Google`да жаңы функция пайда болду. “Эй, Google, бул эмне деген ыр?”. Ушундай суроо берүү менен жаңы функцияны колдонсо болот. Жашоодо ар бирибизде эле ырдын обонун билип, сөздөрүн таппай калган учурлар кездешет. Бул жаңы функция ырды толук эстетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул функцияны телефонго кантип кошсо болот? Телефонго "Google Assistant" деген тиркемени көчүрүп алып, ал аркылуу “Google, бул эмне деген ыр?” функциясы аркылуу каалаган ырды таап алсаңыз болот. Ырдын сөз-обонун издеш үчүн ышкыруу же болбосо кыңылдап үн чыгаруу жетиштүү.
Жибек Мурсакматова