ТҮРКИЯДА КАТУУ ЗИЛЗАЛА КАТТАЛДЫ

30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Измирдеги жер силкинүүдөн бир нече имараттар талкаланып, каза болгондордун саны 100дөн ашты. Миңден ашык адам жаракат алды. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде катталганы айтылууда. Зилзаланын кесепетинен улам Сеферихисар аймагында суу ташкыны жүрдү.

Жер силкинүү Стамбул, Бурса өңдүү чоң шаарларда гана эмес, Грециянын Самос аралында да байкалган. Жергиликтүү сейсмологдор анын күчүн 6,9 баллга жетти дешүүдө.

Зилзала болгон түнү 4000ден ашык кызматкер куткаруу ишине тартылды. Жергиликтүү бийлик үй-жайсыз калган измирликтерге акысыз көмөк көрсөттү. Түркиядагы кыргыз элчилигинен билдиргендей, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан