КОЛТУКТУН ТЕРДЕГЕНИНЕН КАНТИП КУТУЛУУГА БОЛОТ?

Колтуктун тердөөсү адамдарды бир топ ыңгайсыздыкка алып келип, түйшүктөнтөт. Алып айтсак, терге кошо жыттын чыгышы, кийимдердин колтук бөлүгүндө тактардын калышы, такты, жытты кетирүү максатында улам жуулгандан кийимдин өңүнүн өчүшү. Анан да тердеп жыттанган колтугу менен адам эл ичинде өзүн жаман сезип, элге кошула албай четтеп, психикалык жактан азап тартышы... Эмесе, сөз колтуктун тердөөсү, ага каршы каражаттар жана башкалар тууралуу болмокчу.

АДАМ ЭМНЕ ҮЧҮН ТЕРДЕЙТ?
Адамдын организминде 2 миллионго жакын тер бези бар. Алар жалпысынан бир суткада 600-900 грамм тер бөлүп чыгарышат. Кээде тер бөлүп чыгаруунун өлчөмү, мисалы, күн абдан ысыкта же адам кара күч эмгеги менен алектенгенде 1400 граммга чейин жетет. Мындан тышкары, тердин көп бөлүнүп чыгышына көп ичилген суусундуктар, бөйрөктүн оорусу, толкундануу, коркуулар да себепчи болот. Айта кетчү нерсе, эркектер аялдарга караганда 40 пайыз көп тердешет.
Тер бездери терморегулятордун, башкача айтканда, дененин оптималдуу температурасын кармап туруучунун ролун ойнойт. Ал эми көп тердөөнүн жана жыттын келип чыгышынын себебине келсек, ал төмөндөгүчө түшүн­дү­рү­лөт:
Адамдын терисин 182 миң түрлүү микроорганизмдер (микробдор) байырлайт. Мунун 100 миңден ашык түрү колтукта да кездешет. Микробдор нымдуу, ысык чөйрөдө бат көбөйүшөт да, терини, тери алдындагы безди сезгентишет. Ушундан улам тер көп бөлүнүп чыгып, жагымсыз жыттын чыгышын күчөтөт. Мындан тышкары, микробдор өздөрүнөн ар кандай калдыктарды бөлүп чыгарышат. Ал калдыктар да колтуктун жаман жыттануусуна алып келет. Тердин жыты адамдын ичкен тамагына да жараша болот. Мисалы, адам ышталган балык, сала, колбаса, пияз, сарымсак жесе, тер сасык жыттанат. Андыктан, көчөгө чыгаарда аталган азыктарды жегенден мүмкүн болушунча баш тарткан оң. Ал эми майлуу эмес күрүч тамактар, тамакка петрушканы, сабизди, сүт азыктарын колдонсо, тердегенде катуу жыттанбайт.

“ГИПЕРГИДРОЗ”
Ашыкча тердөөчүлүк медицинада “гипергидроз” деп аталат. “Гипергидроз”- латын сөзү. “Гипер”- “күчөө”, “гидро” – “суу” дегенди билдирет. Мунун себептери бир топ:
1) Дененин температурасын жөнгө салуучу симпатикалык нерв системасынын бузулушу. Мындай учурда тери бездери катуулап иштеп, адам азыраак иштегенде же азыраак эмоцияга алдырганда деле колтук тердей баштайт. Ал эми терде көбөйгөн микробдор жогоруда айтылгандай жагымсыз жыт чыгарышат.
2) Эндокриндик системанын (бөйрөк үстүндөгү без, жыныс бездери, калкан сымал без ж.б.) иштөөсүнүн бузулушу кирет.
3) Кан айлануунун бузулушу.
4) Зат алмашуу процессинин бузулуусу.
Ошондуктан, көп тердөөдөн кутулуу үчүн керектүү каражаттарды пайдаланганда да болбой көп тердөө улана берсе, сөзсүз дарыгерлерге текшерилүү керек экендиги белгилүү болду окшойт. Ашыкча тердөөдөн табигый жол менен тер бездери иштөө­сүн басаңдаткан мезгилде, тактап айтканда, 60-70 жаш куракта гана кутулууга болот.

ТЕРДӨӨГӨ КАРШЫ КАРАЖАТТАР
Дары-дармектер
Колтуктун тердөө­сү­нөн арылууну эң жөнө­көй каражаттардан баштоо туура. Мисалы, формедрон, цинк пастасы, Теймур пастасы. Булардын ичинен формедрон (гексометилентетрамин) аябай жакшы жардам берет. Мунун ампула жана эмульсиясы да бар. Сүйкөгөндө таасири 2-3 күнгө дейре жетет. Аталган дарылар колдонууда аллергия берүүлөрү да мүмкүн. Андыктан, этият болуу кажет.
Жогорудагы дары-дармектерден тышкары, глутаральдегид, танин менен да колтукту сүртүүгө болот. Бирок, бир жаман жери буларды узак колдонуу терини дүүлүктүрүп, аллергияга алып келүүсү мүмкүн. Антсе да кыска убакытка коркпой колдонууга болот.

Дезодоранттар жана аптиперспиранттар
Булардын курамындагы алюминий, цинк, темир жана башкалар тердин көп бөлүнүп чыгуусуна бөгөт коёт. Анын үстүнө, бактериялардын көбөйүшүнө жол бербейт. Курамында триклозан бар жакшы аптиперспирант терди, жытты узакка чыгарбайт. Жөнөкөйлөрүнүн тердин чыгышын аз убакытка гана чектөөгө күчү жетет. Терге каршы курамында трикзолан бар “Palmolive”, “Camei”, “Protex”, “Safeguard” жана балдар үчүн чыгарылган самындарын колдонуу да көп тердөөгө жеткизбейт.
Операциялык жолдор
Операциялык ыкмалар Кыргызстанда колдонулбаганы менен Россияда жана чет өлкөлөрдө көп колдонулат.
1-ыкма. Колтуктун түктүү бөлүгү тер бездери менен кошо алынып салынат. Натыйжасы жакшы, бирок, операциядан кийин тырык калат.
2-ыкма. Бул аспирациялык ыкма деп аталат. Ооруну сездирбөөчү каражатты пайдалануу аркылуу жүргүзүлөт. Атайын аппараттын жардамы менен колтуктун териси ич жагынан “кырылат”. Башкача айтканда, тери бездери кырылып салынат.
3-ыкма. “Ботокс” каражатын колдонуу. Дары атайын ийне менен колтуктун терисинин алдына жиберилет. Таасирдүүлүгү орточо эсеп менен 6 айга жетет.

ЭСИҢЕ ТҮЙ!
Терчилдик тубаса кемчилдик эмес. Ашыкча тердөө жогоруда айтып өткөндөй, ички органдардын оорусунун натыйжасында келип чыгат. Колоңсо бир адамдан бир адамга жукпайт. Эгер адамдын колтугунун териси “грибок оорусуна” чалдыккан болсо, анда адам көп тердеп, колтук аябай жыттанат. Ушундай оорусу барлардын кийимдерин башка бирөө кийсе гана анда кийим аркылуу грибок оорусун жуктуруп, тердеп, колтугу сасык жыттана башташы мүмкүн. Андыктан, башкалардын кийимин кийбөө керек.
Колтуктун гигиенасын ар дайым сактоо кажет. Колтуктагы түктөрдү терип же кырып туруу керек. Жайында ачык кийим кийип, синтетикалык кийимден баш тартуу оң. Жаткан, отурган бөлмөлөр дайыма желдетилип турушу шарт.

ИСЛАМ ГИГИЕНА ТУУРАЛУУ
Бул жаатында маалымат алуу үчүн “Дил мүрөгү” адеп-ахлах борборуна чалдык эле, борбордун кызматкери Чаманов Чыңгыз мындайча жооп берди: “Шариятта “колтуктан жаман жыт чыкпоосу жана жүдөбөшү үчүн эркектер да, аялдар да колтуктагы түктөрдү өстүрбөөлөрү керек” деп айтылат. Тазалаганда адам ыңгайына карайт. Мисалы, айына 2 жолу (15 күндө бир) терип же кырып, же кайчы менен кыркып туруусу керек”.
Гигиена тууралуу кененирээк маалыматтарды алгысы келгендер “Ислам өкүмү”, “Ислам ибадаттары” сыяктуу китептерди окушса болот. Өзүмдүн пикиримди билдирип кетсем, кырганда түктөр дагы көбөйүп кеткендиктен, кырккан оң дейт элем».

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Fred
2009-11-23 10:58:04
Формидрон дарысын колдонгондон мурун колтуктун жунун кыруу керекпи?
Формидрон колдонуп туруп дезодарант колдонсо зыян болбойбу?
-1
Asus84
2012-05-04 09:40:32
албетте тазалап туруп анан колдонуу керек формидрондун жыты укмуш аны кечкисин койуп эртен менен муздагыраак суу менен жууп анан дезодарант койуп кой болду
0
Altynbek.KG
2012-06-27 23:42:52
Koydun opkosu da jitti ketirgenge jardam beret deyt chinbi? je imishbi?
-1
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан