БИР ЖОЛУ...

Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан

Ар бирибиздин эле “эл укса, шылдың болом” деп катып жүргөн сырларыбыз бар. Бирок баары бир сырдын ачыла турган убакыт-сааты болот эмеспи. Анын сыңарындай, кээ бир инсандарыбыз буга чейин эч кимге айтпай жүргөн сырларынан бөлүшүштү.

Жамбыл Камчиев, куудул:
“АРАК МЕНЕН АДАЛ КОЛБАСА”
– Бир жолу үч досум болуп жолугушуп калдык. Эбептен себеп таап, кичине майрамдап коюуну чечтик. Чөнтөктөгү акчаларды ортого салып, 3 бөтөлкө "жинди суу" алдык. Эми ичкенге жараша “закускасын” да алалы деп бир күркөгө баш бактык. Текчеде тизилген нерселерди бир сыйра карап, эмне аларыбызды билбейбиз десең. Анда бир досум "келгиле, колбаса алалы" деди. Анда мен дүкөнчүгө: “Адал колбасаңыз барбы?"- дедим. Дүкөнчү мыйыгынан жылмайып: “Ичкениңер арам деп эсептелген арак болсо, анан силерге кайдагы адал колбаса?!"- десе, биз ак же көк дей албай, кыпкызыл болуп күркөдөн чыкканча шаштык.
Мына ушул окуядан кийин арак­ты көрсөм эле баягы адал колбаса эсиме түшүп, күлкүм келе берет.

Жоомарт Сапарбаев, саясатчы:
“ТҮГӨЙСҮЗ БАТИНКЕЛЕР...”
– Бир жолу достор болуп Казакстандын бир жерине балык уулаганы барып калдык. Анан бир дос балам чоңураак балык кармап алганбы, айтор, чыгара албай жатып сууга секирип кетти. Балыгы менен кошо алып чыгабыз деп досум экөөбүз анын артынан секирип жатпайбызбы. Сууга киргенде гана экөөбүз тең сүзгөндү билбегенибизди эстедик. 15 метрдей жерге агып барып, же балыктан жок, же тордон жок, суудан араң чыкканбыз.
Баса, дагы бир окуя эсиме түштү. 2004-жылы Америкага окуганы кетер алдында достор болуп шаарда катуу майрамдадык. Өзүмдүн үйүм шаардан 20 чакырым алыс болчу. Эртеси саат 8де учуп кетмекмин. Анан таң атканда уктап кетиптирбиз, чочуп ойгонсом эле саат 6.00. Көздү ушалап үйгө жөнөдүм. Барып эле кийимдеримди чогулта баштадым. Америкага барганда чемоданымды ачсам, бут кийимдеримдин бирден түгөйүн салбаптырмын.

Жанбулат Амантаев, спортчу:
“КОЛА ОРДУНА ШАРАП КУЮП...”
– Бир жолу Европадан сбордон кайтып келе жатканбыз. Жолдон тамактанганы түшүп калдык. "Жол азабы – көр азабы" дегендей, шайыбыз оогон. Себеби ошол жылы баарыбыз көп жаракат алыптырбыз. Бир маалда Малик Борбашев ары басып кетип, бир кола көтөрүп келди. Көрсө, ал коланын ордуна шарап куйдуруп келиптир. Анан мага акырын ымдап “аябай чарчадык, кел, машыктыруучуга билгизбей жутуп алалы” деп калды. Машыктыруучубуз Александр Воиновдун Эрик деген баласы биз менен барган эле. Биз шарапты коладай кылып ичип жатсак, тиги бала “мен да кола ичем” деп абийирибизди ачып коё жаздаган! Ошондо Эрикке кола алып келгенче чый-пыйыбыз чыкканын айтпа. Бул кылыгыбыз машыктыруучуга билинсе, абдан уят болмокпуз.
Андан бери 14 жыл өттү. Ушул окуяны эстегенде жылмайып алам. Эми ал адаттар калган.

Кайыргүл, ырчы:
“КЫРГЫЗ” ДЕГЕН СӨЗДҮ УГУП СҮЙҮНҮП...”
– Мен 3-класста окуп жүргөндө шаарга көчүп келдик. Короодо ойногон балдардын арасында корей, орус, дунган, казак, өзбек, кара терилүүлөр да бар болчу. Аларга кошулуп ойноюн дейм, бирок баары орусча сүйлөшөрүн көрүп тартынам.
Бир күнү “жалгыз ойной бермек белем” деп аларга кошулдум. Бир убакта алар мага суроолорду жаадыра башташты. Атым ким жана канча жашта экенимди орусча эптештирдим. Анан бир кыз “кто ты по нации?” десе эмне дээримди билбей, унчукпай туруп калдым. Жөн калбай алар да менден жооп күтүп туруп алышты. Аягында алар мага түшүндүрүп, ар бир улутту айтып, өзбек, дунган деп санай башташты. Мен улам башымды чайкап коём. Качан алардын оозунан “кыргыз” деген сөз чыкканда сүйүнүп кетип, тим эле башымды ийкегилеп, “кыргыз, кыргыз” деп так секирип сүйүнгөнүм эсимде.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aminali
2010-10-03 02:39:35
Jambulat maga abdan jagat.
0
SAMOURS
2010-10-03 16:41:28
oooobaaaa;;;so jok;;;;;
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан