ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ АТАКТУУ ТЕАТРЛАР

Театр – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Бул ирет өткөн сандагы театрларга кошумча катары дагы башка атактуу театрлар тууралуу баяндап беребиз.

ГЛОБУС

Дүйнөдөгү эң атактуу театрлардын катарына Шекспирдин театрын кошпосок болбойт. Бул театр “Глобус” деп аталат. Ал театрда өз кезегинде Шекспир өзү роль ойногон. Лондондо жайгашкан театр 1599-жылы курулган. Бирок 1613-жылы өрттүн кесепетинен улам жок болгон. Андан соң кайра курулуп, бирок ал 1642-жылы театрдын имаратын башка максатта пайдалануу үчүн пуритандар тарабынан жабылган. Кийин бул театр түп орду менен жоголгон. 1997-жылы үчүнчү ирет “Шекспирдин театры “Глобус” деген аталыштагы үч кабаттуу театр салынган. Тегерек формадагы театр 1400 көрүүчүнү батырат. Театрдын чатыры жок болгондуктан, кыш мезгилинде иштөөсүн токтотот. Бирок туристтер үчүн эшиги ар дайым ачык.

КАБУКИ-ДЗА. ТОКИО

Биз европалык театрлар менен жакшы таанышпыз. Бирок Чыгышта абал кандай?

Япониянын классикалык сахнасынан бир учурда драма, музыка, бий жана поэзия өнөрүнө күбө болууга болот. Сахнанын жасалгасы жана актёрдун кийими менен бет кабындагы сүрөттөрдүн маанисин чечмелөөгө акыл жетпейт. Театрга кирүү үчүн белгилүү бир даярдык керек. Тагыраак айтканда, япон маданияты менен тааныш болбогон адамдарга пьесаны түшүнүү кыйын болот. Бирок буга карабастан театрга агылган туристтердин саны арбын. Залда 1964 орун бар. Эреже боюнча спектакль маалында бир дагы адам сыртка чыгарылбайт. Билет баасын сом менен эсептей турган болсок, кирүү акысы 8000 сомдон башталат.

СИДНЕЙ ОПЕРА ТЕАТРЫ

Сидней опера театрынын зыяратчылары көп деп айтууга болбойт, бирок ал эң атактуу жана өзгөчө театр болуп саналат. Анткени анын “Ак кеме” сыяктуу дубалдары бүгүнкү заманбап жашоонун кереметине айланды. Театрдын салтанаттуу ачылышы 1973-жылы ханыша Элизавета II нин катышуусунда болгон. Сидней театры сырткы көрүнүшү менен өзгөчө. Ичинен футуризм жана готика агымдарынын элементтери менен айкалышып жасалгаланган. Театрдын жалпы аянты эки гектарды түзөт. Имараттын ичинде миңдеген бөлмө бар, анткени маданият кызматкерлери үчүн жатаканалар даярдалган. Бул театрды жарыктандыруу үчүн бир шаарга тиешелүү электр энергиясы сарпталат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан