КҮЙӨӨ БАЛА КАЙНЕНЕСИН, КОШ БОЙЛУУ АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

22-октябрда Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен ай-күнүнө жеткен кош бойлуу келин күйөөсү тарабынан токмоктолуп каза болгону айтылды. Күбөлөрдүн айтымында, кылмышка шектүү мас абалында аялы менен ка­йненесин союл менен сабаган. Алган жаракатынан улам 29 жаштагы кош бойлуу келин көз жумуп, анын апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Арадан беш күн өткөн соң, тактап айтканда, 27-октябрда ал дагы көз жумду.

БААРЫНА КЫЗГАНЫЧ СЕБЕП БОЛГОН

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы шектүү камакка алынганын кабарлады:

– Шектүүнү колго түшүрүү операциясына Ош жана Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери катышты. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кылмышка шектүү делген 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран 20-октябрда саат 13:00дө Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен аялы менен кайын энесин мыкаачылык менен ур-токмокко алган. Анын алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, мындай оор кылмышка барышына кызганыч себеп болгон. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

“МЕНИ КУТКАРГЫЛА, КҮЙӨӨ БАЛАМ ӨЛТҮРҮП КОЁТ ДЕДИ”

Үрөй учурган окуяга маркумдардын кошунасы Сурое Хурилова күбө болуп калган. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берди:

– Кылмышка шектелип жаткан А.А. аттуу жаран саат күндүзгү 12лер чамасында менин иниме телефон чалып,
“аялым менен кайненемди токмоктоп койгом. Эмне болушту экен, үйгө барып карап койчу” деген экен. Иним барса, эшигинин тепкичи кан болуп калыптыр. Үйдүн ичине кирсе оокат-жайынын баары талкаланган, дубалдары кан. Мамлакат эже (шектүүнүн кайненеси) инимди көрүп, жардам сураптыр. Иним мага чуркап келип, “А.А. кайненеси менен аялын катуу сабап салыптыр, “Тез жардам”, милиция чакырайын, сиз барыңыз” деп калды. Мен алардын үйүнө чуркап жөнөдүм. Үйүнө кирип, оң тараптагы эшикти ачсам Мухое (маркум келин) төшөктө жаткан экен. Алгач ал уктап жатабы же эсин жоготконбу деп түшүнгөн жокмун. Атынан атап чакырсам козголгон жок. Жанына баруудан коркуп, бөлмөдөн чыктым. Апасы Мамлакат эже башка бөлмөдөн чыгып, мени көрүп сүйүнүп кетти. “Мени куткаргыла, күйөө балам мени өлтүрүп коёт, коркуп жатам” деп жалынып жиберди. Көрсө, күйөө баласы аны да көк ала кылып сабаган экен. Коркконунан үч күн бою муздак бөлмөдөн чыкпай, ошол жерге заара ушатып жата бериптир. Аны башка кошунамдыкына алып барып жаткырдым.

Мухоенин абалына тынчсызданып, дагы бир кошунаны чакырдым. Аңгыча “Тез жардам” келди. Үйдө кош бойлуу аял бар деп киргизип жибердим дагы, өзүм Мамлакат эжени алып чыгуу үчүн кошунаныкына кирип кеттим. Эжени алып “Тез жардам” унаасына салдык. Ал кезде кошуна-колоң, домком, милициялар келип чогулуп калышкан. Врачтар чыгып, келинди “каза болуп калыптыр” дешти. Суук кабарды угуп үрөйүбүз учту. Мен “канча убакыт болуптур, баласын сактап калууга мүмкүнбү?” десем, “көз жумганына 3-4 сааттай болгон экен” дешти. “Энесине угузбагыла, абалы ансыз да оор, 2-3 күн өзүнө келсин” дедим. Көрсө, ал “Тез жардам” унаасында баарын угуп жаткан экен.

“ШЕКТҮҮНҮ БИШКЕКТЕН КАРМАШТЫ”

– Апасын ооруканага жөнөткөн соң кылмышка шектелген жаран менен милицияны иним телефону аркылуу байланыштырды. Аны колго түшүрүүнүн амалында “аялыңыздын да, кайненеңиздин да абалы жакшы” деп инимди жалган сүйлөтүштү. Анткени кылмышкерди телефондун сигналы аркылуу табышат экен. Эгер аялы каза болуп калганын айтып койсок, ал изин суутуп жок болмок окшойт. Ошентип шектүүнү Бишкек шаарынан кармашты. Ал эми экспертиза жасоо жана курсагындагы баланы чыгаруу үчүн Мухоенин сөөгүн өлүкканага алып кетишти. Туугандарынан эч кимдин номерин билбейт экенбиз. Машина менен бир тууганынын үйүнө барып, болгон окуяны айтып келдик.

“МЕНИН ЭЧ КИМИМ ЖОК, КӨЧӨДӨ ЧОҢОЙГОН БАЛАМЫН ДЕГЕН”

– Негизинен бул үйдө Мамлакат эже кызы менен жашачу. Жолдошу менен бир уулу мурун эле каза болуп калган. Мухое мурун турмуш куруп, бирок кайра ажырашкан. Ал эми кылмышка шектүү делген А.А. экинчи күйөөсү. Мухое экөөнүн бирге жашагандарына бир жыл боло элек. Күйөө бала бизге келгенде “менин эч кимим жок, көчөдө чоңойгон баламын” деген. Өгөй энеси бар экен. Ал Кара-Сууда турат деп уккам. Бизге “аялым, эки балам бар, бирок банкрот болгондуктан үйдү сатып, аялым менен ажыраштым” дегени бар. Самса жасап, ашпозчу болуп иштеп жүргөн. Кийин “башка жерден жумуш чыгып калды” деп үй-бүлөсүн алып кеткен. Ал жактан кайненеси менен аялына кордук көрсөтө баштаптыр. Бир жолу бети-башын чүмкөп алыптыр болчу, “эмнеге антип алдың?” десем, “бул жер суук” деп койгон. Көрсө, күйөөсү токмоктогон экен. Кийин Мамлакат эженин өзүнөн “күйөө балам сабап жүрөт” дегенди угуп калдым. Дарбазасын бекитип алып, сыртка көп чыгышчу эмес.

“КОШ БОЙЛУУ АЯЛЫН БӨЛМӨСҮНӨН ҮБӨЛҮК МЕНЕН САБАГАН”

– Окуя мындайча башталат, күйөө баласы шейшемби күнү мас болуп келип, экөөнү бир үйгө камап алып сабайт. Мамлакат эженин айтымында, күйөө баласы аны катуу сабап жаткан учурда кызы келип, аны башка бөлмөгө алып кирип кеткен экен. Кош бойлуу аялын бөлмөсүнөн үбөлүк менен сабап, идиш-аякты бүт талкалаптыр. Эртеси шаршембиде түштөн кийин баштыгын алып, үйдөн шашып чыгып кетиптир. Аны көчөдө ойноп жүргөн балдар көрүшүптүр. Иниме “карап койчу” деп эртеси, бейшемби күнү телефон чалып жатпайбы. Ошол үйдөн кеткен күнү телефон чалса, убагында жардам бермек экенбиз. Ал өзү деле билбей телефон чалды да. Мамлакат эже коркконунан үч күн бөлмөдөн чыкпай жатыптыр. “Эмнеге бизге келип кабар берип койгон жоксуз?” десем, “күйөө балам кирип өлтүрүп коёбу деп корктум” дейт. Көрсө, ал күйөө баласынын кеткенин билген эмес экен. Бейшембиде ооруканага түшкөн Мамлакат эже 4 күндөн кийин каза болуп калды. Мен ага чейин ооруканага барып, эженин абалы менен таанышып келгем. Томографиянын жыйынтыгы чыккан экен. Эч жери сынбаганы менен, ички органдары катуу жабыркаптыр.

“КУРСАГЫНДАГЫ БАЛАНЫ АЛЫП, АПАСЫ МЕНЕН ЧОГУУ КӨМДҮК”

Маркум Мамлакат Рахматованын тууганы Санабар Рахимбабаева сиңдиси­нин жандандыруу бөлүмүнө түшүп, ошол жактан каза болгонун айтты:

– Мен үй-бүлөм менен Өзбекстанда турам. Ошто конокто болчумун. Бул окуядан соң мени “Мамлакатты карап жат” деп ооруканага алып барышты. Төрт күн жанында болдум. Рентгенге түшүргөндө сөөктөрү бүтүн экен. Дарыгерлер сиңдимдин ички органдары эзилип калганын айтышты. Алгачкы эки күн укол алып, дарыларын ичип, абалы жакшы эле болчу. Аны менен сүйлөшүп, тамактандырып жаткам. Үчүнчү күнү абалы начарлап, өзүн жоготуп койду. Кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп, төртүнчү күн дегенде каза болду. Үй-бүлөсүндө эмне ызы-чуу болгонун деле билбейм. Алыс болгондуктан көп катташпай калганбыз. Күйөө бала боюнда бар аялы менен кайын энесин союл менен сабаган экен. Эне менен кыздын денесинде соо жери калган эмес. Сиңдим жакында төрөмөк, ай-күнүнө жетип калган. Курсагындагы баласы 3100 грамм экен. Баланы курсагынан алып, экөөнү бир жайга чогуу көмдүк.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Bylykbylyk.9
2020-11-09 09:47:18
Кудай ар бир пендеңе ынсап,ыйман,мээримдүүлүк бере көр! Эч кимдин башына мындай күндү сала көрбө.Эне менен келиндин арты кайырлуу болсун.Кылмыш кылган киши эки дүйнөдө тең оңбосун ылайым.
+10
Jibakana
2020-11-09 17:35:48
Союл деген не?
0
Bylykbylyk.9
2020-11-09 20:10:37
Jibakana,таяк
+3
Datka7777
2020-11-10 17:34:09
Jibakana,уболук, нургуч
+1
Jibakana
2020-11-09 17:36:00
Сою деген не?
-3
Nuuman
2020-11-14 07:52:44
Jibakana,камыр жайган таяк
0
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан