ТОЛКУНДАГЫ ТААНЫШ ҮНДӨР

Көшөгө артында

Олег Любимов. Бул ысым сизге жылуу угулуп жатабы? Любимов “Love Radio” радиосунун ди-джейи эле. Учурда биз ал менен сыймыктансак болчудай. Себеби анын үнү Орусияда жаңырып, бүтүндөй КМШ эли угат. Ал Олег Миронов деген ысым менен “Авто радиодо” эмгектенип жүрөт. Ал эми бүгүн биз анын жолун жолдой турган, ашса ашат, бирок кем эмес ар кайсы радиостанциялардын орус тилдүү ди-джейлери менен сиздерди тааныштырабыз.

ГАЛИНА ЦОЙ
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары.
Жашы – 25те.
Иштеген жери – “Русское радионун” ди-джейи.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Жакшы көргөн гүлү – Ромашка, гезитке оролгон ак роза.

– Алгачкы эфириң тууралуу айтып берсең?
– Аябай даярдангам. Уктабай, оозума жаңгак салып сүйлөп машыккам. Жаңылмач айтып дегендей... Анан эфир башталарына 5 мүнөт калганда ичим ооруй баштады. Катуу ооруганынан эфирге чыга албай “Тез жардамды” чакырганбыз. Көрсө, аппендицит болуп калган экем. Ошентип, андан 10 күн өткөндөн кийин анчалык коркпой эле эфирге чыккам.
– Эфир сен үчүн...
– Чоң спектакль. Ал жерде мен башкы ролду аткарам.


АЛИНА БАЖЕНОВА
Чын аты-жөнү – Айжан Кулибаева.
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары.
Жашы – 25те.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү.
Иштеген жери – “Европа+” радиостанциясынын ди-джейи жана программалык редактору.
Сүйүп жана эңсеп жегени – Апасынын палоосу жана каттама.

– Алина, кайсы аткаруучуну сүйүп угасың?
– Земфиранын ыры менен чоңойдум. Аябай жагат. Университетте группалаштарыма да ырдап берип жүрчүмүн. Учурда Алиса Киз, Кристина Агилеранын ырларына ашыкмын. Эфир учурунда микрофонду өчүрүп, кошо ырдап калам.
– Бирөөдөн уккан баалуу кеңеш...
– Аны ата-энем берип келет. “Күчтүү, өз алдынча, жана жеке өзүңдүн эмес, айланаңдагы адамдардын да камын көр” деген. Мүмкүн, бул кеңеш мен үй-бүлөдө улуусу болгонумдан улам айтылса керек. Менден кийин төрт бир тууганым бар. Улуусу катары алардын да камын көрүшүм керек.
–Эмне жөнүндө кыял­данасың?
– Көп нерсени... Бирок сыр кылып бирин айтайынбы? Жолдошума мойтоңдогон сонун балдарды белек кылууну самап жүрөм. Бул ар бир айымдын эле кыялы болсо керек.
– Үнүңө кантип кам көрөсүң?
– Негизи, муздак суусундук ичүүдөн качам. Эфирге аз калганда сагыз чайнабайм, семичке чакпайм, үндү кысып коёт. Үнүм жакшы чыксын деп жылуу чай ичип, катуу ырдап алам. Бул ыкманы бардык эле радио ди-джейлери колдонушса керек.


АЛТЫН КАМЧИЕВ
Туулган жери – Фрунзе шаары.
Жашы – 33тө.
Иштеген жери – Бишкектеги “Love Radio” радиосунун директору, ди-джей.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.
Жеке девизи – Баары “офигенно” болот!

– Эмнени эңсеп жүрөсүз?
– Ой, көп нерсени. Мисалы, азыр машинасыз калдым, тезирээк машиналуу болууну, кытай тилин үйрөнүүнү, чоң балык кармоону, көк чөптүү аянтта жайгашкан үйдү, айга учуп барууну, айтор, эңсеген нерсем чексиз...
– Түз эфирдеги бир “ляп”...
– Анда “Европа+” радиосунда иштечү элем. “Бишкекте 11 саат 40 мүнөт” дейм деп, “Ошто” деп алгам.
– Эгер капыстан радиодон кетсеңиз, эмне иш менен алек болмоксуз?
– Радиодо иштеп, мен көптөгөн тажрыйба жана билим топтодум. Эгер кете турган болсом, жарнамалык роликтерге, фильмдерге үн коштойм. Телепрограммаларды, шоу-кечелерди, мааракелерди алпарууга жөндөмүм бар. Анан да өз колум менен буюм, негизи, иш жасаганды жактырам. Акыркы жолу жыгачтан пол салып, бөлмөгө шкаф жасагам. Негизи, мени, үй-бүлөмдү үнүм багат. Үнүм барда мен жолдо калбайм.
– Үнүңүзгө кантип кам көрөсүз?
– Ишенесиңби, эч кам көрбөйм. Үнүм жоголот деп тамеки тартпашым керек эле, аны да кылбайм. Эфир алдында, негизи эле муздак сууну коркпой ичем. Табият мага ушундай үндү тартуулаганына ыраазымын.


ЭРКИНА АСАНБАЕВА
Туулган жери – Бишкек шаары.
Жашы – Жашыруун.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Иштеген жери – “Европа+” радиостанциясынын ди-джейи.
Сүйүктүү чыгармасы – Томас Манндын “Иосиф жана анын агалары”
китеби.
Жакшы көргөн сөзү – Тагдырдан качып кутулбайсың, эгер качкан болсоң, ал сенин тагдырың эмес.

– Радиого кантип келип калгансың?
– Студент кез. Жайкы эс алууда радионун куттуктоо программасына чыгып ыр заказ кылып, бажырап баарына салам айттым. Кийинки чалганымда алпаруучу “өзүңдү ди-джейликтен сынап көрбөйсүңбү?” деп сунуштаган. Ошентип, учурдагы ордумду ээлеп калгам.
– Кандай адамдарды баалайсың?
– Шайыр, ак ниеттүү, акылдуу, бир ордунда турбай дайым изденген жана өзгөрүүгө, жаңыланууга даяр адамдарды баалайм.
– Биздин окурмандарга жана күйөрмандарга болгон каалооң?
– Ар дайым өзүңөргө ишенгиле, жүрөгүңөрдү тыңдагыла. Ошондо баары "тип-топ" болот!


АНТОН КАСЬЯНОВ
Туулган жери – Магадан шаары (Орусия).
Жашы – 26да
Иштеген жери – “Русская волна” радиосунун ди-джейи.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү.
Тажабай көргөн тасмасы – “Күүгүмдүн” бардык бөлүгү.

– Сага кайсы учур өзгөчө кооптуу?
– Жумушумдагы лифт 9-кабатка көтөрүлүп жатканда тимеле титирейм. Ал эски, анан да коркунучтуу... Жашагың гана келет.
– Көңүлүңдө терең сакталган кыялың?
– Эч нерсе кылбасаң, бирок ошол эле учурда баары болсо...
– Жашооңдогу эсиңде калган окуя?
– Үйлөнүү тоюм. Анан дагы төртүнчү баламдын төрөлгөнү. Кошунамдан (күлүп).
– Кандай кийим жагат?
– Албетте, айымдардын, тамаша. Мен денени кыспаган, бош, эң негизгиси ыңгайлуу кийимди жактырам. Кээде артка кайтып, баягы кийим кийбеген заманга барсак, баш оорубайт, эч кандай маселе жок деп ойлонуп кетем.
– Эмнени оозуңа алып жей албайсың?
– Ой, жанагы сууга кайнатылган сабизди, калемпирди. Анан сүттүн көбүгүн көрсөм, жийиркенем.
– Бош убактыңда эмне кыласың?
– Уктайм, андан убакыт артса китеп окумуш этем, эгер андан да артса, анда сыра ичкени барам.


МАКСИМ ВАВИЛОВ
Туулган жери – Нарын шаары.
Жашы – 24тө.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү.
Иштеген жери – “Хит FM” радиосунун ди-джейи.
Жактырган гүлү – Мамыры.

– Макс, толук бактылуу болуу үчүн сага эмне жетишпейт?
– Үч уулдуу болсом, мына ошондо толук бактылуу боломун.
– Жашооңдогу экстремалдуу жоругуң...
– 1 литр шарапты дем албай закускасыз ичкеним.
– Эфирден тышкаркы эң жакшы көргөн ишиң...
– Сыра жана айымдар (күлүп).
– Девизиң...
– Мен жөнүндө кимдин эмне деп ойлогону мага маанилүү деле эмес, анткени мен алар жөнүндө ойлонбой элемин да.
Эфирде ыр жаңырганда эмне иш менен алек болосуң?
– Башым менен жер казам, тамаша, ыр кандай ырдалып жатканын тыңдайм. СМСтерди окуйм. Негизи, эфирде убакыт тез өтөт, көз ачып жумгандай.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lira
2010-10-02 22:16:54
Galina Tsoydu Karakoldun "LW" radiosunan ele uk4u elem.
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан