ТАБИГЫЙ СУЛУУ ЧО БО А

Гезитибиздин k-pop рубрикасынын окурмандарына белгилүү корей жылдыздары тууралуу кенен маалымат берүүнү улантабыз. Бул ирет дагы бир кызыктуу каарман тууралуу баян. Алгачкы сериялары чыккандан жогорку рейтингди багынтып, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө популярдуулукка жеткен «Кумихо тууралуу жомок» дорамасын сиз да көрүп баштадыңызбы? Андагы баш каармандар жагып жатабы? Сериалдагы корей мифологиясынын каарманы болгон кумихонун (9 куйруктуу түлкү) сүйүктүүсүнүн ролундагы актриса Чо Бо А бүгүн бизде конокто.

Аты-жөнү – Чо Бо А (чыныгы аты Чо Бо Ён)

Туулган жылы – 1991-жыл, 22-август

Туулган жери – Түштүк Корея, Тэжон шаары

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 49 килограмм

Билими – Сонгюнгван университети

Кесиби – актриса, модель

Тартылган белгилүү тасма, сериалдары – «Унчукпай черт», «Тикенек», «Русалка», «Менин үйүмдөгү эркек», «Желмогуз», «Спецотдел-М», «Менин өзгөчө каарманым», «Сүйүү температурасы», «Токой», «Кумихо жөнүндө жомок» жана башка

ЖОЛДУУ АКТРИСА

Карьерасына чү деп киришкенде эле аты чыкты. Айрым актёр-актрисалар калың элге таанылуу үчүн, керекпи, 10 жылдап аракет кылса да ийгилик жарата албайт эмеспи. Чо Бо А бул планда жолдуу эле. 2012-жылы ал актрисалык тушоосун кесип, «Унчукпай черт» же болбосо «Унчукпа! Келишимдүү мырзалар ойноп жатат» деген аталыштагы дорамада дебюттук ролун аткарган. Сериалдын популярдуу болушунун бирден-бир себеби – анда ошол убакта жаңыдан калың элге таанымал болуп, жаш кыздардын жүрөк оорусуна айланган ырчы мырзалар сериалда баш каармандардын образын жаратышкан. Бо А биринчи жолу тартылып жатса да, тайманбаган, көптөн үмүттөндүргөн актриса экенин далилдей алган. Бул сериалдан кийин ага «Жаңы жылдыз» наамы тапшырылат. Биринчи роль жана дароо биринчи сыйлык.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАН ЭМЕС

Дебюттук ролдон кийин ага түрдүү шоу-берүүлөргө тартылууга сунуштар түшө баштаган. Жаңыдан белгилүү болуп келе жаткан ысымды кенен жайылтуу керек эле. Андыктан Бо А сунуштардан баш тарткан эмес, 10дон ашык музыкалык, оюн-зоок берүүлөрдүн каарманына айланган. Шайыр, тайманбаган мүнөзү бар кызга эми алып баруучулук милдетти сунуштагандар да болгон. Бул тапшырманы да ийгиликтүү алып кете алган. Ар тараптуу таланттуу актрисаны көпчүлүк «табигый сулуу ханбийке» деп атап алышкан.

Корейлерде пластикалык хирургия жакшы өнүккөн эмеспи. Андыктан күйөрмандар шоу-бизнестеги актёр-актрисаларды эки топко бөлүшөт: табигый жана жасалма сулуулук деп. Мындай электен Чо Бо А да өткөн. Күйөрмандар анын кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн таап, чоңойгуча кандай болуп өзгөргөнүн салыштырып чыгышкан. Жыйынтыгында ал табигый сулуулардын катарына
кирген.

ТҮРДҮҮ РОЛДУ АТКАРАТ

Актрисанын фильмографиясын карасаңыз, ар түрдүү жанрдагы тасмалар, ар кайсы образдагы персонаждар көп. Бир сериалда назик, жөнөкөй кыз болсо, экинчисинде максатына жетиш үчүн баарына даяр, мыкаачы кызга айланат. Үчүнчүсүндө адилеттүүлүк үчүн күрөшсө, дагы биринде фантастикалык каармандын образын жаратат.

Актриса учурда жума сайын экранга чыгып жаткан «Кумихо тууралуу жомок» дорамасында белгилүү актёр Ли Дон Ук менен бирге баш каармандардын ролун жаратууда. Чо Бо А: «Тасма талаасында менден тажрыйбалуу кесиптештерим менен иштешүү дайыма жакшы жыйынтык берет. Анткени алардан жаңы нерселерди үйрөнө аласың. Ли Дон Ук менен иштешүү көңүлдүү. Канчалык чарчасак да, бири-бирибизди күлдүрүп жатып кантип убакыт өткөнүн билбей калабыз. Биздин эмгек күйөрмандар үчүн, силерге сериал жагып жатат деген ишеничтебиз»,- дейт.

ТАСМАДАН ТАПКАН БАКЫТ

2014-жылы чыккан «Русалка» сериалы актрисанын жеке жашоосуна да өзгөрүү алып келди. Тасмада «балык кыздын» ролун аткарган Чо Бо А жакшы көрүп калган адамын 100 күндүн ичинде өзүн сүйдүрүшү керек эле. Антпесе ал адам боло албай, кайра балыкка айланмак. Тасмадагы максаты чыныгы жашоодо да ишке ашып, сериал тартуу учурунда таанышкан кесиптеши актёр О Жу Ван экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанган. Бирок экөөнүн сүйүүсү 2 жылга гана созулуп, андан кийин "тыгыз иш графигине байланыштуу" деген себепти айтышып эки жолго түшүшкөн.

ЭКРАНДАН СЫРТКАРЫ ЧО БО А КАНДАЙ АДАМ?

– Экрандан сырткары Чо Бо А ошондой эле шайыр кыз. Таттуу картошка, шоколадды сүйөм. Анан да фаст-фудду жакшы көрөм, пицца, гамбургер жемей адатым бар. Бирок келбетиме кам көрүүнү унутпайм. Бош убактымда көбүрөөк спорт менен машыксам керек. Келбетти, жан дүйнөнү бар калыпта кармоого йога да жакшы жардам берет. Андан сырткары дос-курбуларым менен чогулуп боулинг ойноп турабыз. Мектепте окуп жүргөндө көп тил үйрөнүп, кийин тышкы иштер министри болом деп кыялданчумун. Анан кытай тилин үйрөнөм деп чыктым. Кийин кыялым балет бийчиси болууга алмашты. Азыр деле көп тил билүүгө, аз да болсо балет бийин үйрөнүүгө кызыгам. Китеп окуйм, Голливуддун детектив жанрындагы сериалдарын көрөм.

Эң негизгиси, көбүрөөк үй-бүлөмө көңүл бурганга аракет кылам. Ата-энем, бир туугандарым болуп баарыбыз тең чогулган учур аз болот. Ошентсе да телефон аркылуу байланыш үзбөй сүйлөшүп, жаңылыктардан кабардар болуп турабыз,- дейт актриса.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
AZIK01
2020-11-04 22:46:48
Туулган шаары Дэжон шаары болуш керек. Анан Тэжон деген шаарда бар. Алмаштырып койдунар.
Анан Корея дегенде иабигый сулуулук дегенди кошпой эле койсо болот. Толтура процедурадан отушот.
+1
lenovo820
2020-11-08 14:33:01
AZIK01,сага не жонеле окуй берчи
+1
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан