Таттуу түгөйлөр
Шыңга бойлуу ырчы жигит Акбар Сүйүнбаев “нике шакек тагынарыма саналуу гана күндөр калды” деп толкунданып, редакцияга баш бакты. Болгондо да болочок жубайынын сүрөтү менен.
– Акбар, бул сулуу менен кантип табышып калдың?
– Бизди чыгармачылык чөйрө мындан үч жыл мурун тааныштырган. Болочок жубайым Кундуз "Миң кыял FM" радиосунда ди-джей болуп иштейт, 23 жашта. Иш менен барып таанышып калганбыз. Ал эми кыз-жигит болуп кол кармашканыбызга бир жылдай болду. Бир жолу концерттен кезигип калып, сүйлөшө кеттик. Анан ошол күнү эле менин ичим уйгу-туйгу болуп, өзгөчө сезимге кабылганымды сездим. Ошентип эле экөөбүздүн жылдызыбыз келише түштү. Көп убакыт өтпөй эле Кундузга сунуш киргиздим. Кыз кылыгын кылып бир топ күн ойлонуп, анан ал мага “ооба” деген жообун берди.
– Тойду кайсы күнгө болжодуңар? Узун тизме түзүлүп, чакыруу баракчалары таратылып калса керек...
– Буюрса, 23-октябрда өзүмдүн кичи мекеним Кочкордо 250дөй адамдын башын кошуп той берем. Кундуз экөөбүз жердешпиз. Ошондуктан ага-туугандарды бул жакка чакырып убара кылбайлы деп чечтик.
– Кудалар таанышышкандыр...
– Ооба, жакында эле эки жак келип тойдун ийне-жибине чейин чечип, калыңды да сүйлөшүп коюшту. Буга чейин сүйүүмдү жашырып жүргөнүмдүн да себеби ата-энелердин башын аттап, “мен сүйүп калдым” деп элге жарыялагым келген жок.
– Экөөңөрдүн мүнөзүңөрдө төп келишпестиктер барбы?
– Жокко эсе.
– Ал эми төп келишкен жагыңарчы?
– Мен бир ойду баштасам, Кундуз аны сөзсүз толуктап кетет. Ойлогон оюбуз дайыма бир чыгат. Мына ушундан улам арбалып калдым. Кундуздун мүнөзүнөн мага шайырдыгы жагат. Мен өзүм токтоо болгондуктан, үй-бүлөдө бирөө шайыр болгону эле жакшы да. Досторум менен тааныштырганда да бат эле тил табышып кетти. Чынын айтсам, Кундузга чейин канча кыздар менен сүйлөштүм, бирок "досторум, ата-энем, тааныштарым менен тил табыша алабы?" деген ой келбептир.
– Тойдун чыгашасын толугу менен өзүң көтөрөсүңбү же...
– Өзүм деп көкүрөктү чаба берген деле болбойт го. Тойго туугандарым, досторум салымдарын кошуп жатышат.
– Тойду кичи мекениңде берсең, ал жакта калып калуу деген пландарың жокпу?
– Жок, жумушубузга байланыштуу шаарда эле турабыз. Анан жакшылыкка жакшылык улай ноябрдын 16-17синде концерт берейин деп жатам. Тойго, анан концертке даярданып, бутум үзүлгөнчө чуркап жүрөм.
– Дайыма эле жакшылыктарыңа чуркап тур.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg