АЯЛЫН ЖАРЫМ ЖЫЛ ДААРАТКАНАГА КАМАГАН

Индияда жаран аялын жарым жыл бою кичинекей дааратканага камап, аны ачка коюп кыйнаган. Аялды полиция кызматкерлеринин жардамы менен сактап калууга мүмкүн болгонун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Аялды куткарган офицердин айтымында, аларга бул тууралуу жубайлардын кошуналары кабарлашкан. Бошотулган аял өтө алсырап, өз алдынча баса албай калган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жуптар 17 жыл бою бирге жашашкан. Бул аралыкта үч балалуу болушкан. Алардын кичүүсү 11 жашта болсо, улуусу 15 жашта. Күйөөсү актануунун жолун издеп, жубайы психикалык жактан жабыркаарын айткан. Бирок буга эч кандай жүйө келтире алган эмес. Ал эми куткаруучулар бул маалыматты четке кагышты. Алардын айтымында, жабырлануучунун эс-акылы ордунда болгон.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан