ДУШКА СУУДАН КУБАТ АЛГАН КОЛОНКА ЖАСАЛДЫ

“Amphere” компаниясынын Shower Power колонкасы душта музыка укканды жактырган, бирок смартфонун душтагы нымдуулукка алып кирүүдөн корккон адамдарга арналган. Колонкага смартфондон Bluetooth аркылуу аралыктан туташып, корпустагы баскычтардын же колонканын кичинекей суу өткөрбөгөн пультун колдонуп музыканы башкарууга болот.

Атайын колонка шланг менен душтун мамычасынын (насадка) ортосуна орнотулган, ал чакан генератордун жардамы менен кубат алат. Зымсыз колонкага гидроэлектр генератору орнотулган. Андан суу агып өткөндө агымдан электр энергиясы иштелип чыгат. Бул режимде 80 сааттан ашык эң жогорку үн менен музыка укса болот. Ал эми суусуз анын кубаты 17 саатка жетет.

Душ колонкасын буюртма менен 59 долларга сатып алса болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Islambekaltynai
2020-11-10 09:24:03
Укмуш! Заман эмне болуп баратат? Аз күндө кранга же эшиктеги кудукка да колонка чыгарышат го
+1
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан