МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ

Апалар сүйлөйт

Алыс жолго сапар алсак санаа тарткан, ооруп калсак үстүбүзгө үйрүлүп түшүп, карааныбызга жалынган, албетте, эне. Энелер бар, биз барбыз. Уул-кызынын эл керегине жарап жатканын көргөн апалар бүгүн толкунданып, боор этинен бүткөн балдары жөнүндө мындайча кеп курушат.

Ырчы, аранжировкачы Ильяз Абдыразаковдун
апасы Уулкан, 46 жашта, мугалим:
“БАЛАПАНЫМ...”
– Ильяз Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Атасы уулун Айтматовдун “Мен Тянь-Шань” фильминдеги Ильяздын атынан атаган. Кичинесинде Абдулла дечүбүз. Себеби чоң атасы "Абдулла деген кыйын киши болгон, ошонун атынан атагыла" дечү. Бир күнү атасы экөөбүз сыртта жумуш кылып отурганбыз. Ильяз коляскада болчу. Бир убакта жолдошум “эй” деп барып жыгылып калган Ильязды кармап калды. Эсим чыгып чуркап барсам, баламдын бети кан. Кыйкырып ыйлап жүрөм. Жолдошум “баланын жүрөгүн түшүрдүң, жыгылган жок, колум кызыл краска болчу” деп жатпайбы. Ошентип, жыгылбай эле менин кыйкырыгымдан чочуп кеткен балам бир топко эреркеп ыйлаган. Азыр ошону айтып берсек, Ильяз кытылдап күлүп калат.

“ОКУУЧУМ...”
– Жашоо-шартка байланыштуу Өзбекстандын Мархамад деген айылына барып жашап калдык. Ильяз 5 жашта болчу. Бакчага бердим. Өзбек тилинде тарбиячыны “бакча апа” деп коюшат. Ошол сөздү айталбай ыйлап, бакчага барбай койгон. 5 жашында 1-класстын босогосун аттады. Алиппе майрамында “А” деген тамга мен болом...” деп айткан ыры азыр да кулагымда. Толкунданганымдан ыйлагам. 1 жылдан соң кайра Кыргызстанга келдик. Кичинесинде эле кыздар менен келише алчу эмес. Кыздар “эжеке, балаңыз чачымдан тартты” деп арызданып калышчу. 7-класска чейин бир да “4” деген баа аралашкан жок.

“КИЧИНЕКЕЙ МУЗЫКАНТЫМ...”
– Биздин мектепке жаңы "Ямаха" алып келишкен эле. Мен музыка мугалими болгондуктан, үйгө алып келгем. Анда Ильяз 4-класста окучу. Бир күнү эле келсем бирөө ырдап жатат. Акырын карасам, Ильяз көзүн жумуп алып "Ямахада" ойноп, ырдап отурат. Иниси Нияз аны карап туруптур. Анан мени көрө коюп токтой калышты. “Ырдай бер” десем, анан шадыраңдап Бек Борбиевдин “Чабалекейин” кайра ойноп киргени эсимде. Сурасам “кечирип коюңузчу, мен үйрөнөйүн деп кызыгып...” деп мукактанып калган. Ошентип, "Ямахада" күнүгө бирден ырды ырдайт. Анан айылга тарап, баламды тойлорго чакыра башташты. Буту жерге тийбей, башы "Ямахадан" көрүнбөй ырдап отурганда "чымынын" эне катары эмес, музыканы билген мугалим катары ошондо байкадым. Өзүмчө ойлонот элем, “балам мектепти алтын медаль менен бүтөт го...” деп. Бирок 7-класстан соң окууну таштап, ыр дүйнөсүнө сүңгүп кетти.

“БААРЫ БАЛАМ ҮЧҮН...”
– Айылга Абдумалик Шерматов концерт коюп келди. Ага жолугуп, “баламды эп көрсөң сага кошуп берейин” десем, Ильязды ырдатып көрүп макул болду. Кенедей кезинде аны менен гастролдоп жүрдү. Көрбөгөн кыйынчылыктарды көрдү, бирок ошондо да “мени алып кеткиле” деп арызданган жок. Жакшы өнөр адамдары менен таанышты, таланты ойгонду дегендей. Балам үчүн мектепти таштап, маданият тармагында иштедим. Орусиялап да жүрдүм. Кызым жок болгон үчүн уул балдар өздөрүнчө жашаса кыйналат деп балдарымдын артынан жүрөм. Атасы айылда дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Бирок ар аптада келип көзөмөлдөп турат. Ильязга ырчылык атасынан өткөн. Кубанычбек укмуш тикмечи, анан обондуу ырларды жаратат. Музыкалык аспаптардын бардыгында ойнойт. Атасы “уулум, менин ырларымды да ырдап чыгасың” десе, Ильяз “албетте, ата” деп атасын кубантат.

“ТИЛЕГИМ...”
– Кээде ашыкча сүйлөп жиберсем, “оо, апа, үтүр-чекити жок сүйлөп кирдиңиз” дейт. “Сага кандай кыздар жагат?” десем, “мага аз сүйлөгөн, жоош кыздар жагат” деп жылмаят. Мага койсо, уулумду бүгүн эле үйлөнтүп койгум келет. Үйгө чейин келген күйөрмандары бар. Кээде ата-энелери “уулуңду кызым сүйөт, үйлөнтүп койсок кантет?” деп куда түшүп келишкенде эмне дээримди билбей калам.
Ильяздын “Апакебай”, “Энекем” аттуу ырларын укканда ичимден эзилем. Кулунум бул ырын мага эмес, бүтүндөй энелерге арнаган деп билиңиздер. Ильяздан көп нерсени күтөм. Болочокто улуу обончу болсо деп тилейм.
Улуу муундун өкүлдөрү жаштарды сындай бербей, кеп-кеңешин берип колдосо. Өткөндө бир гезит “Ильяздын “Жаным ай” ыры казакчадан которулган” деп жазыптыр. Ильяз казактардан албай эле, аларга бекер берет. Бир ирет сынамакка “Казакстанга барып казакча ырдабайсыңбы?” десем, “жок, мен Кыргызстанда гана ырдайм” деп кабагын түйдү. Ылайым эле өз мекениңдин кулуну бол дедим.


“Азаттык+” көрсөтүүсүнүн алпаруучусу Жанар Акаевдин
апасы Ырыс, 65 жашта, пенсионер:
“КЕНЖЕТАЙЫМ...”
– Жанар – эң кичүүм. Ага чейин мен тогуз бала төрөгөн үчүнбү, Жанарды бир туугандары көңүл кош кабыл алышкан. Кийин чоңойгондо “сен төрөлгөндө ага-эжелериң сүйүнүшкөн эмес” деп койсом, аларды урушчу. Атасы раматылык достору менен “жууп” жүрүп эле, бир аяш атасы “Фонарбек коёбуз” деп, акыры Жанарбек деген атка токтолушуптур. “Сенин атыңды мас аяш атаң койгон” десем чычалап, бизге нааразы болуп калат.

“ТЕНТЕГИМ...”
– Жанарга “мыйзам” деген жок болчу. Агаларынын чөнтөгүн оодарып, болгон акчасын кагып алып киного кетип, үйгө курсагы ачканда гана баш багат. Акчасы калбай калса, досу экөө кампадагы картошкага кол салышат. Кенедей кезинде эч кимге билдирбей ат минип алып улак тартышка кетип калыптыр. “Таап келгиле” дегиче болбой, үйдүн алдына машине токтоп, эстен танган баламды алып түшүштү. Кудайлап, жүрөгүм оозума тыгылганын айтпа. Көрсө, аттан жыгылып, эс-учунан танып жатып калыптыр. Ошол окуядан кийин улак тартышка барбады.

“БЕРЕКЕМ...”
– 11-класска чейин класском, кийин мектептин президенти болуп шайланыптыр. “Сиз президент Акаевдин апасысыз” деп боорумду эзчү. Балам журналист болгон үчүн мен деле гезиттерди окуп, 65 жашка келсем да баарынан кабардармын. Жанардан “балам, Султан Садыралиев эмне көрүнбөй калды?” деп сурасам, “ой, апа, Султандан бери тааныйсызбы?” деп таң калган.

“ҮМҮТҮМ...”
– Үйлөн деп шаштырганыма бир жыл болду. “Диплом аларым менен үйлөнөм” деген. Диплом алды, бирок келинден кабар жок. “Сен “Азаттык плюска” “үйлөнүп” алган окшойсуң” деп тамашалап калам.


“Миң кыял FM” радиосунун ди-джейи Гүлназ Бакир кызынын апасы
Жамила, 46 жашта, мээрман айым:
“ЖАЛГЫЗ КЫЗЫМ...”
– Гүлназ – экинчи кызым. Эжеси кичинесинде эле чарчап калган. Гүкүм 3 килограмм 900 грамм салмакта төрөлгөн. Караган бир эле кызым бар. Кичинесинен эле өжөр болчу. Тили 1 жашка жетпей эле так чыккан. Көңүлүнө жакпаган кийим алып берип койсом, болду, чаң салчу. Балалыгы Ноокатта өттү. Мектепке барарда кийим жакпай, 3 күндөп кийим издеп базарда жүрчүбүз. Чачын кыркчу эмес. Чачын байлап койсом, кулжуңдап бантикти алып ыргытып жиберер эле.

“ТЫРЫШЧААГЫМ...”
“Кызыңыз начар окуйт” деген сөздү укпадым. Бирок эжекелери “Гүлназ классташтары менен урушат, таарынганда партанын астына качып кирип кетет” деп көп айтышчу. Окууну бүткүчө эле балдар менен тил табыша албай урушуп жүрдү. Бирок мектептегини үйгө ташычу эмес. Мугалимдеринен угуп, анан жемелеп кирер элем.

“САГЫНАРЫМ...”
– Мектепте бир сынак өтүп калды. Андан 15 күн мурун эле Гүлназ операция жасатып чыккан. Анан эле интермедияда “врачтардын акча алганы” деп көрсөтсө болобу. Ий, уялганымды айтпа. Үйгө келип “мен ооруканадан акча таап жатсам, сен эмнеге врачтарды жамандайсың?!” деп урдум. Унчукпай отуруп, кыйладан соң “апа, кечирип коюңуз, мен көргөнүмдү аткардым” деп кутулуп кеткен. Окууну аяктап, шаарга кеткенде сагынып аябай жаман болуп жүрдүм, азыр да сагынып жүрөм.

“ШАЙЫР СЕНИН ҮНҮҢДӨН...”
– Кызыма сыймыктанган учур мектепте окуп жүргөндө болду. Гүкүм мектепте роль ойноп, элдин баарын ыйлаткан эле. Элге кошулуп “кызым чоңоюп калыптыр” деп мен да ыйлагам. Азыр атасы экөөбүз гана эмес, абалары да “биздин Гүлназ сүйлөп жатат” деп радио тыңдап калышат.
Караган-көргөн кызыбыз эле Гүлназ. Отурган жерибизде кызыбызды мактап калышса, атасы ой-да болбой калат. Куда түшүп келгендер көп. “Кызыбыз өзү билет” деп узатып коюудабыз. Чынында, ноокаттык эле жигитке турмушка чыгып, бактылуу болсо деген тилек.


Актёр Азамат Арыковдун апасы
Бурул, 48 жашта, тигүүчү:
“ТУН БАЛАМ...”
– Эң биринчи эне болуу бактысы башкача да. Азамат – тун уулум. Атын жакшы ниетте өзүм койгом. “Эркек балалуу болдум” деп атасынын сүйүнгөнүн сураба. Болпойтуп жакшы бактым. Эми ыйлаганда эле оозуна момпосуй сала койсоң, тып басылып калар эле. 1 жарым жашында Чаектеги чоң энесинин колуна бердим. Ошентип, 7 жашка чейин Жумгалда айылда өстү. Анда биз шаарда турчубуз. Мектепке берейин деп шаарга алып келдим. Айылда өскөн балам шаардан бир топ эле кыйналды. Семичке алып берсем, “мунуң эмне?” деп чакканды билчү эмес. Андан кичүү уулум шаарда өскөндүктөн, каткырып күлүп Азаматты шылдыңдаса, экөө кырылышып эле жатып калышчу.

“СҮРӨТЧҮМ...”
– Мектепте аябай жакшы окучу. Ошондо эле ыр-күлкүгө шыктуу эле. Ар кандай сынактарда алпаруучу боло калып жүргөнүн байкачумун. Атасы уста болгондуктан, Азаматка да өтсө керек. Уулум сүрөттү жакшы тартат. Бизге бактылуу үй-бүлөлөрдүн сүрөтүн тартып көрсөтүп кубандырар эле. Көрсө, ошондо эле бизди, анан өзүнүн жашоосун кагазга чиймелеген белем. 19 жашында үйлөнттүк. 20 жашында бизди ого бетер кубантып, неберелүү кылды. Азыр 4 жарым жаштагы Азман аттуу уулу бар. Азаматтан кийинки уулум үйлөнгөн соң аларды бөлүп койдук. Неберем Азаматтын эле өзү, шириндигин айтпа.

“СЫЙМЫГЫМ...”
– Дегеле балаң чоңоюп өз оокатын өзү кылып калса, ата-энеси үчүн сыймык эмеспи. Бир күнү эле шадыраңдап келди, "тасмага тартылдым" деп. Атасы “ай, балам, койсоң, артист болуп эмне кыласың?” деп койгон. Мүмкүн, ошондон уламбы, унчукпай калган. Кийин эле телевизорду тиктеп отурсак, Азаматым тасмада жүрөт. Тим эле жүрөгүм жарылып кете жаздады. Баламдын талантын байкабай жүргөнүмө аябай өкүндүм. “Аян” тасмасын, анан да балам тартылган тасманы тиктеп калам. Азаматты тасмада сабаган же урушкан кадрларды көрүп, кан-жанымдан бүткөн баламды аяп шолоктоп ыйлаганымды айтпа. Кино экенин билип турсам да, баары бир энемин да, эт-жүрөгүм эзилип кетет.


“Назик” бий тобундагы Айзада менен Аселдин апасы
Ирина, 45 жашта, мугалим:
“КАРААНДАРЫМ...”
– Айзада – эң биринчи көргөн кызым. Атын кайын сиңдим “сиңдилүү болдум” деп сүйүнүп өзү койгон. Айзада басып калганда Аселим жарык дүйнөгө келди. Экөө удаа болгондуктан, кичинесинде, кээде азыр деле уруша кетишет. Кайра жарашып алышат. Экөөнү эгиздей кылып кийинтип алчу элем. Улуусу сары, кичинеси кара тору. Ошондуктан атасы экөөбүз Айзаданы сары кыз, Аселди кара кыз деп эркелетебиз.

“ЭКӨӨ ТЕҢ ӨНӨРЛҮҮ...”
– Мугалим болгондуктан, Бишкектеги өзүм иштеген мектепке бердим. Бала да, Айзада аппак көйнөгүн тез эле капкара кылып “кирдеп калды” деп жүгүрүп келе берчү. Кийин Асел окуп калганда сабактан соң экөө ээрчишип алып кабинетиме келишет. “Апа, курсагыбыз ачып кетти” деп келип, курсагын тойгузуп койсом бири партага, экинчиси диванга жатып уктап калышчу.
Бир күнү кыздарымды жетелеп, бири комуз, экинчиси скрипка көтөрүп алып автобуска түштүк. Киши көптүгүнөн тыгылып, кыздарымдын ийининен музыкалык аспаптар түшүп, аябай кыйналганбыз. Ошентсе деле экөөнү 5-6 жашында “Балажан” аттуу музыкалык мектепке киргизип койдум. Асел скрипкада ойноп калса, орус коңшуларым “кыздарың комуз, скрипка менен даңылдатып бизди уктатпайт” деп арызданышчу. Бир чети алардан уялып, экинчи жагынан өзүм иштен чарчап келгендиктен, аларды мен да урушуп койчу элем.

“МЕНИН ӨЗҮМ...”
– Ар бир баланын мүнөзү ар башкача болот экен. Кыздарым өзүмдү тартышкан. ­Айзада ­– ыйлаак, жумшак, анан ызакор. Асел – өжөр, жемин жедирбейт, бирок көк беттиги бар. Улуусу палоону жакшы көрсө, кичүүсү лагманды жакшы жейт. Экөөнө тең үй жумуштарын үйрөткөнүм менен, жумуш кылдырбайм. "Сабагыңарды окуп, жумуш менен алагды болгула" дейм. Мына, көп жылдан бери сахнада бийлеп жүрүшөт. Бий топтун жетекчиси Назикке ишенип тапшыргам. Өнөрлөрүн тасмада, клиптерде көрсөтө алышты. “Байланыш” тасмасынан кыздарымды көрүп, сүйүнүчтүн көз жашы куюлду. Өзүм студент кезде эрте турмушка чыгып кыйналганым үчүн кыздарым жаш, кийинчерээк турмушка узатам деп турам. Бирок, буюрса, күйөө балалуу кылып, небере жыттатсын деп атасы экөөбүз тилек кылабыз.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АПАҢЫЗ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛДЫҢЫЗ?

Тынай Алыбев,
34 жашта, ырчы:
– Эне үчүн баласынын бактылуу турмуш курушунун өзү – чоң белек. Тайкы бассаң, эненин жүрөгү кансырайт эмеспи. Жеке мен энемди курортторго эс алдырып, каалаганын алып берип, майда-чүйдө кызматтарын кылып келем. Бирок тоону томкорсом да, апамдын сүтүн актай албайм го.

Гүлмира,
28 жашта, студент:
– Эң биринчиден, апамдын айткандарын аткарууга аракет кылам. Менимче, дайыма сый- урмат көрсөтүп туруунун өзү эле энелерге жасаган негизги кызматыбыз болуш керек. Ал эми жашоодо энени сыйлабагандар да көп. Мына ушундайлардын саны аз болсо деп көп ойлоном.

Адилет,
20 жашта, байланыш кызматкери:
– Үйдүн кичүүсү болгондуктан, апама каралашкан баласы менмин. Апама колдон келген кызматымды кылам. Мисалы, жумуштан келгенче үй жыйнап, тамак жасап, кирден өйдө жууп коём. Азырынча апама көрсөтүп жаткан кызматым ушул.

Назгүл,
36 жашта, үй кожойкеси:
– Эч нерсе кыла элекмин. Мен кичинемде көп ооругандыктан, апам далай түйшүк тартыптыр. Ошол кыйналган учурларынын бир күнүн да актай элекмин. Сегиз баланы кыйынчылык менен чоңойтту. Азыр баарыбыз бойго жетип калсак деле, апамдын сарсанаа болгону эле биз.

Бейшеналы,
51 жашта, жолчу:
– Энемди нааразы кылбаганга, көңүлүн оорутпаганга аракеттендим. Кийин жүрөгү оорулуу болуп калды. Ошол учурда карадым. Энем үчүн кылган кызматым ушул эле болду. Эне үчүн келиндүү кылып, небере жыттатуу да чоң белек эмеспи. Мен ушуга жетишкениме сүйүнөм.

Асема,
24 жашта, актриса:
– Менин туура жолдо жүргөнүм бул – энем үчүн кылган чоң кызматым. Эненин жүрөгү дайыма балам деп согот эмеспи. Анан эне эл алдында балдары менен сыймыктана алса, бул – чоң жетишкендик. Мен да энемдин сыймыгына татысам дейм. Ал эми ак сүтүн болсо эки дүйнөдө да актай албайт экенбиз.

Байболот,
42 жашта, ишкер:

– Чынында, эне үчүн бул дүйнөдө эч нерсе кыла албайбыз. Канча жашка чыкпайлы, апалар баласы үчүн кам көрө берет, ал эми биз өз турмушубуз менен алек болуп жүрө беребиз. Анан жоготуп алганда ботодой боздоп ыйлап калабыз. Бирок кеч болуп калат экен.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aminali
2010-10-03 01:00:45
APASIZ JAWOO KIZIKSIZ.
0
MIRDJAMELL
2010-10-03 20:18:25
Бейиш Эне таман алдында!!!
0
PaxaT
2010-10-04 22:07:56
Энени которуп алып Мекеге чейин жоо барсан да ак сутун актай албайт турбайсынбы.Балалык кылып кээде каяша айтканыма мына эми озум эне болуп отуруп аябай окунуп жатам.Бар болгула алтын апалар!
0
deer
2010-10-05 17:05:32
men da apamdi ayabay jakwi korom!!!mektep kezinde an4a min4a konulun oorutup koysom azir okunom!!!turmuwka 4ikkanda gana apamdin kan4alik ozgo4o adam ekenin bildim.e4 ka4an oorubaniz !!!
0
deer
2010-10-05 17:09:31
Ilyazdi menin inime ayabaay okwowturat elem,ki4inekeyindegi surotun korup inimdi korgondoy bolup kaldim.al da uwul jawtarinda kudum Ilyazday bol4u
0
newnew
2010-10-07 16:50:08
туура соз!
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан