МАНАСЧЫ ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ «ГИННЕССТИН РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ» КИРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛАТ

Төңкөрүш менен эле атыбызды чыгарбай, кыргыз өнөрү менен да дүйнө назарына илинген дурус. Бул максатты көздөгөн манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрь күнү 14 саат манас айтууну көздөп жатат. Манас айтуу эртең менен башталат. Ала-Тоо аянтында өтөт. Аянтта 5 метр бийиктикке атайын темир конструкция куралып, үстүнө айнек боз үй коюл ат. Негизи манасчы баарына көрүнүп, угулуп, ошондой эле айта турган жери жылуу болушу үчүн бардык шарттар каралган. Даярдыктары тууралуу Дөөлөт Сыдыков буларды билдирди.

– 14 саат тынбай айтат деп жазылганынын себеби «Гиннесске» катталуу үчүн белгилүү бир санды көрсөтүү керек экен. Мен «Манастан» үзүндүнү тынымсыз жана эң узак убакыт айтып, «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүүгө аракет кылам. Андыктан бул жерде 14 саат деп так кесе айтуу туура эмес болуп калат го. Балким, андан ашат, балким, ага жетпей калат. Буюрса, Манас, Бакай, Кошой аталарыбыздын касиети жана кыраан кырк чоро аталарыбыз колдосо, андан ашыра айтканга аракет кылабыз. Манас айтуу 12-ноябрда Манас атанын эстелигинин жанында эртең менен башталат. Буга чейин тектеш алтайлык туугандар, монгол улутундагылар болуп биригип кайры (көмөкөй менен ырдоо) ырын бир нече киши 4 жарым саат тынбай ырдашып, «Гиннесстин рекорддор китебине» кириптир. Андан бери эпостор түрүнө кирген ырлар рекордду жаңырта элек экен. Биздин «Манасыбыз» тургандан кийин анын артынан кыргыз элин даңазалап рекорд көрсөтөлү деп турабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан