Климаттын бузулушун ар түрдүүчө алдын алууга болот. Нью-Йорк шаарындагы “Rescubika” компаниясынын архитекторлору эң чоң “жашыл” имараттын долбоору менен тааныштырышты. Ал абаны көмүр кычкыл газы менен камсыздап турат.
“Rescubika” компаниясынын бул долбоорунун негизги максаттарынын бири – Нью-Йорк шаарын 2050-жылга чейин жашыл шаарга айлантуу. Учурда дизайнерлер бул долбоордун үстүндө иштешүүдө. 2050-жылга чейин абаны толук түрдө тазалоо максатында 1600 бак-дарактар, 25 миң чарчы метр жерге өсүмдүктөр, 7 миң чарчы метр жерге фотоэлектрдик дубалдар жана 36 шамал турбиналары жана башкалар курулат.
Жибек Мурсакматова