Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, полиовирустун жайылуу коркунучу жогору. Бул тууралуу уюмдун Женевадагы башкы кеңсеси билдирди.
Эксперттердин айтымында, быйыл полиомиелит оорусу тез жайылууда. Ушул жылдын 1-январынан 5-октябрына чейн полиовирустун 121 учуру катталды. 2019-жылы бул көрсөткүч 85 учурду түзгөн. Башкача айтканда, 2020-жылы 42 пайыздык өсүш болгон. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2014-жылы өзгөчө кырдаал жарыялагандан берки эң жогорку көрсөткүч. Маалыматка ылайык, оору айрым өлкөлөрдө өтө тездик менен өнүгүп жатат. «COVID-19дун айынан полиомиелитке каршы вакцинанын токтотулушунан улам калк арасында иммунитеттин төмөндөшү байкалды. Пандемия болгон учурда вакциналарды жеткирүүдөгү кыйынчылыктар абалды татаалдаштырууда», - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө. Илдетке кабылгандардын нерв системи жабыркап, шал оорусуна кабылышы мүмкүн.
Жолдубек Качкынбаев