Дубайдагы Пальма Жумейра аралында дүйнөдөгү эң чоң оргума курулду. Маалыматты чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Оргуманын жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзүп, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 105 метрге чейин жетет. Бул “Гиннесстин рекорддор китебине” дүйнөдөгү эң чоң оргума катары катталды. Ал Дубайдагы жалгыз түстүү оргума болуп саналат. Анын ачылышы чоң салтанат, оюн-зоок менен коштолуп, аягында фейерверк атуу
менен жыйынтыкталды.
Кооз инсталляция “Пальмалар оргумасы” деген аталышка ээ болду. Оргума бир күндө беш башка популярдуу классикалык музыканын коштоосунда саат 19:00дөн тарта түн жарымга чейин атылат.
Жолдубек Качкынбаев