(Башы өткөн сандарда)
Бул Айтурган үчүн эң жоопкерчиликтүү күн болчу. Мыкты деген дарыгер жүлүнүнө операция жасамак. Өзү менен кошо учакта апасы, Аяна учуп келди. Келгенде эле дарыгерлер ага басып кетүүгө үмүт аз экенин айтышкан. Ал макул болду. Өмүр бою майыптардын коляскасында калбоо үчүн бир аз пайыз үмүткө тутунуш керек эле. Апасы аны жакшылап жуунтуп, кийинтип, тамагын берди. Адатта бул нерселерди тез-тез эле кылчу эле, бул жолу көпкө жасады. Чачын тарап жатып бир нерсе дегендей болду.
– Эмне дейсиз?
– Мен сага... мени кечир...
– Сиз мени менен коштошуп жатасызбы?- деп Айтурган жылмайды.
– Жок, кызым, коштошпой калайын. Бирок жүрөгүм ордунда эмес. Эмне дээримди өзүм билбей турам.
Айтурган Бактыгүлдүн колдорун кармады. Өзү анын кызы экенин билгенден бери биринчи жолу ушундай тике карады. Апасы көзүн ала качты.
– Сиз менин апа дешимди күтүп жатсаңыз керек, бирок дей албайм. Мени төрөбөсө да чоңойткон, мээримине кандырган, Айтурган кылып тарбиялаган асыл адам бар. Апам бар менин, көзү өтүп кетсе да көкүрөгүмдө тек гана ошол апам калат. Бирок сизди да жүрөгүмдөн чийип коё албайм. Сиз да барсыз. Сизди жакшы көрөм. Мен сизди эбак кечиргем. Жакшы адамсыз, болгону тагдырдын шамалына туруштук бере албай учуп кеткен жалбырактайсыз.
– Мен сенден апа дешиңди күтпөйм, кызым. Билем мен өз күнөөмдү... Жакшы көрөм дегениң эле жетет. Мага ошол жетет.
– Эгерде мага бир нерсе болсо Аянага да аны кечиргенимди айтыңыз. Сөзсүз айтыңыз.
Эне-кыз кучакташып калышты. Ыйлап алышты. Ушу учурда эшикти ачкан Аяна экөөнү көрүп токтоп калды. Же чыгып кете албай, же кире албай турду.
– Даяр баары.
– Азыр.
Көз жашын аарчышкан экөө коридорго чыгышты. Өлүм менен өмүрдүн таймашы. Операция 2 саатка чейин созулду. Операциядан чыккан дарыгер Аяна менен апасына жылмая карады.
– Буюрса, жакшы. Ийгиликтүү жасалды!
Айтурган наркоздон эч ойгоно албай жатты. Искендер аппак кийинип алган экен. Чачынан сылап бир нерселерди айтып жатты. Сөздөрү угулбай жатып араң угулду.
– Сен күчтүүсүң! Сен менин Айтурганымсың.
– Кетпе, мен сенсиз эмне кылам?
– Жашайсың, сен жашашың керек. Апаң, сиңдилериң, уулуң бар.
Айтурган ыйлап жатты. Искендер деп сүйлөп жатты. Ошентип жатып ойгонуп кетти. Наркоздон ойгонгондон кийин дарыгерлердин көбү палатага чогулуп калышты.
Ал бир нерселерди айтып жатты. Аяна которуп берди. Буттарына ийне сайып көрүп Айтургандын реакциясын байкап, баары дуу эте кол чаап жиберишти.
– Эмне болду, эмне деп жатышат?
– Баары жакшы, мындан кийин басат деп жатат.
Аяна жаш аралаш ушинтип жооп берди.
– Чынбы?
– Чын.
Айтурган Аянаны кучактай берди. Биринчи жолу экөө бирин-бири бооруна кыса ыйлап жатышты.
– Рахмат сага!
– Бул биздин жеңишибиз! Экөөбүздүн тең жеңишибиз, эже,- деп шыбырай ыйлап жатты Аяна. Көкүрөгүндөгү оор жүк түшкөндөй сезилди.
ххх
Операциядан жарым жыл өткөндөн кийин Айтурган өз алдынча баса баштады. Өтө көп нерселерди басып өттү. Бүгүн болсо Искендердин уулдарынын футболдук мелдешине чогуу келишти.
– Аяна.
– Ии?
– Рахмат сага. Бардыгы үчүн рахмат. Балдардын турнирине чакырганың үчүн да рахмат.
– Экөө тең сизди жакшы көрөт. Анан кантип чакырбай коёюн. Бир аздан кийин Салима менен апам да келет. Биз эми бир үй-бүлөбүз.
– Ооба, ошол үчүн менин чечимимди биринчи сен угушуңду кааладым. Мен чет өлкөгө кетип жатам. Өзүмдүн кесибим боюнча жумуш табам. Уулумдун жанына барам.
Аяна тиктеп калды.
– Жок, силер үчүн эмес. Мен жаңы турмуш барагын ачкым келет. Мурун эле көп чакырышкан, бирок Искендер Кыргызстандан кеткиси келчү эмес. Эми мени кармай турган эч нерсе жок. Эрболдун жанына барам, мага бул дүйнөдөгү эң керектүү адамым – уулум.
Аяна ойлонуп калды. Искендердин эң чоң сыры да ушу уулу болчу. Бирок аны айтыш керекпи азыр? Жашоосу бир адамга байланган аялга да “ал сенин балаң эмес болчу” деп айтыш туурабы? Ансыз да эмнелерди башынан өткөргөн жок. Демек, бул сыр аны менен кошо кепинге кирет. Эч качан эч убакта бул чындык чыкпайт. Аяна Айтурганга жылуу жылмайды.
– Мен ишенем, Эрбол да сизди күтүп жатат болуш керек.
Ушу учурда апасы, Салима, балдар болуп келип калышты. Жылмайып каткырып бири-бирине мээрим менен караган үй-бүлө бактылуу эле.
ххх
Аэропортко Айтурганды узатканы баары барышты. Бирок Айтургандын көздөрү дагы бирөөнү издей берди.
– Сиз кимди күтүп жатасыз?
– Урмат келмек эле. Ал мени менен коштошмоюнча калмак эмес. Бирок кечигип жатат,- деп саатын карады.
Учакка отура турган учур келип, Айтурган баары менен коштошо баштады. Эмнегедир апасы жашып кетти, аны жүзүнөн өөп алды.
– Мен түбөлүккө кетип жаттым беле? Келем мен. Ыйлабаңыз, андан көрө менин гүлдөрүмө суу куюп, үйүмдү карап туруңуз.
– Эже, тез-тез жазып туруңуз,- деди Салима.
Аяна эч нерсе деген жок, жөн гана кучактай берди. Акыркы убактарда Айтурган экөөндө ичтен түшүнгөн бир нерсе бар болчу. Айтурган да Аянаны бекем кучактады.
– Өзүңдү жакшы кара, тентектер эсиңди оодарып коюшпасын.
Жакындары менен коштошуп, чемоданын алып бурула бергенде алдынан Урмат чыкты. Ал дагы чемоданын сүйрөп алган экен.
– Сен кайда?- деди таң кала.
– Сен бараткан жакка.
– Жинди го бул?
– Ой, кабатыр болбо, мага да сага сунуш түшкөн жумуштан сунуш түштү. Иштегени баратам. Чикагодо экөөбүздөй дарыгерлер аз имиш...
– Урмат?
– Болгону бир учакта барабыз. Колуңду деле кармабайм,- деди ал таарына.
– Аны айткан жокмун, сени ойлоп жатам.
– Айтурган, мен аялым менен ажыраштым. Балдарымдын үй-бүлөсү бар. Жалгыз башым калганча сен кайда болсоң ошол жакта болоюн дедим. Досуң катары, сырдашың катары, сен мага кайсы ролду берсең ошого ыраазымын. Болгону эмки өмүрүмдө сенин жаныңда болгум келет.
Айтурган тагдырга таң берди. Бардыгы бүттү деген убакта баары баштала турган турмуштун сырларына баа берди. Башын чайкай туруп калды.
– Бол эми, учакка кечигебиз.
– Жүрү...
ххх
“Сенден кийин... Мен сенден кийин баары бүттү дегем. Бирок турмушум башынан башталганын билбептирмин. Жек көргөн адамым колдоочу периштем болорун, досум дегеним өмүрлүк жарыма айланарын, жардам бердим деген аял апам болуп чыгарын ойлобоптурмун. Мен сенден кийин жашоону кайра баштан жашадым. Кечиргенди, жек көрүүнү жеңгенди, өмүр үчүн күрөшүүнү, тагдыр менен таймашканды үйрөндүм. Менден башка бир Айтурган жаралды. Сени унуттумбу? Жок! Дагы да болсо мен сеникимин. Болгону көкүрөгүмдүн эч ким үңүлө албаган бир бурчундасың. Хм, Аянабы? Ал да бактылуу. Сенин уулдарың менен бактылуу. Аны бапестеп, жанындай көргөн бир адам бар жанында. Бактысы бар экен, жакшы адамга турмушка чыкты. Болгону көздөрүнө тигилгенимде көкүрөгүнүн эч ким жете албаган, түшүнө албаган тереңине сени сактап алганын байкайм. Мейли, мен эми сени кызганбайм.
Жакында уулум, Урмат болуп Кыргызстанга биротоло кетебиз. Мен сага барам, Искен. Өмүрүм өткөнчө сени унутпайм. А сен ааламдын башка бир жеринде бизди карап турганыңа ишенем. Сен бизди карап дагы кубанасың. Уулуң Алан да так сендей жүрөктөрдү дарылаган дарыгер болууну көксөп жүрөт. Сенин илимий иштериңди улайт деп ишенем. Бизде баары жакшы, а сен тынч укта. Түбөлүк сенин Айтурганың”.
P.S
Коңур күздүн аягында Айтурган “Сенден кийин...” аттуу китебин басууга берди. Бул анын атактуу хирург Искендер Мусабеков үчүн кылган акыркы иши эле.
(Аягы)