“НУРКЕЛДИ КУРУЛУШ” компаниясы: “АР БИР АДАМ ЖАЙЛУУ ЖАШООГО АКЫЛУУ”

Сапарыбыз Ош шаарына болду. Учактан түшүп, “Нуркелди курулуш” компаниясынын кеңсесине жөнөдүк. Максатыбыз – алардын жүргүзүп жаткан алгылыктуу иштери менен таанышуу болчу. “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, сапаттуу курулуш менен алектенип жаткан компаниянын курулуштан тышкаркы коомдук-маданий, социалдык багыттагы, ошондой эле кайрымдуулук иштери тууралуу да билип кайттык.


“ОШ ШААРЫ КЕЛЕЧЕКТЕ БИЙИККЕ КАРАЙ ӨСКӨН ШААР БОЛОТ”

Өнүккөн өлкөлөрдө шаар куруу стратегиясы туурасынан мурда, бийикке карай өсүү принциби менен жүрөт. Биздин өлкөдөгү шаардын баары, Бишкек баш болуп инфраструктурасы өнүктүрүүгө муктаж. Шаар деген статусу болгону менен, өзүнчө бир чоң айылдан айырмасы жок, айрыкча аймактагы шаарлар союз мезгилиндеги боюнча өнүкпөй турганы турган. Ош шаарында негизделген “Нуркелди курулуш” компаниясын жалпы Кыргызстандагы компанияларга, дегеле курулуш тармагын өнүктүрөлү деген дымагы бар жарандарга үлгү катары көрсөткүбүз келип турат. Анткени аталган курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрү бизнести жолго коюудан мурун элдин ыңгайын, шаардын өнүгүүсүн, калктын социалдык абалын, маданиятын алдыга коёрун баса белгилеп өтүштү. Булар тууралуу биз “Нуркелди курулуш” компаниясынын жетекчиси Манасбек Жоробай уулу менен курулуш жүрүп жаткан объектини көздөй бараткан жолдо баарлаштык.

"Нуркелди курулуш" компаниясы салып жаткан "Салкын-Төр" турак жай комплекси шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Увам жана Муян каналдарынын ортосунда тынч, салкын, суунун шары угулуп турган аймакта жайгашкан.

Компаниянын бул жерди тандап алганынын себеби – аймактын инфраструктурасы өнүгүүгө муктаж. Бир унаа араң баткан, жолу боз топурактуу, кошунасы эшигин ачса экинчи үйдүн дарбазасын тоскон шаар ичиндеги "чоң айылды" Аймактарды өнүктүрүү жылында заманбап кварталга айлантуу, шаардын көркүнө көрк кошуу компаниянын негизги максаты болуп саналат. Курулуш нормасына ылайык турак жай комплекси каналдан 30 метр алыстыкта жайгашуусу шарт. Ошондуктан ортодогу аралыкка суу бойлой аллея, кенен унаа токтотуучу жай куруу жана жашылдандырылган аймакка орун берүү каралган.


“КИЙИНКИ ЖЫЛЫ КАРДАРЛАР БАТИРЛЕРИНИН АЧКЫЧТАРЫНА ЭЭ БОЛУШАТ”

Ошентип май айында курулушу башталган, А блогу 10-кабатка, Б блогу 5-кабатка келип жеткен “Салкын-Төр” турак жай комплексине келдик. Чакан экскурсия учурунда компаниянын жетекчиси Манасбек Жоробай уулуна бир топ суроолор менен кайрылдык.


– Турак жай тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Бул жерге батирлерден башка дагы эмнелер курулат?

– Жакынкы жылдары бүтө турган комплекс тууралуу эле маалымат бере кетейин. 180 батирлүү А жана Б блоктон турган турак жайды буюрса, 2021-жылдын ноябрь айларына бүткөрүп, кардарлардын колуна ачкычтарын тапшыралы деп турабыз. Учурда сиздер көрүп турган курулуш этап менен жүрүп жатат. Мисалы, А блоктун толук 10 кабатынын каркасы туруп, калган этаптары ылдыйдан жогору көздөй курулууда. Ушундай эле этап менен жүргүзүлүүчү иштер Б блокто да аткарылып жатат. Байкасаңыздар, бул жакта жыш жайгашкан жашоочулардын унаалары каналдын жээгинде, көчөдө токтотулуп турат. Биз салып жаткан комплексте, буюрса, 2 кабаттуу унаа токтотуучу жайдын планы бар. Мындан тышкары жашоочулар үчүн зарыл болгон дүкөн, балдар аянттары, бизнес жүргүзүүчү аянттар болот.


– “Калкты социалдык, маданий жана билим берүү жагынан колдоп келебиз” деп жатасыздар. Ушул турак жай комплексине байланышкан бир мисалды келтире кетсеңиз.

– Мисалы, Б блоктун алдындагы жер төлөнү көрдүңүз да? Аянты бир топ эле чоң. Бул жерди бизнес үчүн эмес, билим берүү тармагында иш алып барган, окутуу курстарын ачып иштеткен, жаштарга, элге билим бере турган мекеме-уюмдарга ижарага берүү үчүн ыңгайлаштырдык.


– Курулуш түшүп жаткан жерде эл жашаган да? Айланасында азыр деле көчүп кетпей, турмушун улап жаткандар бар экен. Жергиликтүү калк менен сүйлөшүү кандай жүрүп жатат?

– Бул жерге аты айтып тургандай "Салкын-Төр" комплексин салуу пландалган. Азыр курулуш жүрүп жаткан блоктор анын бир бөлүгү гана. Ал эми бул жердеги жашоочулар менен сүйлөшүүлөр өз нугунда ич ара келишүү формасында жүрүүдө. Айрымдары менен акчалай, батирге алмашуу, башка аймактан үй алып берүү сыяктуу келишимдердин негизинде иштер жүргүзүлгөн. Ошондой эле бул сиз көрүп турган объектиге жакын жайгашкан үй-бүлөлөр менен сүйлөшүүлөр аягына чыккан, өздөрүнүн каалоосу менен турак жай бүткөнгө чейин эч жакка көчпөй жашап туруп, кийин ушул жерден алган жаңы батирлерине түз көчүүнү каалап жатышат. Каршылык көрсөткөндөрү жок. Жаңыланууну, өсүп-өнүгүүнү ким каалабасын? Кийинки этаптын курулушу башталганда жерлерин бошотуп берүүгө тургундар кызыкдар болуп турушат.


– Курулуштун ызы-чуусунан улам арыз-муңун айтып жатышабы?

– Албетте, курулуш учурунда тынчтык болбойт. Ири техникалар иш алып барат, темир-тезек калдырайт дегендей. Биз жашоочулардын коопсуздугун ойлоп, курулуштун аянтын алгач кеңейтип алып анан иш жүргүзүүнү пландаганбыз. Ошондой эле балдар үчүн ойноо аянтчасын, унаа токтотуучу жай даярдап бердик. Бошоткон аянтыбыз кеңири. Эл сыяктуу эле биздин дагы ишибиз дүйнөлүк пандемияга байланыштуу ортодо үзгүлтүккө учураган мезгили болду. Бул арада эл кыйналганын түшүнүп, курулуштун айланасындагы үйлөргө карантин маалында жардам иретинде соцпакеттерди тараттык.


– Тажрыйба тууралуу айта кетсеңиз жана канча адам жумуш орду менен камсыз болууда?

– “Нуркелди курулуш" компаниясы 2019-жылы негизделген. Компания жаш болсо тажрыйбасы барбы деген чочулоо кардарларда жаралбасы үчүн маалымат бере кетейин. Биздин бул тармакта 10 жылдык тажрыйбабыз бар. Буга чейин атайын толук курамдуу бригадаларды уюштуруп, башка курулуш компаниялары менен келишим түзүп, субподрядчик катары объектилерди бүтүрүп келгенбиз. Ош облусундагы дээрлик бардык курулуштун бир нечесинде ар кайсы баскычтагы иштерди аткарып, тажрыйба топтогон адистер учурда дал ушул биздин командага чогулушкан. Алды чет өлкөгө да барып курулуш тармагында эмгектенип, тажрыйба топтоп келгендер. Биз 10 жыл бою ушул тармакты ийне-жибине чейин үйрөнүп, “жиликтеп” анан өз алдынча компания ачып иштетүүгө чейин бышып жетилдик десем болот.

Жумуш орду тууралуу айтсам, учурда 150дөй киши ар кандай иштерди аткарууда. Этаптарга жараша, мисалы, ширетүүчүлөр темир менен иштеген соң, кыш коюучулар ишке тартылышат. Ал процесс аягына чыкса шыбакчы, электриктер, айтор, иштин түрүнө жараша жалпы жонунан болжолу 600дөн ашык адам жумуш орду менен камсыз болуп, үй-бүлөлөрүн бага алышат.


– Батирлер сатылып жатабы?

– Кардарларыбыз Кудайга шүгүр, улам биринен бири угуп келип эле келишим түзүп кетип жатышат. Дээрлик 80 пайыздан ашыгыраагы сатылып бүттү. Белгилей кетчү нерсе – биздин компания улуттук валюта менен соода жүргүзөт. Ал эми 1 доллардын баасын эски курс боюнча 69,80 сом кылганбыз. Азыр 81 сомдон да ашып кетпедиби.


– Курулуш материалдарынын сапатына токтоло кетсеңиз.

– Жакшы суроо. Кардарлардын баарына ачыкпыз. Жер аянтына жана курулушту жүргүзүүгө уруксат берген документтердин бардыгы тиешелүү ведомстволордон 100 пайыз мыйзамдуу алынган. Биз кардарды алгач кеңсебизге чакырып, ошол жерден курулуш материалдарынын үлгүлөрүн көрсөтүп, электр чубалгыларынан тартып ар бир арматуранын диаметрине чейин стандартка ылайык келерин түшүндүрөбүз. Андан кийин курулуш жүрүп жаткан объектиге келип, ошол материалдар колдонулуп жатканын далилдеп көрсөтөбүз. Мисалы, бул дубалдан чыгып турган чубалгыны кеңседен көргөн материал менен салыштырып алуу үчүн ачык калтырып коёбуз.

“Нуркелди курулуш" компаниясынын жасап жаткан иштерин толук айтып жетишүүгө көп орун жана убакыт керек экенине ынанып, бүгүнкү макала менен азырынча жыйынтыктап турууну туура көрдүк. Жалгыз эле курулуш менен алектенип чектелбеген компания социалдык жоопкерчиликтүү да компания экенине алар жүргүзүп жаткан иш-чараларынан улам ынандык. Мисалы, курулушка такыр эле тиешеси жок адабият, маданият тармагына жаш акын-жазуучуларды колдоо менен жардам беришсе, жергиликтүү Ош ТВ телеканалынын интеллектуалдык “Тапкан тапалак” берүүсүн жана ЭлТР телеканалынын "Билерман ордо" программасын тандап алып, аларга демөөрчүлүк кылып келерин айтышты. Мындан тышкары иш кагаздарын принципиалдуу түрдө кыргыз тилине которуп чыгышкан. Ошондой эле куруучулар иш алып барып жаткан аймактагы техникалык коопсуздуктар боюнча нускаманын баары кыргызчага которулуп, бажырайган көлөмдүү тамгалар менен жазылып, кадам сайын илингенин көрдүк. “Кыргыз тилиндеги нускаманы башка компаниялар алып колдонушса, өз тармагыбызда кыргыз тилинин өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошо алдык деп сыймыктанабыз”,- деди компаниянын жетекчиси.


 

Сатуу бөлүмүнүн телефондору:
0(771), (772), (552), (508) 900 300

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан