ачылбады. Аны сезгенимде ого бетер жинди болдум.

Азыр ажырашканыбызга 2 жыл болду. Ушул эки жыл ичинде менин бактылуу болушум үчүн болгону сен керек экениңди түшүндүм. Андан да кызыгы – мен сен үчүн бутума турганымды билдим. Мен ушул жеңиштердин баарын сен үчүн жасаптырмын, көрсө. Сен жасаптырсың мени!

Бир күнү эмнегедир сенин сүйүп жеген таттууларыңды көрүп калдым. Алгым келди. Сүйүндүргүм келди. Үйгө алып келдим. Муздак үй каршылады мени. Кызым экөөңөр түшкөн сүрөттү боорума кыскан боюнча бир далайга отурдум.

Кызык, сен болсоң азыр мага эмне демексиң? Сен кандай болуп өзгөрдүң? Биздин жашообуздун жакшы көз ирмемдери бар, ээ? Ошолорду унутпа. Менин келесоо кылыктарымды такыр эстебе. Жаш кезибиздеги сонун күндөрүбүз менен эсиңде калайын. Анан да мүмкүн болсо, күчүң жетсе мени кечир!

Камсанаба, мен оңолом. Балким, турмуш курам. Бул жашоонун мыйзамы эмеспи. Бирок сенин жүрөгүмдөгү ордуң такыр башка. Ал жерге эч ким кире албайт. Жүрөгүм өзүмө караганда сага таандык. Аттиң дебейм. Сага жетиш мен үчүн кыял болчу. Жеттим, сонун турмуш курдук. Мен акмак болгончо экөөбүз бактылуу жашадык. Ата-энем да эмес, башка да эмес, мени сен жасадың. Караңгы дүйнөмдөгү бирден-бир жарыгым сенсиң. Ошол боюнча каласың. Алыстагы жарыгым!

Тимур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Gulzat-88
2020-10-26 14:00:50
Кеч да болсо эсине келипсиз.ондоп кетиш учун азыр да кеч эмес.
+2
Gulzat-88
2020-10-26 14:01:47
Кеч да болсо эсине келипсиз.ондоп кетиш учун азыр да кеч эмес
0
Aimani
2020-10-26 17:48:46
Точно көрбөгөндун көргөнү курусун деген сага тиешелүү экен.
+4
voennyi88
2020-10-31 21:51:12
Aimani, мага дагы тиешелуу.
0
Batma.Sh
2020-10-27 21:39:09
Эркек барчылыкты,аял жокчулукту көтөрө албайт,деген сөз чын негизи.
+3
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан