АДАМДЫН КӨЗ КАРАШЫН ДАЛ ӨЗҮНДӨЙ ТУУРАГАН РОБОТ ЖАСАЛДЫ

Адамга окшош роботторду жасоодо көздөрүн окшоштуруу көйгөй жаратып келген. “Дисней” компаниясынын инженерлери көзү, сурмасы жана тиши адамдыкына окшошкон робот жасашты. Ал адам жанына келгенде ага реакция кылып, көзүн ирмеп, адамдын реакциясына жараша башын жеңил кыймылдата алат. Мунун баары реалдуу көрүнөт. Бул кыймылдар роботтун көкүрөгүнө орнотулган атайын камера аркылуу ишке ашат. Бирок азырынча бул робот тирүү адамга окшобойт. “Дисней” келечекте бул технологияны оюн-зоок парктарында колдонууну пландап жатат. Муну менен компания мультфильм, фильм-сериалдардын каармандарынын кейпиндеги роботторду түзө алат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан