СҮТ ТИШКЕ КУРТ ТҮШСӨ СӨЗСҮЗ ДАРЫЛАТУУ КЕРЕКПИ?

Кайсы жаш курак болбосун, тиштердин саламаттыгы адам үчүн өтө маанилүү. Адистер баланын тишине кам көрүүнү эрте баштоо тууралуу айтып келишкени менен, ата-энелер буга көп көңүл бура беришпейт. Балдардын тиштери боюнча жаралган көйгөйлүү суроолорго балдар стоматологу Айпери­ Максатова жооп берет.



“БРЕКЕТТИ КАНЧА ЖАШТАН БАШТАП КОЙСО ТУУРА?”

– Өспүрүм балдардын тишине брекетти канча жаштан баштап койдуруу керек? Балам 13 жашта, тиштери орсок-терсек болуп калды. Ушул жашында брекет койдурсак болобу? Дегеле баланын тиши кыйшык өсүп калса, канча жашынан баштап түздөтүп баштоо керек?

Нуржамал, Бишкек шаары


– Нуржамал айым, баланын сүт тиштери 13-14 жашында туруктуу тиштер менен алмашат. Адистер дал ушул убакытта түздөтүп баштаса жакшы дешет. Бирок айрым учурда мындан эрте да дарылоону талап кылгандар бар. Тактап айтканда, брекет бир гана тишти түздөөдө эмес, жаак сөөктөрүнүн өсүүсү бузулганда да колдонулат. Астыңкы же үстүнкү жаак өспөй калганда 8-9 жашынан эле түздөө аракетин көрө башташат. Негизи эле ар бир патология индивидуалдуулукту талап кылат. Ошол себептен баланын тиштерин, тиштин кабышуусун адиске 3 жашынан баштап, бир жылда 2 жолу көрсөтүп туруу зарыл.

“АЗУУ СҮТ ТИШКЕ КУРТ ТҮШСӨ ДАРЫЛАТУУ КЕРЕКПИ?”

– Кызым 5 жашта. 2 азуусуна курт түшкөн, бирок оорутпайт деле. Азуу тиштеги куртту дарылатып пломба салдыруу керекпи же түшүшүн күтүү керекпи?

Гүлзада, Ысык-Кѳл облусу



– Сүт азуу тиштер 11-13 жашында гана туруктуу тиштерге алмашат. Кызыңыз 5 жашта болсо, демек, дагы 6-8 жылдан кийин туруктуу азуулар чыгып баштайт. Тишке курт (кариес) түшкөндөн кийин дарылатпай жүрө берсе, кийинки стадиясына 1,5-2 жылда өтөт. Андыктан жаңы курт түшкөн соң кийинки стадияда оорутуп башташы ыктымал. Бардык ооруларды жаңы башталып келе жатканда текшерүүдөн өтүп, эрте дарылоо организм үчүн да, чөнтөк үчүн да жеңил болот. Ошондуктан тиштин оорутушун күтпөстөн, тиш доктурга алып барып тазалатып, дарылатуу керек. Алар туруктуу тиш чыкканча балага дагы 6-7 жыл кызмат кылуусу керек.

“ТИШТЕРИНИН УЧТАРЫ ЖЕШИЛИП КАЛГАН СЫЯКТУУ...”

– Кызымдын тиштеринин учтары кара түстө, анан бирдей текши эмес, желип, жешилип калган сыяктуу. Онго чукул тиши ушундай кара ала болуп кетти. Жакшылап жууп, кам көрсөк деле ушул көрүнүш. Негизи ата-эне баланын тишине канча жаштан баштап кам көрүп баштоосу керек?

Мирбек, Чүй облусу



– Кызыңыздын тиштерин сөзсүз адиске көрсөтүңүз. Бул кандайдыр бир патология же курт түшкөн болушу мүмкүн. Негизинен ата-эне баланын биринчи тиши чыккандан баштап кам көрүүсү зарыл. Эмчектеги бала болсо дагы анын ооз көңдөйүн таза кармоо шарт. Тиштерди атайын сөөмөйгө кийгизип алып сүргөн стоматологиялык резина менен сүртүп туруу керек. Туура тамактандырып, жашылча-жемиштерге басым жасоо оң. Таттууну аз жана туура убакытта, тактап айтканда, күндүн биринчи жарымында бериңиздер. Таза сууну көп ичирип, колдон келсе, 1 жылда 2 жолу тиш доктурга алып барып туруу керек.

“БАЛАМДЫН ТИШТЕРИ ГИПОПЛАЗИЯ ДЕШТИ. БУЛ КОРКУНУЧТУУБУ?”

– Баламдын тиштери ак ала так болуп, бети жылмакай эмес, толкун сыяктуу болуп турат. Тиш дарыгери гипоплазия деген диагноз коюп берди. Ал эмне деген оору? Дарылатыш керекпи же сүт тиши түшкөндөн кийин таза эле тиш чыгабы?

Салима, Бишкек шаары



– Гипоплазия – бул тиштеги эмалдын толук кандуу калыптанбай калышы же тиштин сырткы катмары жок болуп калышы. Бул оору бала курсакта кезинде эненин ден соолугунда жаралган маселелерден, туура эмес тамактануу же зат алмашуунун бузулуусунан улам жаралат. Гипоплазия туруктуу тиштерге зыянын тийгизбеши мүмкүн. Ал үчүн баланын тишинде гипоплазия билингенден тартып керектүү минералдар, витаминдер менен байытып туруу шарт. Гипоплазия билинген бала дарыгерге каттоого алынып, үч ай сайын адистин көзөмөлүнө келип туруусу керек. Антпесе тиштерине курт түшүп, туруктуу тиштери чыкканга чейин бала азап чегет. Тиштеги эмаль кандай калыптанганына жараша стоматолог курамында фтор камтылган тиш жуучу паста, жумшак щётка, Ca, D3 витаминдерин жана тишке кам көрүүнүн жолдорун жазып берет.

“КҮМҮШ НИТРАТЫНЫН ЭРИТМЕСИ ДЕГЕН ЭМНЕ?”

– Баланын тишине күмүш нитратынын эритмеси (серебрение зубов) менен кам көрүүнүн пайдасы барбы? Дегеле күмүш нитратынын эритмеси деген эмне? Толук маалымат бере кетесизби.

Тилек, Бишкек шаары



– Күмүш нитратынын эритмеси же, орусча айтканда, “серебрение” ыкмасы – бул дарылоо курсу эмес, тишти сактоо үчүн колдонулган профилактика болуп саналат. Ал күчтүү антисептик, азыркы учурдагы күчтүү профилактика катары эсептелет. Бул ыкма тиште эч кандай оору же патология жокто деле жасалат. Ал маңдайкы тиштерге гана колдонулат. Тишке жаңы курт түшкөндө кариес кандайдыр бир убакытка топтолуп турат. Ал эми күмүш нитратынын эритмеси ошол курт түшкөн жердеги бактерияларды өлтүрөт. Курт түшчү каналдарды жаап, коргоп турат. Ыкма убактылуу гана колдонулат. Аны 2-3 ай сайын кайталап туруу зарыл. Эгер курт тиштин тереңине түшүп кеткен болсо, бул ыкма жардам бере албай калат. Ошондой эле зыяны жок деп эсептелинет.

“КЫЗЫМ ЖЫГЫЛГАНДА СТОЛГО ТИШИ МЕНЕН ТИЙИП, СҮТ ТИШТЕРИ ТҮШҮП КАЛДЫ”

– Саламатсыздарбы? Менин кызым учурда 4 жашта. Маңдайкы сүт тиштери чыгып жатканда эле кара ала так болуп чыккан, бирок оорутчу эмес. Жакында эле жыгылып кетип, столдун кырына тиши менен тийип, маңдайкы 4 тиши тең түбүнөн түшүп калды. Сүт тиши түшө турган мезгили келе элек болчу. Азыр тиши жок жүрөт. Эми ордуна тиш чыгабы? Сүт тиши эрте түшүп калса эмне болот?

Элнура, Бишкек шаары



– Саламатсызбы, Элнура айым? Алгач кара ала так болуп чыккан сүт тиштери тууралуу түшүндүрүп кетейин. Эгерде баланын организминде кандайдыр бир витаминдер же микро­элементтер жетишсиз болсо, сүт тиш кара ала же сары так менен чыгат. Мындан тышкары бала курсакта кезде эненин ден соолугунда маселе жаралып, антибиотиктерди кабыл алган болсо (айрыкча тетрациклин), бала төрөлгөндөн кийин тиштери кара так менен чыгуусу мүмкүн.

Эми травмадан улам тиштер эрте түшүп калганга келсек, негизинен, маңдайкы сүт тиштер бала 6-7 айлыгында чыгып баштап, кайра 6-7 жашында түшүп, туруктуу тиштерге алмаша баштайт. Травманын айынан сүт тиштери түшүптүр. Бул учурда сөзсүз адиске көрсөтүү зарыл. Себеби катуу урулгандан улам жакында чыга турган туруктуу тиштердин түйүлдүгү жабыр тартып калуусу мүмкүн. Эгерде туруктуу тиштердин тамырларына зыян келбеген болсо, анда ал өз убагында чыгат. Тиштин мөөнөтүнөн эрте түшүп калуусунан улам бир нече зыяндуу факторлор келип чыгат:

1. Тиш түшкөн орунга чайноо үчүн күч келтирилбегендиктен, сөөктүн өсүүсү начарлап кетет. Натыйжада бет сөөгүнүн конфигурациясы бузулушу мүмкүн.

2. Башка сүт тиштер ачык орунга жылышып, туруктуу тиштерге орун бербей коюшу мүмкүн. Натыйжада туруктуу тиш ооз көңдөйүнүн башка жеринен чыгып калышы мүмкүн. Мындан улам тиштердин кабышуусу (прикус) бузулат.

3. Тиштер сүйлөө речинин калыптануусуна да катышат эмеспи. Ошондуктан сүйлөө речи бузулушу мүмкүн.

4. Тамак-ашты чайнап, майдалоо начар жүрүп, кесепети ашказан оорусуна же тамак сиңирүүгө терс таасирин тийгизиши ыктымал.



Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан