– Айгүл. Жаман көрөм ушул атты. Акыркы күндөрү белгилүү саясатчылардын көбүнүн аялдарынын аттары Айгүл деген тамашалар улам көзүмө урунуп, менин жашоомдогу Айгүлдү эстетип жатат. Бул окуяда менин Айгүлүм оң каарман эмес, ал саткын, ал жакын курбусунун сүйгөнүн тартып алып, ага турмушка чыгып алган адам. Эмесе, кеп башынан болсун. Студент болчубуз. Айгүл экөөбүз чогуу жашап, сырдаш, пикирлеш болдук. Чогуу жиндилик кылдык, чогуу ыйлап, чогуу күлдүк.
– Айгүл, ушул жылы Нурлан сени айылга алып кетем десе эмне кыласың?- чалкалап шыпты карап жаткан калыбымда сабак жазып отурган курбума суроо салдым.
– Шашып кайда барам? Окууну бүтүп, 1-2 жыл иштегенден кийин турмуш куруу тууралуу ойлонобуз деп сүйлөшпөдүк беле, Айжу. Мен ошол эле ойдомун. Же сенин оюң өзгөрүп кеттиби? Эмне, Марлен үйлөнөм дейби?
Айжу-уу, сен менден бир нерсени жашырып жатат окшойсуң,- деп мени кытыгылап кирди.
Баса, менин атым Айжамал. Айгүл мени Айжу деп эркелетет.
– Айтпайсыңбы, Айжу. Эмнеге мындай суроо бердиң?
– Жөн эле. Марлен үйлөнөм десе, мен азыр да анын колун кармап кетүүгө даярмын. Жанатан бери ушуну ойлонуп жаттым. Сүйүү деген ушул окшойт.
– Хм-мм. Бүгүн жолугушууда эмне кылдыңар, айтып берчи?
Мен Айгүлгө Марлен экөөбүздүн жолугушууларыбызды баштан аяк айтып берет элем. Марленди канчалык сүйгөнүмдү, ал жигиттин менин жашоомдо канчалык чоң орду бар экенин Айгүлдөн артык билген адам жок болчу.
Бир күнү кызык окуя болду. Айгүл мага эч нерсе айтпай эле батирден чыгып кетиптир. Үйгө келип, анын көчүп кеткенин чогуу жашаган кыздардан уктум.
– Айгүл, эмне болду? Кантип мага айтпай көчүп кеттиң? Бир нерсе болдубу?- деп кабатырланып чалдым.
– Айжамал, мен азыр шашып жатам. Сага анан чалып коём.
Эч нерсе түшүнбөй, Айгүлдүн эжелерине, башка досторуна чалып, жарытарлык жооп ала албай кала бердим.
Көп өтпөй Марлендин мага салкын мамиле жасай баштаганын, алыстай түшкөнүн байкадым. Туура, Марленди алгач өзүм жактыргам, анын көңүлүн бурдуруу үчүн өзүм аракет кылгам. Аныкы жактыруу гана болсо, меники сүйүү болчу. Акыркы күндөрү Марлен ар кайсы шылтоону айтып жолугушууларга келбей калды. Акыры ал да жоголду. Анысын түшүндүрүп деле койгон жок. Күтүп жүрдүм. Кыз башым менен дайыма эле анын артынан чуркай берүү туура эмес эле. Бул жолу намысым жеңди. Артынан барган жокмун, издеген жокмун. Ичимдегини айтып жеңилдеп алуу үчүн Айгүлдү издедим. Аны да тапкан жокмун.
– Айгүл күйөөгө тийиптир, көрдүңөрбү?- бир күнү үйдөгү тынчтыкты чогуу жашаган кыздын үнү бузду.
– Эмне дейсиңер? Кантип? Ким айтты?- ишенбей улам сурадым.
– Ой, мына, Инстаграмга сүрөттөрү жайнап чыгып жатат.
– Кана?
Телефонду карап нес болуп калдым. Сүрөттө үлпөт көйнөкчөн Айгүл, жанында менин Марленим турат. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бир канча мүнөттөн кийин гана түшүндүм. Жакын курбум менен жигитим баш кошуптур. Дем ала албай калганча ыйладым. Депрессия болуп, бир ай үйдө жаттым. Бирок эки жаман адам үчүн өзүмдү өлтүрүү акылсыздык болмок. Бир айдан кийин өзүмө келе баштадым. Бул аракетимде мага жардам берген тайпалашым Элдар болду. Чогуу жүрө берип Элдарга көнүп калдым. Бир күнү үйлөнүү сунушун киргизди эле, көпкө ойлонуп, акыры макул болдум. Азыр Элдарсыз кантип жашамакмын, элестете албайм. Үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болду, 2 баланын ата-энесибиз. Бирок, билесиңерби, мен Марленге болгон сүйүүмдү кыйнап эле көмүп жүрөм. Ал сезим кээде көмүлгөн жеринен чыгып өзүн эстетет, кыйнайт. Бул эки адамдын жашоомдон жок болушу үчүн менин дагы эле көп аракетим керек экен. Кечээ Айгүл сүрөтүмдүн астына комментарий жазып кетиптир. Элестеттиңерби? Бул адамдар таң калтырып бүтпөйт окшойт. Мен аларды унутууга болгон күчүмдү жумшайм деп чечтим. Алгачкы аракетим – Айгүл деген ысымды жаман көрүүнү токтотуу. Чын да, адам жаман болсо, ысымда эмне күнөө?!
Айжамал