ТУУРА КЫЯЛДАНУУНУ ҮЙРӨН

Кыялыңызды ишке ашыруу эң биринчи кезекте сиздин колуңузда. Жөн гана кыялдануу жетиштүү эмес. Бардыгы өз орду менен аткарылышы үчүн алгач туура кыялданганды үйрөнүңүз. Психологдор бул темада изилдөөлөрдү жүргүзүп, ар бир адам туура кыялдын жемишин сөзсүз көрөрүн белгилешет. Кантип туура кыялданууну үйрөнөм деп жатсаңыз, "SEAR" психологиялык борборунун психологу Алтынай Кариева кеңеш берет.

ЖАШООҢУЗДУН, МАКСАТЫҢЫЗДЫН БАШАТЫ – ОЙ ЖАНА КЫЯЛ

Мисалы, бир буюм бар дейли. Буюмду кандайдыр бир фигурада бирөө жасады. Аны жасоодон мурда биринчи оюна келип элестеткенби же дароо жасап койгонбу? Албетте, биринчи элестеткен. Ошондуктан адамдын колунан жаралган бардык нерселер биринчи ойдо пайда болот. Мисалы, үй-бүлө кургуңуз келип жатабы? Биринчи оюңузда ошол үй-бүлөнү элестете баштайсыз. Үйүм бар, балдарым чуркап жүрөт, гаражым бар, келинчегим менен жүрөм дегендердин баарын элестете баштайсыз. Анан бул нерсени күчтөндүрөсүз. Жерге урук сепсеңиз, ал сөзсүз өнүп чыгат. Жыл сайын жерден чөп чыгабы? Дарактар жылына бүчүр байлап, жашылданабы? Тарыхта жашылданбай калган жыл болгон эмес. Бул нерсени мыйзам деп алсак болот. Баштагы элестеткен үй-бүлөгө кайрылсак. Ошол жакшы ойлор башыңызга урук болуп тигилет. Тигилгенден кийин 5-6 жылдан кийин сиз ойлогон, кыялданган нерселер орундалганын байкайсыз.

КЫЯЛ – БУЛ МАКСАТ

Кыял менен максат эриш-аркак жүрүп, алдыга койгон максатыңыз так жана конкреттүү болсун. Максатты да туура аныктап кыялдануу керек. Мисалы, сиз “көп акча табышым керек” деп кыялдандыңыз дейли. Ал акчаны таап жатасыз, бирок ошол акчалар билинбей эле колдон учуп жатат. Же болбосо “англис тилин үйрөнөм” деп максат коюп үйрөндүңүз, бирок ал тилде эч ким менен баарлашпай эле турасыз. Андыктан акчаны тапкандан кийин кайда жумшаарыңызды же англис тилинде ким менен сүйлөшөрүңүздү да, же кандай жумушка кирериңизди элестетиңиз. Кыялдар максатка жетелейт. Сиз адамдарды же болуп жаткан кырдаалды өзгөртө албайсыз. Бирок өзүңүздү өзгөртүү менен кыялдарыңызды орундатып, максаттарыңызга жете аласыз.

КЫЯЛЫҢЫЗДЫН ОРУНДАЛАРЫНА ИШЕНИҢИЗ ЖАНА “КАНТИП?” ДЕП ӨЗҮҢҮЗДҮ КЫЙНАБАҢЫЗ

Кыялды орундатуу үчүн адамга өзүнө болгон ишеним, эмгек, чечкиндүүлүк жана берилгендик керек. Кыялдануудагы негизги нерсе – ишеним. Ишеним болмоюн кыялдар орундалбайт. “Менин жолум жок”, “кеч болуп кетти”, “менин колумдан келбейт” деген сыяктуу мээдеги тескери ойлорду алып салыңыз. Биздин акыл-эсибиз күчтүү курал. Бирок көпчүлүгүбүз ойлоп же кыялданып, ошол боюнча калып калат. Ишке ашырууга дагы эмне жетишпейт? Анткени сиз ошол ойду өзүм кылам деп ойлойсуз. Бирөөсүн кыла албай калганда, калганы да болбой калат деп ишенип аласыз. Башыңызга кирген ойду кантип аткарам деп жооп издебеңиз. Жообун таппаганда, ал нерсе калып калат. Ойлогондон кийин анын аткарыларына ишениңиз. “Кантип?” деп өзүңүздү кыйнабаңыз. Анткени көйгөй жаралып калса, ал кыялыңызды орто жолдо таштап салышыңыз мүмкүн.

Кыялдар ишке ашканга чейин ар кандай убакыт талап кылынат. Аларды дептерге жазып койгонуңуз жакшы. Анан аткарылганын улам белгилей бересиз. Кыялдар ишке ашкыча улам дептерди ачып карай бербей же“качан аткарылат?” деп наалыбай, сабырдуу болуңуз.

КЫЯЛДАРЫҢЫЗДЫ УЧУР ЧАКТА АЙТЫҢЫЗ

Психологиялык изилдөөлөрдүн негизинде учур чакта айтылган кыял же маалымат батыраак иш жүзүнө ашары белгилүү болгон. Бир нерсе жөнүндө кыялданарда ага чындап ишенип, аны болуп жаткандай айтыңыз. Мээге так жана кыска маалымат бериш керек. Мисалы, азыр сиздин автоунааңыз жок болсо “менде бир күнү автоунаа болот” деп эмес, “2021-жылы август айында автоунаалуу болдум” же “мен 2022-жылы сентябрда Бишкектен батир алдым” деп айтыңыз. Анткени мээ ошол учурга чейин мобилизация болуп өзүнө керектүү нерселерди аткара баштайт.

КЫЯЛЫҢЫЗ ДЕТАЛДУУ ТҮРДӨ БОЛСУН

Сиз эмне каалап жатканыңызды так билишиңиз керек. Мисалы, батир сатып алып жатасыз деп элестетип көрүңүз жана аны сүрөттөп берүүңүз керек. Анын аянты, бөлмөлөрүнүн саны, жайгашкан жери, кабаттардын саны, тагыраак айтканда, “кооз үй” деген сөздөрдүн артында жашырылган нерселердин бардыгын сүрөттөп бергендей болушу керек. Биз азыр илим менен техниканын өнүккөн доорунда жашап жатабыз. Андыктан визуалдаштыруу үчүн атайын ар түрдүү программаларды, тиркемелерди колдонсоңуз болот.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Bylykbylyk.9
2020-11-02 10:02:59
Рахмат, Супер Инфо сиздерге ушундай пайдалуу макалаларды чыгарып турганыңыздарга!
+4
nurka_85
2020-11-02 10:48:51
Өтө керектүү маалыматтар экен. Интернетти туура пайдаланып, мотивационный видеолорду көп көрүшүбүз керек, бекер тренингдер болуп жатат азыр, ошолорго катышышыбыз керек. Булардын баары 100% өзгөртүүгө жардам берет. Өзүбүз өзгөрсөк жашообуз да жеңилдейт экен.
+6
Gulnazz93
2020-11-03 10:01:11
Дал мен учун жазылгандай......
0
arlekino
2020-11-03 17:18:49
Туптура сонун кенеш жана статья. Рахмат. Жакшы ниет, жарым ырыс
0
ElEN2025
2020-11-07 01:28:04
Эн сонун создор, озубузду озгортуу озубуздун колубузда, жалкоолукту таштап туура кыялдануу керек.
0
Gulnaz27
2020-11-10 04:20:37
Абдан туура жазылыптыр. Мага тиешелуу текстер экен. Рахмат суперчилер
0
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан