ҮЧ ЖАШАР КЫЗ БАТАРЕЙКА ЖУТУП АЛЫП ЧАРЧАП КАЛДЫ

Австралияда үч жашар кыз батарейка жутуп алып чарчап калды. Дарыгерлер ата-энесине анын жөн гана ууланганын айтышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кыз алгач тамагы ооруп жаткандыгын, кийин көңүлү айланып кускусу келип жатканын айткан. Андан соң күтүлбөгөн жерден мурду канап баштаган. Кыз ооруканага жеткирилгенден кийин, дарыгерлер кыздан вирусту аныктап, ал бир нече күндүн ичинде айыгып кетет деп ишендиришкен. Бирок рентген жасалган эмес. Кийинки күндөрү кыз тамак жей албай калган.

Түнкүсүн энеси кызынын катуу жөтөлүп жатканын угуп, кызынын абалын текшерүүнү чечет. Бирок ал кызын канжалап жаткан абалда көргөн. Тезинен дарыгерлерди чакырганда, алар кыз сааттын батарейкасын жутуп алганын, ал тамакты күйгүзүп кеткенин аныкташкан.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан