ЖАШ КЫЗ 14 БАЛАГА ЭНЕ БОЛДУ

Англиянын Роял Танбридж Уэллс шаарынын тургуну Танзанияга барып, 14 баланын энеси болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

2013-жылы Летти Макмастер 18 жашында ыктыярчы катары Африкага бир айга барган. Ал кароосуз калган балдарды багып үч жыл ошол жакта болгон. 2016-жылы балдар үйү жабылып калганына байланыштуу Макмастер Иринга шаарынан жеке баш калкалоочу жай ачып, тогуз баланы ал жакка алып кеткен.

Макмастер балдарды мыйзамдуу түрдө асырап, анын үстүнө дагы беш бала кошуп алган. “Бул балдар менин жашоом, мен аларды өзүм багып жатам. Мен ар дайым үй-жайы жок балдарга жардам берүүнү каалачумун”,- деген 26 жаштагы кыз.

Макмастердин айтымында, багып алган балдар аны эжесиндей көрүшөт. Анткени анын жашы балдардын улууларынан өтө деле чоң айырмачылыкта эмес.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baxtigul95
2020-10-28 09:37:09
Молодец
+4
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан